Коронавирустун масштабы: жоготуулардын чыныгы саны канча?

Шейшембиге карата Италияда Covid-19 вирусун жуктургандар саны жүз миңден ашты. Расмий маалыматтарда көз жумгандар саны 11,5 миңден ашуун деп көрсөтүлгөн.

Бирок каза тапкандардын так санын эсептөөгө мүмкүнчүлүк жок. Кээ бирөөлөр расмий маалыматтарда атайын үч-төрт эсе аз көрсөтүлгөнүн айтууда. Алардын жүйөсүндө эч кандай тесттен өтпөй эле үйүндө каза болуп калгандар дагы бар. Ошол эле маалда айрымдар жоготуулардын саны, тескерисинче, ашыкча берилген дейт. Анткени, Covid-19 вирусуна шектелип келип, ооруканада каза тапкандар дал ушул коронавирустан өлүп жатабы же башка өнөкөт илдетиненби?

Статистика жана реалдуулук

Италиянын Нембро шаарчасы Covid-19 вирусунан эң көп жабыркаган аймактардын бири. Шаарча Миландын түндүк-чыгышында жайгашып, 60 чакырым аралыкта. Жалпысы болуп 11,5 миң киши жашайт. Өткөн аптанын соңунда берилген расмий маалымат боюнча коронавирустан 31 киши көз жумган.

Шаардын мэри Клаудио Канчеллинин айтымында, жыл сайын эле январдан мартка чейинки аралыкта ар кандай себеп менен 35-40 киши көз жумат.

Бирок бул жылы үч айдын ичинде шаардын мэриясы өлгөндүгү тууралуу тастыктаманы 158 кишиге берди. Бул соңку жылдарга салыштырганда бир нече эсеге көп. Өткөн жыл ичинде Нембродо 120 тургун көз жумган.

Мындай статистикага айраң таң калган Клаудио Канчелли коңшулаш шаарлардын мэриясынан дагы абал боюнча сураган. Алар берген жыйынтыктар дагы көңүл түшүрөт.

Чернуско-суль-Навильо (33 миң калкы бар) жана Пезаро (95 миң) шаарларындагы январдан мартка чейинки аралыкта көз жумгандар саны коронавирустан каза тапкандардын расмий санынан беш-алты эсе көп.

Провинциянын борбору саналган Бергамодогу (122 миң киши жашайт) абал мындан жакышыраак. 1-марттан 24-мартка чейин бул жерде 446 тургун көз жумган. Бул соңку беш жылга салыштырганда 4,5 эсе көп. Ушул аралыкта коронавирустан өлгөндөр саны расмий эсепте - 136.

Жоготуулар

Сандардагы мындай айырмачылыкты бир гана бейтаптарды тестирлөө жетишсиз болгондугу менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Кандай гана масштабдуу эпидемия болбосун түз жана кыйыр түрдө өлүмгө алып келери айдан ачык эмеспи.

Саламаттыкты сактоо тармагына барган сайын күч келип жатат. Бейтаптардын көптүгүнөн улам, такыр эле колу байланып калышы мүмкүн.

Италиялык ооруканалардагы реанимациядагы орунду күтүүнүн орточо убактысы үч саатка чейин болууда. Бул аралыкта оор абалдагы бейтап кайгылуу статистиканы толуктап калышы мүмкүн. Ошол эле маалда анын вирустан өлдүбү же бактериалык пневмонияданбы, бөйрөгүндөгү таштанбы, балким жүрөгү кармады, мунусу маанилүү болбой калат.

Италияда Covid-19 башталгандан бери оорукана кызматкерлери арасындагы жоготуу 40 кишиге жетти. Жалпысы болуп 5 миңдей медицина кызматкерине Covid-19 диагнозу коюлган. Алардын баары карантинде жатууга аргасыз болду же өздөрү бейтапка айланды.

Италияда кары-картаңдардын саны көп. Дээрлик өлкө жарандарынын ар бир төртүнчүсү 65 жаштан өйдө.

Мындай шартта коронавирус кыйыр жана түз канча кишинин өмүрүн алды деген суроо жаралат.

Буга жоопту жакында билебиз. Италиядагы эң ири аналитикалык In.Twig агенттиги Бергамо провинциясынын бардык 243 муниципалитетиндеги маалыматтарды жыйнап, иликтей баштады. Беш жылдык маалыматтарды топтоп, аны салыштырып көрүп, өлкөдөгү гуманитардык катастрофанын реалдуу масштабына баа берет. (AbA)