Улгайса дагы унаа башкарганды жактырган королдук үй-бүлө мүчөлөрү

Өткөн аптада ханыша Елизаветанын жолдошу Эдинбург герцогу жол кырсыгына кабылды. Бактыга жараша анын ден соолугуна эч кандай зыян келбегени кабарланды.

Елизавета II

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета II улгайган жашына карабастан азырга чейин унааны өзү айдаган учурлары болот

Бирок Эдинбург герцогунун 97 жаш курагында өзү унаа башкарып баратканы көптөргө кызык болуп жатат. Мындай улгайган курагында ким унаа башкарат? Эмне үчүн унааны өзү башкарып бараткан? Суроо жөндүү, анткени королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн айдоочулары бар эмеспи.

Көрсө, маселе башкада экен. Виндзор ак сарайындагы королдук бүлөнүн маанилүү мүчөлөрү өзү унаа башкара алса, демек, бул анын бакубат жашоосунан кабар берет.

Эгерде королдук үй-бүлөгө жакын кишилердин айткандарына ишенсек, Эдинбург герцогу ханзада Филипп ылдамдыкты жакшы көрөт.

Ханзада Филип унаа айдаганды жакшы көрөт. Эки жыл мурун Барак Обаманы жубайы менен жана королеваны Виндзор паркы аркылуу унаасы менен алып жүргөн

Сүрөттүн булагы, GEOFF PUGH

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханзада Филипп унаа айдаганды жакшы көрөт. Эки жыл мурун Барак Обаманы жубайы менен жана королеваны Виндзор паркы аркылуу унаасы менен алып жүргөн
Принг Филипп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгерде королдук үй-бүлөгө жакын кишилердин айткандарына ишенсек, Эдинбург герцогу ханзада Филипп ылдамдыкты жакшы көрөт

Анын биографы жана досу Жайлз Брендрет Би-би-сиге берген маегинде, ханзада мыкты айдоочу экенин, бирок катуу ылдамдыкты жактырарын айтып берди.

Айдоочулук күбөлүгү жок

Королева Елизавета II Бириккен королдуктагы айдоочулук күбөлүгү жок, бирок унаа айдаганга уруксат берилген жалгыз айдоочу.

Мындан тышкары The Long Walk деп аталган Виндзор ак сарайына алып барган адырлуу талаадан өткөн төрт чакырым жолдо жүрүүгө уруксат берилген жападан жалгыз киши.

Королева унаа айдаганды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үйрөнгөн

Сүрөттүн булагы, Bob Haswell

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева унаа айдаганды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үйрөнгөн

Ал унаа айдаганды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үйрөнгөн. Ошондон бери өзүнүн ишенимдүү Range Rover унаасын кез-кезде айдап жүрөт. Албетте, расмий иш чараларга өзү эч качан унаа айдап келбейт.

Королдук үй-бүлө мүчөлөрүн каалаган жагына жеткире турган айдоочулары бар. Бирок ошого карабастан алар мүмкүнчүлүк болгондо эле унаага өздөрү олтурганды жактырышат. Өткөн жылдын ноябрында ханзада Чарльз 70 жылдык мааракесин белгилегенде, анын эки уулу тең унаасына жубайларын салып алып өздөрү башкарып келди.

Интервьюларынын биринде ханзада Гарринин расмий биографы Дункан Ларкомб: "Алар кадимкидей эле башкалар сыяктуу жашоого умтулушат. Унааны өзү башкарып, эркин болгону өздөрү үчүн өтө жагымдуу",-деп айткан.

Прринц Уильям за рулем

Сүрөттүн булагы, Max Mumby/Indigo

Бирок "кадимкидей эле жашоо" унааны арткы орундугуна көз жүгүрткөн менен эле бүтөт. Арткы орундукта коопсуздук кызматынын офицери олтурганын көрөсүң. Мындай учурда дагы аларды көзөмөлсүз калтырышпайт.

Ал эми королдук лимузинди куралдуу күзөтчүлөрдүн эки-үч унаасы коштоп алат.

Эрежеге ылайык

Королдук этикет боюнча эксперт Уильям Хенсондун айтымында, королдук үй-бүлө мүчөлөрүнун унааны өзү башкарып баруусу - иш-чаранынын мүнөзүнө байланыштуу.

Королева в машине

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмий жолгушууларга милдеттүү түрдө айдоочу жеткирип барышы шарт
Королева

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ...расмий жолугушуу болбосо, ушунтип барса деле болот

Расмий жолгушууларга, королдук кабыл алууларга милдеттүү түрдө айдоочу жеткирип барышы шарт. Эгерде жеке кечелер, иш-чаралар болсо, өзү унааны башкарып барса болот. Ошондо дагы күзөтчү болушу керек. Буга кабыл алынган эрежелер милдеттендирет. (AbA)