Кыргыз калпагын Гиннес китебине киргизүү аракети

Кыргызстанда узундугу үч метрди түзгөн эң чоң калпак даярдалууда. Демилгечилердин айтымында, бул калпакты Гиннестин китебине киргизүү максаты коюлуп жатат. Андан сырткары студенттер бүгүндөн баштап окуу жайына ак калпакчан келишмекчи.
Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттик кеңешинин жетекчиси Адилет Кубанычбеков менен 3-курстун студенти Солтобек окуу жайларындагы калпак күнүн утурлай уюшулган өнөктүктөр тууралуу Би-Би-Сиге маек курушту.
Солтобек Эркин: Университетибизде 29-февралдан 5-мартка чейин эркектердин калпак кийүү акциясы башталды. Бул позитивдик маанай жаратууда. Андан сырткары жакынкы күндөрү кызыктуу флешмобдор да уюштурулмакчы. Мунун баары жыл сайын 5-мартта белгиленчү калпак күнүнүн урматына арналууда. Айта кетчү дагы бир маанилүү окуя, буюрса биз университетибизде эң чоң делген калпакты даярдап жатабыз.

Сүрөттүн булагы, b
Би-Би-Си: Студенттердин колунан даярдалып жаткан чоң калпактын өзгөчөлүгү тууралуу да айта кетсеңиз...
Адилет Кубанычбеков: Жалпылап айтканда, бийиктиги 3 метр, ак кийизден жасалып, оймолору кара түстө. Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил, ак калпак көрсөң кыргыз деп бил деп коет эмеспи, биз даярдап жаткан калпак ошол сүйлөм тизмектерин даңазалайт. Жаштар өзүбүз демилге көтөрүп жасап жатканыбыз, сөзсүз кийинки муундагы студенттерге да сабак болот деп эсептейм. Ошондой эле улуттук баалуулуктарыбызды сактоо да негизги максаттардын бири. Чоң калпакты жасап эле тим болбостон, аны туристтик жайларыбызга койдургубуз келет, мисалы Тарых музейине.
Би-Би-Си: Буга чейин да Ош жергесинде чоң калпак жасалып, элдин көңүлүн бурган эле. Силер айтып жаткан ак калпак эмнеси менен айырмаланып Гиннестин китебине кириши мүмкүн?
Солтобек Эркин: Менин оюмча, максатты бийигирээк коюш зарыл. Буга чейин Гиннес рекорддоруна кирүү аракети көрүлбөсө керек. Биз кантип кирүүнүн жолдорун билип, маалымат топтоп жатабыз. Ага кирбей калган күндө да, Орто Азиядагы эң чоң баш кийим катары таанылса дейбиз.
Би-Би-Си: Жакында эле парламенттин депутаты калпак күнүн утурлай, Кытайдан келген кыйма-чийме калпак эмес, кийизден жасалган калпакка көңүл бурууга үндөп чыкты эле. Ал эми силер улуттук баш кийимдин өңүнө, сапатына, анда камтылган оймолордун маанисине көңүл буруп киесиңерби?
Адилет Кубанычбеков: Чынында азыркы учурда Кытайдан жасалган калпактар көбөйгөн, арзан болгондуктан, жакшы сатылышы мүмкүн. Бирок сапаты боюнча биздеги кийизден жасалган калпактарга жетпейт. Менин оюмча, кандай калпак болсо да кийип жүргөндүн өзү сыйлоо.
Солтобек Эркин: Калпактын 80 түрү бар деп коюшат. Андыктан ар бир адам өз ыңгайына жараша киет. (SA)












