Жеңилдетилген ипотека быйыл берилип бүтөт

Сүрөттүн булагы, pa

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Бишкектик журналист

Мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык кредит жакынкы күндөрү бериле баштайт жана жыл соңуна чейин таратылып бүтүшү мүмкүн. Азыр анын укуктук нормативдери коомдук талкууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайым орун басары Усенакун уулу Нуржигит Би-Би-Сиге маалымат берди.

Би-Би-Си: Бюджеттен айлык алган кызматкерлерге берилчү ипотекалык кредитти таратчу банктар кечээ анык болду. Ушу тапта кредитти кимдер алат деген суроону такташ үчүн критерийлерди белгилөө боюнча коомдук талкуу жүрүп жатат. Ал 11-февралда бүтсө, кредитти таратып берүү башталат. Башкача айтканда, ведомстволор аралык комиссия колдогон алармандардын тизмеси банктарга жөнөтүлгөн болот. Ал эми турак-жай үчүн кредит алам деген ар бир адам банкка кайрылат дагы, банк аларды изилдеп чыгып, насыя берүү же бербөөнү чечет. Кардардын документтерин банк болжол менен он беш күн карайт. Бул мамлекеттик программанын алкагында мугалимдерге, медицина кызматкерлерине жана социалдык кызматтагыларга насыя берилет. Банкка кайрылуу учурунда кредитти алууга кепилдик бере турган бир кишиси болуш керек, кредитти төлөө мезгилинде кардардын жашы 65тен ашпай турган, 21 жаштан улуу болушу зарыл. Мамлекеттик тармакта кеминде үч жыл иштеши кажет. Ипотекага күрөө болуп алып жаткан үй эсептелет.

Усенакун уулу Нуржигит: “Арзан турак-жай” программасынын катышуучуларын тандоо шарттары жана тартиби жөнүндө убактылуу жобонун долбоору иштелип чыкты. Ага тиркеме катары катышуучуларды тандоо критерийлери, ипотекалык кредиттин шарттары, турак-жайдын стандарттарынын долбоору өкмөттүн, экономика министрлигинин жана биздин компаниянын сайтында турат. Бул коомдук талкуу жүрүп жатат дегенди билдирет.

Жер-жерлерде түзүлгөн тизмелердин негизинде өнөктөш делген банктар аркылуу болжолдуу 12-февралдан тарта же андан кийинчерээк акча берилип баштайт. Ведомстволор арасындагы комиссия түзүлдү. Анын төрайымы вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева, мүчөлөрү министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү болуп он жети киши.

Мен айткан убактылуу жободо кардарлардын катышуу шаттары, тартиби бекиген күндөн тарта ишти толук кандуу алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Би-Би-Си: Ипотекалык кредиттин пайыздарын эске сала кетели. Адегенде үйдүн жалпы баасынын он пайызын төлөгөндөр 14 пайыздык үстөк менен, башында 20 пайызын төлөгөндөр 13, ал эми 30 пайыз баштапкы бөлүгүн төлөгөндөр 12 пайыздык үстөк менен алат. Кредит он беш жылга берилип жатат. Кардар банкка кайрылуу алдында үйдү өзү тандайт. Батир болсо аянты 70 чарчы метрден, жер там болсо 150 чарчы метрден ашпаш керек. Кредит он беш жылга берилип жатат, кардардын ушу мезгил аралыгында бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү болуш керек.

Коюлган чек боюнча, кардар баасы үч млн сомдон ашпаган үй ала алат. Орточо эсептеп көрсөк, 40 метр чарчынын тегерегиндеги батирди он беш жылга алсаң, айына 17-18 миң сомдун айланасында чыгат экен. Бирок ар кимдин тандоосуна жараша, үйдүн чоңдугу, жайгашкан шаары, баасы, баштапкы баасы өтө ар түрдүү болгондуктан акыркы сан да ар башка чыгат. Ошондо, бюджеттен айлык алган кишинин күнүмдүк жашоого кеткен чыгымынан тышкары ай сайын төлөп турганга ушундай каражаты болуш керек.

Өлкө боюнча билим берүү тармагында иштегендерден эле он жети миңдей кишинин бул программага кайрылып жатканы маалым болду. Андан сырткары медицина кызматкерлери, социалдык кызматкерлер бар. Ар бир потенциалдуу кардар азыр өзүнүн ушул кредитке илинип калуу мүмкүнчүлүгүн эсептеп турган кез, анткени каалоочулар көп, бул мамлекеттин ушундай алгачкы иш-чарасы десек болот.

Усенакун уулу Нуржигит: Буюрса биринчи кадамды айтылган үч катмардын жарандарынан баштап жатабыз. Кийин коомдун башка аялуу катмарына ылайыктоо планы бар.

Ипотекалык насыялар кыргыз сому менен берилип, наркынын өзгөрүүсүнө карабай сом менен кайтарылат.

Мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн да унутпаш керек. Ошондуктан калктын муктаж болгон бардык катмарын камтыш оңой эмес. Бирок биз камтый албайбыз деп отура бербей, ар бирине туура келчү шартты карап чыгабыз, ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

Би-Би-Си: Сөз болуп жаткан программага жалпы беш млрд 100 миң сом каралган. Демек, эң кымбат үй үч млн сом болуш керек делип жатса, бир миллионго үй келиши азыркы тапта күмөн болгондуктан, биз орточо эки млн деп алалы. Ошондо дагы өтө болжолдуу эсеп менен эң көп 25 миң киши бул программага илиниши мүмкүн экен.

Арзан турак-жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттин прграммасы 2015-жылы башталып, 2020-жылга чейин деп каралган. Азыркы башталган жараян ал чоң программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Усенакун уулу Нуржигит: Биздин максатыбыз – турак-жайга муктаж ар бир жаранга жардам берүү. Ушул үч катмардан баштап, кийин башка мамлекеттик кызматкерлерге караштырабыз. Кийинки кезекте биринчиден, көп балалуу үй бүлөлөр, экинчиден, мамлекеттик, коомдук, аскердик же коомдук тартипти сактоо учурунда каза болгондордун үй-бүлөсүнө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге артыкчылык каралган.

Жүрүп-жүрүп аягында ар бир жарандын муктаждыгын канааттандыруу - биздин максат болуп эсептелет.