Жыныстык зордук-зомбулук күчөдү

Британиянын Кыргызcтандагы элчилиги жыныстык зордук-зомбулукка жол жок деген аталыш менен сүрөт конкурсту бүгүн жыйынтыктады. Кандай сүрөттөр тандалып алынды? Анын мааниси эмнеде?- деген суроолор берилип жаткан чакта, Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында 17 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чыкты.
Британиянын Кыргызстандагы элчилиги Лондондо өтүүчү саммитке карата “Жыныстык зомбулукту токтотолу” аталыштагы плакаттар сынагын жыйынтыктады. Уюштуруучулар жана сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызстандагы жыныстык зордук-зомбулук маселесине көңүл бурушууда.
Мисалы, сүрөт конкурсунда үчүнчү орунду ээлеген Алмаз мындай маселеси өз башынан өткөргөндөрдүн бири экен. Кичинесинде анын жакындары жыныстык зомбулукка кабылган. Мындан улам жаш балдарга, аялдарга карата зомбулукту өзү тарткан сүрөттөрү аркылуу токтотууну көздөйт:
“Коркуу сезими зомбулукка жол ачат. Муну менен ар бир адам күрөшүүсү зарыл. Ар бир адам коркпой, сүйүү менен жашаса зомбулук болмок эмес”- дейт жаш сүрөтчү.
Британ элчилиги Руандада болгон үч айлык согушта 250 миңге жакын аял жыныстык зордукка кабылса, Либериядагы баш-аламандыкта 40 миң аял, мурдагы Югославияда 60 миң аял зордуктоого дуушар болгон деген маалыматарды жарыялады. Кыргызстанда да зордук-зомбулук маселеси курч маселелердин бири дейт Британия элчилигинин өкүлү Мартин Маккена.
“Дүйнө коомчулугу адам укугунун одоно бузулушуна көңүл буруусу керек,-дейт Мартин Маккена. - Укук бузгандарды жазалап, жабырлануучуларга жардам беришибиз зарыл. Бул демилге өтө глобалдуу жана ушу тапта мындай курмандыктарды куткарып алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда дагы жаш балдарга, аялдарга карата жыныстык зомбулук болуп жатат. Ар бир бирибиз зомбулукка каршы күрөшөлү”.
Зордуктоо фактысы өстүбү?
Ал ортодо Кыргызстандагы жергиликтүү медиада Жети-Өгүз районунда зордукталып, өзүнүн кийими менен муунтуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын денеси табылганы тууралуу суук кабарлар кызуу талкууга тушуп жатат. Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, табылган жансыз дене Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окуган кыздыкы болуп чыккан. Азыркы учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2012-жылдын биринчи жарымында 146 зордуктоо фактысы катталса, 2013-жылдын алты айында бул көрсөткүч 177ге жеткен. Жергиликтүү агенттиктер жарыялаган кабарлардан кыз-келиндерди зордуктоо фактыларын дээрлик күн сайын жолуктурууга болот.








