|
"Санпа" ишин Жогорку Сот карайт | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргызстандын Жогорку соту былтыркы июнь коогалаңдары учурундагы Жалал-Абаддын «Санпа» заводунун жанындагы массалык адам өлтүрүүлөр боюнча ишти кароосу күтүлүүдө. «Санпада» 16 каза таап, эки киши дайынсыз жоголгон. Ондогон кишилер оор жаракат алып, алды майып болуп калган. Буга чейин райондук жана облустук сот бул окуя боюнча 19 адамды күнөлүү деп таап, 17син өмүр боюу эркинен ажыратып, эки кишиге 25 жылдан жаза берген эле. Мындай айыптоолорго нааразы болгон жактоочулар доо арыз менен Жогорку сотко кайрылышкан. Жалал-Абаддагы былтыркы жай айындагы коогалаңдар учурунда болгон «Санпа» пахта тазалоочу заводунун жанындагы массалык адам өлтүрүүлөр боюнча сот иши Жогорку Сотко келип жетти. Соттук териштирүүнүн так күнү азырынча айтыла элек. Бул окуя үрөй учураарлык мыкаачылыгы менен коомчулукту көңүлүн бурган. Буга чейинки райондогу жана облустагы соттук териштирүүлөр бир нече күнгө созулган эле. Соттун жүрүшүндө 90 дон ашуун адам күбө катары көрсөтмө берип, катуу сабалып аман калган ондон ашуун адам айыпталып жаткандардын көпчүлүгүн сот залында таанып, окуяга катышканын далилдешкен. Барымтага алынган бир адам сотто көрсөтмө берген. Ал топтошкон адамдар аны алып барышып, сабап, окуяларды айрым өлкөнүн саясатчылары уюштурган деп айттырып, аны видео камерага тартып алышканын айткан. Кийин ал тасма чет элдик интернет сайттарынын бирине жайгаштырылганы тастыкталган. Дайынсыз жоголгондордун бирөөсү дале табыла элек. Айыпталгандарга массалык адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал жана жардыргыч заттарды алып жүрүү, улуттар аралык касташууга жик салган, массалык баш аламандыктарды уюштурган, адамдарды барымтага алган деген бир нече айыптар коюлган. Соттун өкүмүнө айыпталгандардын адвокаттары макул эместигин билдиришип, сот айыпталуучулардын күнөөсүн далилдей алган жок деп айтып чыгышкан. Ошол эле учурда жабырлануучулар окуяга катышы бар башка адамдарды да алып келип жазага тартуу талабын билдиришкен эле. «Санпа» окуясынын күбөөлөрүнүн айтымында былтыркы июнь айындагы коогалаңдар учурунда Бишкек-Ош авто жолунун боюндагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанына 300-400 чамалуу адамдар топтошуп, ары-бери өткөн автоунааларды аткылап, кулаган унаалардан кишилерди сүйрөп түшүп мыкаачылык көрсөтүшкөн. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||