Айкынов: чек ара менен бирге эле суу пайдалануу эрежелерин чечүүбүз керек

Ушул аптанын соңунда Кыргызстандын коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында чек ара коопсуздугу маселеси талкууланат деп күтүлүп жатат. Маселе жабык эшик артында каралмакчы.
Ал ортодо серепчилер Баткен аймагында транс чек аралык сууларды бөлүштүрүү, пайдалануу эрежелери союз учурундагы абалда калгандыктан жыл сайын бул маселенин чыңалып келатканына көңүл бурууда. “Бул маселе чечилбесе чек ара чатактарынын негизиги себеби болуп кала бериши мүмкүн”,-деди Баткендин мурдагы акими, жергиликтүү талдоочу Хаит Айкынов кабарчыбыз Айбек Абдылдаев менен болгон маегинде.
Хаит Айкынов : Баткен аймагында төрт-беш дарыя коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланылган таранс чек аралык суулар эсептелет. Чыгып жүргөн чыр-чатактардын бир себеби суу пайдалануу эрежелери союз учурунда орнотулуп, ошол бойдон келаткандыгы. Ал учурда ар бир республика бир башкаруунун алдында болгондуктан өз алдынча проблема чыгарганга батынган эмес. Эгемен өлкө болгондон бери ошол маселелер айтыла баштады. Бир учур болуп калып ПРООНдун Исфара бассейниндеги суу рессурстарын пайдалануу боюнча конференцияга катышып калдым. Ал жерде союз учурундагы суу бөлүштүрүү эрежелери ушул күнгө чейин сакталып жүргөнү айтылды. Ошол долбоордун алкагында жаңы эрежелерди сунуштап жаткан экен. Бирок тилекке каршы мамлекеттик деңгээлде чечилбей келүүдө. Менимче бул эреже өзгөрүш керек. Себеби абал өзгөрдү, айыл чарба багытындагы жердин структурасы, аянты өзгөрдү. Бул жагдайлар сөзсүз эске алынышы керек. Биз болсо кайсыл жерде чек ара чатагы чыкса ошону гана чечүүгө аракет кылып келе жатабыз.
Айбек Абдылдаев: Буга чейин суу бөлүштүрүү эрежелерин жаңылоо, кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлдү беле?
Хаит Айкынов: Долбоорлор иштелип чыккан. Менин маалыматым боюнча ошол эки жыл мурун иштелип чыккан долбоорду тажик-кыргыз тарап тең жактырып кабыл ала элек деп уккамын. Демек өзгөрүүсүз эле калды. Менин пикиримде муну мамлекеттик деңгээлде мүмкүн болушунча тез чечүү зарыл. Чек ара менен кошо суу пайдалануу эрежелери да бирге чечилүүсү керек. Албетте чек ара такталып бүткөн күндө деле суу пайдалануу эрежесин баарына ыңгайлуу кылып чечип албаса чыр-чатактардын себеби болуп кала берет. Союз учурунда канча сугат жериң болсо ошого карап бөлүштүргөн. Маселен, Баткен районунун 10 миң гектар сугат жери болсо, коңшулаш Тажикстандын Исфара аймагында 100 миң сугат жер болушу мүмкүн эле. Суу ошого карап бөлүнгөн. Азыр эми бул талаптар өзгөрдү. Көпчүлүк кыргыз айылдары суу биздин аймак аркылуу өтүп жатса эмнеге биз аз суу алышыбыз керек деп эсептейт. Биз эки тарапка тең ыңгайлуу эрежени табышыбыз керек.
Айбек Абдылдаев: Суунун башаты Кыргызстан болгону менен Баткендин көп аймактарында таза суу, сугат суусу чоң көйгөй бойдон калып келатат. Маселен, Баткен шаарынын өзүндө деле таза маселеси курч да. Бул көгөйдүн башаты ошол суу бөлүштүрүү маселесинде эмеспи?
Хаит Айкынов: Учурунда Баткен облусу борбордон алыс болгондуктан социалдык маселердин көбү көңүл сыртында калып чечилбей келген. Таза суу долбоорлору бир топ жерде ишке ашырылды. Бул эми каражат болсо эле ишке ашырыла турган маселе. Сиз айткандай арыктан суу ичкен айылдар да бар. Соңку жылдары аймак энергетикалык жактан толук көз карандысыз жана унаа жолдору боюнча да көз карандысыз болуп калды. Бул маселелер чечилди. Эми суу пайдалануу эрежелерин дагы чечүү керек. Ошондо сиз айтып жаткан көйгөйлөрдөн да акырындап арыла баштайбыз.








