Токон Мамытов: Кыргызстан Ак-Сай - Көк-Таш жолун курууну улантат

- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстандын вице-премьер министри Токон Мамытов Баткендеги тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосундагы атышууга карабастан, Кыргыз тарап Ак-Сай – Көк-Таш жолун куруунун улантат деп билдирди. Андан тышкары кыргыз өкүлү Тажикстан тарап эл аралык нормаларды бузгандыгын белгилеп, Кыргыз-Тажик чегиндеги окуя толук иликтөө алынганга чейин эки өлкө ортосундагы карым катышты убактылуу токтотконун жарыялады.
Бишкектин маалыматы боюнча ушул тапта тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тажик өкүлдөрү менен Кыргызстандын чек ара кызматынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери жолугушуусу күтүлүүдө.
11-январда Баткен облусундагы Ак-Сай - Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Андан беш кыргыз, кеминде эки тажик чек арачысы жаракат алганы кабарланган.
Жарака алгандарды Бишкекке алып келишти
Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан жаракат алган аскер кызматкерлеринин бирөөсүнүн абалы оор. Ага Баткен облустук оруканасында операция жасалды.
12-январда жаракат алгандардын үчөөнү Бишкекке алып келишкенин өкмөттүк өкүлдөр билдиришүүдө.
Ал ортодо, бул окуянын айланасында Бишкек-Дүйшөмбү ортосунда кайым айтышуу орун алууда. Кыргызстан тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок аткан, эл аралык келимдер боюнча тыюу салынган миномёт, гранатамётторду колдонгон деп айтууда.

“Тажикстандын чек ара кызматынын атайын күчтөрүнүн командири кырк чакты аскери менен келип, кыргыз чек арачынын башына тапанча такап, Ак-Сай – Көк-Таш жолун куруунун токтотууну талап кылган. Эки тарап айтыша кетип, тажик өкүлү үч жолу кыргыз чек арачысын ички аткан, андан соң эки тараптан тең атышуулар башталган”, - деп айтылат Кыргыз расмийлери тараткан маалыматтарда.
Тажикстан болсо, Кыргызстан эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка жол куруу иштерин жүргүзүп, чагымга түрткү болду деген билдирүү тараткан жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жиберген.
Дүйшөмбү Бишкекти, Бишкек Дүйшөмбүнү айыптоодо
Ал эми Кыргызстан жетекчилери Тажикстан 7-9-январда эки тараптын өкүлдөрү чек арадагы талаш талкууларды тынч жол менен чечүүгө жана аймактагы коопсуздукту биргелешип сактоону макулдашканын, каска мөөнөттүн ичинде эле тажик тарап бул келишимдерди бузганын айыптоодо.
“Биз Тажикстан мындан мурдагы келишимдердин бардыгын аткарат деп үмүттөнөбүз. Чек арачылар ортосундагы ок атуу окуясын толук иликтеп бүткөнгө чейин Кыргызстан Тажикстан ортосундагы чек ара өтмөктөрүн жабат. Ал эми Ак-Сай – Көк-Таш жолун курууну мындан кийин дагы уланта бермекчибиз. Себеби, бул жол салынса, тажик-кыргыз жашоочуларынын ортосундагы чыр-чатактар азаят деп эсептейбиз”, - деди Токон Мамытов.
Тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосундагы атышууда бир катар кыргыз айылдарына электр жарыгын бөлүштүрүп берүүчү түйүн иштен чыгып, Кыргызстандын энергетика министрлиги подстанцияны кайрадан калыбына келтиргенин билдирген. Ал эми жергиликтүү эл чыр-чатактардын мындан ары дагы курчуп кетишкенинен кооптонуп жатканын баткендик журналист Аскар Баймуратов Би-Би-Сиге айтып берди.
Жөнөкөй тургундар тынчсыздунууда
“Эл арасында тынчсыздануу чоң. Тажик чек арасына жакын жайгашкан айрым айылдарда аялдар менен балдарды башка жактарга көчүрүп кетип жатканы тууралуу сөздөр тарап жатат. Бирок, бул канчалык деңгээлде чындыкка дал келет азырынча белгисиз” – дейт Баймуратов.

Өткөн жылдын соңунда чек аранын дал ушул аймагында кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлүп, анын соңунда эки тараптын жарандары чатакташа кеткен. Жергиликтүү кыргыз жарандары чек арадагы чайханага коңшу өлкөнүн жарандары өрт койду деген нааразылыгын билдиришкен. Алар Тажикстандын айылдарын айланып өтчү Ак-Сай – Көк-Таш көз карандысыз жолун куруп берүүнү талап кылып, Ворух анклавына кетчү жолду буушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз өкмөтү аталган жолдун курулушун баштаган болчу. Жергиликтүү тажик жарандары бул жолдун курулушуна нааразы экени кабарланган.
Өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Дүйшөмбү шаарында жолугушуп, талаштуу аймактарды 10-январдан тарта биргеликте кайтарууга макулдашкан эле.








