Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 25 Май, 2011 16:23 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Өзбек оппозициясы стратегиясын талкулоодо
Өзбекстандын оппозициялык ишмерлери Германиянын башкалаасы Берлинде жыйын өткөрүшүүдө. Алардын максаты президент Ислам Каримовду бийликтен кетирүү стратегиясын иштеп чыгуу.

Берлиндеги мейманкада Мухаммад Салих сыяктуу таанымал өзбек өкүлдөрү, журналисттер, активисттер жана Анжияндан келген качкындар чогулушкан.

Ал эми бул жыйындан алыс эмес, Берлиндин чордонундагы дагы бир имаратта Ташкенттик расмий өкулдөр жолугушууларды өткөрүп жатышты.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норов баш болгон делегация Германия менен Өзбекстандын мамилелерин жолго койууну көздөгөн иш сапарын жүгүзүүдө.

Киши укуктарын коргоочулар, айрым немис депутаттары өлкө жетекчилигине кайрылып, Өзбекстандагы адам укуктар абалы оңолгондо гана башка байланыштарды өөчүтү мүмкүн деп шарт койууну талап кылышты.

Владимир Норов жолуккан өкүлдөрдүн бири Германия өкмөтүнүн адам укуктары боюнча комиссары Маркус Лоениң, ал өзбек оппозициясы менен да жолугушту. Би-Би-Си ага кайрылып, Норов менен жолугушууда Өзбекстандагы адам укуктары маселесин айттыңызбы деп сурадык:

Маркус Лоениң:Мен жолугушууну Өзбекстандагы сөз эркиндиги кандай, өлкөдөгү абалды сындап жазган кишилер түрмөдө отурса, деген суроодон баштадым. Балдардын эмгегин колдонуу маселесин көтөрдүк, эмне үчүн Эл аралык Эмгек уюму бул тармакты текшерүу үчүн өлкөго чакыртылбай жатат, деп сурадык. Өзбекстан жөн жерден эле сынга алынып жатабыз, журналисттер эле ойдон чыгарууда дейт, андай болсо эмне үчүн чет элдик журналисттер өлкөгө киргизилбейт, деп сурадык. Ачык болгула, журналисттерди киргизгиле дедик, бирок бул сунуштарга кулак салышкан жок. Союз кыйрагандан бери Өзбекстан чоң кадамдарды жасады.

Би-Би-Си: Норов демейдегидей эле, "мунун бары калп" деген турбайбы? Демек убактыңыз текке кеттиби?

Маркус Лоениң: Эми бул жоктон көро жогору - диалог болбосо да баарлашуу болду. Дээрлик ачык ой бөлуштүк. Ал өзу айтты бетме бет отуруп ачык сүйлөшсөк деп. Бетме бет отуруп ачык сүйлөшсөк, анда сиз да бизди угушуңуз керек дедим. Биз менен тең ата кызматташкыңыз келсе, анда адам укуктары жаатында да бирдей стандартыбыз болсун дедик. Ал бул айткандарды жактырбаганы көрүнүп турду.

Би-Би-Си: Мындай абалда Германиянын өкмөтү өзбектер менен кантип иштешкени турат?

Маркус Лоениң: Экономика жагын алсак, кызматташтык жокко эсе. Дээрлик эч кандай инвестиция же соода деле жок. Германиялык-өзбек соода жана коммерция палатасы бар болчу. Ал жабылганга көп жыл болду. Анткени өзбектер инвестицияга бадан көп тоскоол кылышты, өлкөгө акча которуу жана чыгаруу абдан татаал. Кызмат өтөгөн кишилерге акысы төлөнбөй калат, айтор көп жагынан териштирүулөр болуп келди. Учурда Өзбекстан инвестициялар үчүн эң эле татаал, ылайыксыз өлкө. Ал эми Термездеги аскер базасы Германияны туңгуюкка кептеди. Учурдагы өкмөт мурунку өкмөт кабыл алган макулдашууну аткарууда. Укуктарга байланыштуу жаныгыдай шарттар болгону менен Афганистанда биздин аскерлер, уюмдар бар эмеспи.

Германиянын адам укуктары боюнча комиссары Маркус Лоениң, ошону менен бирге, өзбек оппозициясы менен жолугушуусуна да токтотуп, Өзбекстан дүйнөдөгу эң репрессиячыл өлкөлөрдүн бири деген пикирим ырасталды, дейт.

Өзбек оппозициясынын күчү канча экенин айта албайм, бирок алардын адам укуктары тууралуу билдирүүсүн барыбыз түшүндүк жана кабыл алдык, деди германиялык өкүл.

СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат