Британиядагы кыргыздардын биринчи курултайы
- Author, Гүлнара Касмамбетова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери
Кыргызстандын эгемендик күнүнө удаа эле 1-сентябрда Улуу Британияда жашаган кыргызстандыктар биринчи курултайына чогулган жатышат. Курултай Лондондогу Баттерси паркында өтмөкчү. Бул иш чараны британ жеринде жашаган кыргыз диаспорасынын уюмдары Кыргызстандын Британиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурууда. Анын ишине Бишкектен барган Жогорку Кеңеш депутаттары да катышкан жатат.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ишенимдүү өкүлү Айбек Тилебалиев Улуу Британиядагы кыргыздардын жашоосу жана алардын курултайга чогулуп жаткан максаты тууралуу Би-Би-Сиге айтып берди.
А. Тилебалиев: Учурдан пайдаланып кыргыз элчилигинин жана жеке өзүмдүн атыман бүткүл кыргызстандыктарды жана Британиядагы мекендештерибизди эгемендик майрамыбыз менен куттуктап кетейин. Элибизге, жерибизге тынччылык, амандык, ынтымак тилейбиз.
Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык абалды талкуулоо жана Британиядагы жердештерибиздин ой-пикирлерин, акыл-сунуштарын угуп, элибизге жеткирүү максатында Кыргызстандын эгемендик күнүнө удаа эле 1-сентбярда Лондондо кыргыздардын биринчи курултайын өткөзүп жатабыз. Анда Британияда жашаган кыргызстандыктардын жашоо шартын, проблемаларын талкуулап, алардын чечүүнүн биргелешкен жолдорун издейбиз. Ошондой эле британдыктарга кыргыз элинин маданиятынын жетишкендиктерин жана өзгөчөлүктөрүн көрсөтөлү деген да жакшы оюбуз бар.
Айтмакчы, курултайга мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын короткон жокпуз. Курултайды өткөрүүгө керектүү каражаттарды биздин досторубуз жана демөөрчүлөрүбүз берди.
Би-Би-Си: Кыргыз элчилигинин каттоосу боюнча Британияда канча кыргызстандык бар?
А. Тилебалиев: Консулдук каттоодо төрт жүздөн ашык жараныбыз бар. Бирок Британиядагы жердештерибиздин саны мындан алда канча көп деп ойлойбуз. Анткени баары эле консулдук каттоого тура беришпейт. Ошондуктан бул жактагы мекендештерибиздин так санын айта албайбыз.
Азыркы күндө Улуу Британияда жашаган мекендештерибиздин саны көбөйүүдө. Алардын катарында студенттер, окумуштуулар, ишкерлер, банкирлер, куруучулар, юристтер, журналисттер, музыканттар жана башка кесипте иштегендер бар.
Би-Би-Си: Жекшембиде боло турган курултайга канча киши чакырылды?

А. Тилебалиев: Курултайга эки жүзгө жакын жердештерибиз келет деп болжоп жатабыз. Курултай Баттерси сейил багынын ичинде өтө турган болуп жаткандыктан, ал жакка британдык эс алуучулар да келиши мүмкүн.
Би-Би-Си: Курултай кандай программа менен өткөн жатат?
А. Тилебалиев: Баттерси сейил багынын ичине боз үй жана чатырлар тигилет. Сүрөт көргөзмөсү уюшулат. Ошондой элчиликтин футбол боюнча турнирин өткөзүп, аны салтка айландыралы деп жатабыз. Мындан сырткары кыргыздын улутук тамак-ашын тартуулайбыз.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттык делегациясы парламенттик кызматташтык программа боюнча ушул күндөрү Британияга келип, кыргыздардын курултайынын ишине да катыша турган болуп жатат.
Би-Би-Си: Британияда жашаган кыргызстандыктар кыргыз элчилигине кандай суроолор менен кайрылып жүрүшөт?
А. Тилебалиев: Албетте. Биздин жарандарыбыз элчиликке ар кандай маселелер менен кайрылышат. Биз алардын баарын кабыл алып, жардам беребиз. Коомдук кабылдамабыз бар, колдон келген жардамды көрсөтөбүз.
Би-Би-Си: Британиядагы кыргызстандыктардын арасынан жергиликтүү мыйзамды бузуп, полицияга түшүп калган, ал түгүл депортацияланган учурлар болуп жүрөт. Элчилик мындай учурларда кандай чараларды көрүп каралашат?

А. Тилебалиев: Элчиликтин консулдук кызматы жергиликтүү укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт. Ар бир мыйзам бузууларга орчундуу көңүл бурат. Жарандарыбызды укуктук жактан коргоо жана аларга укуктук жардам көрсөтүү – биздин биринчи максатыбыз. Биз Британиянын укук коргоо органдарынан мыйзамдуу, адилеттүү чараларды талап кылабыз.
Би-Би-Си: Бийликтен кеткен мурдакы президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев Лондондон баш паанек таап жашап жатат. Аны Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракеттери азыр кайсыл деңгээлде турат?
А. Тилебалиев: Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги Максим Бакиевди экстрадициялоого уруксат берген жок. Алардын айтымында экстрадиция кылууга укуктук негиз бар болуш керек. Кылмышкерлерди жана кылмышка шектүү адамдарды экстрадициялоо боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору Британиянын Ички иштер министрлигине берилген. Бирок азыркы күнгө чейин жооп боло элек.








