Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 26 Май, 2011 12:40 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Июнь окуясы боюнча сот иштер уланууда

Ош
Ош
Кыргызстандын Жогорку соту былтыркы июнь коогалаңына байланышкан дагы бир сот ишин карады.

Коогалаңдар учурунда баш-аламандыктарды уюштурган деп айыпталган бир кишинин үстүнөн жүргөн соттук териштирүүдө Жогорку сот бул ишти кайра райондук соттун кароосуна жиберди.

Буга чейин райондук жана облустук сот айыпталган кишиге баш-аламандыктарды уюштурууга аралашкан деп айып тагып, 8 жылга эркинен ажыраткан эле.

Бирок, жабырлануучулар бул окуяда киши өлүмдөрү да катталаганын айтып, окуяга катыштыгы бар башка кишилерди да жоопко тартууну өтүнүүдө.

Жабырлануучулардын арасында июнь коогалаңы учурунда каза тапкан чек ара офицеринин жесири да бар.

Жогорку сот былтыркы Оштогу коогалаңдарга байланышкан дагы бир ишти карап, райондук соттун кароосуна кайра жиберди.

Баш-аламандыктарга активдүү аралашкан деп айыпталган бир киши буга чейин Кара-Суу райондук жана Ош облустук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган эле.

Сотто жабырлануучу катары катышып жаткан Элвира Маратова, жолдошу чек ара кызматынын офицери Канат Абдылдаев коогалаң учурунда каза тапканын айтып берүүдө.

Бирок, соттук териштирүүлөр азырынча бир гана уюштуруучу катары айыпталган кишинин тегерегинде жүрүүдө, ок аткандар, окуяга катышы барлар алигүнчө сот жообуна тартыла элек-деди Элвира.

Уюштуруучу катары айыпталып жаткан киши коогалаң учурунда көчөлөрдү баррикадаланып алгандар арасында болуп, атайын буйруктарды берип турган деп айтылып жатат.

Каза тапкан чек ара кызматынын офицерине дал ушул баррикадаланган топтон ок атылган.

Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара Аскерлеринин жетекчи орун басары Чолпонбек Турусбеков былтыркы июндагы окуялар учурунда чек арачы офицерлер атайын жүктөрдү күзөтүп барып, кайра артына келаткан учурда ок атуулар болгонун айтып берди.

Бул окуя боюнча бир нече киши айыпталган экен. Бирок соттук териштирүү азырынча бир кишинин үстүнөн жүрүүдө.

Эми Карасуу райондук сот бул ишти кайрадан териштирүүгө алат.

Былтыркы кандуу окуялар боюнча бир нече сот иши Жогорку Сотко чейин жетти, буга чейин Жогорку Сот Наримандагы райондук милиция жетекчиси жана анын айдоочусунун өлүмүнө байланыштуу ишти карап сот өкүмүн күчүндө калтырган.

Жакында эле Санпа окуясы боюнча да Жогорку Сот чечим чыгарган эле.

СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат