Ө. Абдрахманов: Демократия көчөгө чыгып кыйкыруу эмес

Өмүрбек Абдрахманов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Абдрахманов

1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган активист, учурунда эгемен Кыргызстандын легендарлуу парламентинин мүчөлөрүн мыскылдаган карикатура таркан, азыркы учурда Кыргызстандагы демократиялык процесстердин мындан ары да уланышын жактаган саясатчы, Жогорку Кеңештин көз карандысыз депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун Би-Би-Сиге маеги.

Би-Би-Си: Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик башкарууну көздөгөн алгачкы кадамдарды таштаган өлкөлөрдүн бири катары КМШга, дүйнөгө белгилүү болуп келген. Учурда коом арасында бийликке ким жоопкерчиликтүү экени белгисиз болуп баратат, кайрадан президенттик башкарууга келишибиз керек деген пикирлер болуп жатат. Кийинки кездерде мындай ойлор не себептен айтыла баштады?

Өмүрбек Абдрахманов: Анткени, биз демократия жөнүндө аз кеп кылабыз. Атайын уктуруу кылып жатканыңыздар үчүн сиздерге рахмат. Биз демократия дегенде эле көчөдө кыйкырып, митинг кылганды түшүнөбүз. Булар демократиянын жөн гана сырткы атрибуттары болуп эсептелет. Негизи бул түшүнүк өтө татаал жана терең нерсе болуп эсептелет. Ал эми президенттик башкаруу бул жөнөкөй нерсе. Бийликке бир киши келет дагы баарын башкарат, тил алганын алдырат, албаганын камай берет. А демократиялык башкаруу деген Европага биринчи келген. Королдордун өзүм билемдигинен калыптанган жана азыркы учурда дүйнөдөгү эң жакшы башкаруунун бири болуп эсептелет. Ошон үчүн биз бул тууралуу көбүрөөк айтышыбыз керек. Маселен, биздин жалпыга маалымдоо каражаттарыбыз бул тууралуу сөз кылбагандыктан элге информация жетпейт. Анын үстүнө бизде Орусиянын алтымыштан ашык телеканалы бар. Алар элди күнүгө бир лидер болушу керек, демократиянын кереги жок, автократия болушу керек деп тескери үгүттөп жатышат. Ошонун негизинде адамдарда ушундай пикир пайда болуп жатат.

Би-Би-Си: Эмне себептен Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун күчөтүлүшү элдин колдоосуна ээ боло албай калды? Кайсы жеринен жаңылды?

Өмүрбек Абдрахманов: Бизде таза парламенттик система болгон жок, бул жарым парламенттик система деп аталат. Бирок ошол эле учурда азыр да болсо бизде бардык нерсени президент чечет: жогорку сотту, министрлерди, премьер-министрди президент чечет. Анткени биздеги Конституция боюнча укук коргоо органдарынын баарын президент көзөмөлдөйт. Ошол себептен укук коргоо органдары аркылуу адамдарды камап коем деп коркутуп ал киши бүт бийликти алып койгон. Ушул эле учурда президенттин бийлиги, бийликтин үч бутагынын эч кимисине кирбейт. Бул парламеттик эмес, сот бийлиги эмес, же аткаруу бийлиги эмес.

Би-Би-Си: Президенттик башкарууда дагы дүйнөдө мыкты демократиянын үлгүлөрү бар эмеспи. Мисалы, АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө. Мүмкүн президенттик демократия Кыргызстанда жакшы өнүгүп кетээр.

Өмүрбек Абдрахманов: АКШны президенттик өлкө деп эсептешет. Бирок Америка эч кандай президенттик эмес. Ал жерде аткаруу бийлигинин башында Обама турат. Аны канцлер, же премьер-министр деп койсо болот эле, бирок президент дешет. А бизде президенттер эч бир бийликтин башында жок да. Президент үч бийликтин башын бириктирет дагы, үстүнө отуруп алышат, башкарышат, өзүнчө иштегенге мүмкүнчүлүк беришпейт. Ошол эле учурда эч нерсеге жооп бербейт . Ошон үчүн бизде таза парламенттик системага өтмөйүн Кыргызстан өнүгүшү мүмкүн эмес.