Оккупациялык бийликтин референдуму: Россия жеңишин билдирүүдө

Украинанын Россия басып алган төрт регионунда бир апта мурда башталган референдумдар аяктады — андагы добуштарды Москва жаңы аймактарды аннекциялап алуу үчүн колдонгон жатат.Бул региондордогу Москва дайындаган чиновниктер добуш берүүгө катышкандар дээрлик баары Россияга кошулууну колдошконун билдирип отчет беришүүдө.

Украинын өкмөтү жана анын союздаштары бул сурамжылоону фикция деп аташууда.

Анткени добуш берүү процессине эч ким байкоо салган жок, ошондуктан аны эл аралык деңгээлде мыйзамдуу деп таанышка болбойт дешет.Референдум деп аталган добуш берүү мурда өзүн өзү жарыялап алган Донецк жана Луганск областтарында, кийин Россия басып алган Херсон менен Запорожье областтарында өттү.Россияга чачылган качкындар дагы ондогон шайлоо участкаларында добуш бере алышты, анын ичинде Россия 2014-жылы аннекциялап алган Крым жарым аралындагы участкаларда дагы добуш берүү уюштурулду. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча басымдуу көпчүлүк Россияга кошулууну колдоого алышты.

Украинанын согуштун чеңгелинде калган, жалпы аянтынын 15% түзгөн аймакта төрт миллиондой адамга добуш берүү сунушталды.

Кремл көзөмөлдөгөн маалымат агенттиктеринин кабарына караганда, Донецк менен Луганскиде 99,23% Россия менен бирге болууну тандап добуш беришти. Бул мындай добуш берүү үчүн адаттан тыш аябай чоң көрсөткүч.

Россия президенти Путин жогоруда аталган төрт аймакты аннекциялоо жөнүндө жума күнү орус парламентинин жыйынында жарыя кылат деп күтүлүүдө.2014-жылы Крымда ушундай эле эч ким тааныбаган референдум өткөндөн бир нече күндөн кийин жарыя кылынган.

Эгер Россия өзү толук көзөмөлүнө ала элек төрт регионду кошуп алса, анда бул орус-украин согушун дагы бир жаңы жана коркунучтуу деңгээлге чыгарышы мүмкүн. Анткени, Москва Украинанын өзүнүн аймактарын кайтарып алууга кылган ар бир аракетин суверендүү өлкөнүн аймагына кол салуу катары карашы турган иш.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россияны күчкө салып басып алынган аймактарды аннекциялоо аракети менен "БУУнун уставын эң одоно бузууда" деп айыптады.

"Оккупацияланган аймактагы бул фарсты керек болсо референдумдун имитациясы деп аташка болбойт",-деди ал шейшембиде кечинде.Президент бул "Украинанын оккупацияланган аймагындагы эркектерди Россиянын армиясына мобилизация кылып, өз мекенине каршы согушка жиберүүнүн жийиркеничтүү аракети".-деп айтты.

Санкциялардын жаңы толкуну

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Евробиримдикти Россияга мурдагыдан дагы катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.

"Россиянын экономикасына сого турган эң олуттуу, конкреттүү жооп керек. Референдум деп аталган иштерге реакция канчалык жумшак болгон сайын, Россиянын күчөп, улам жаңы аймактарды басып алууга мотивациясы чоң болот",-деди ал.Улуу Британия добуш берүүгө көзөмөл кылууга катышкан Россиянын жогорку кызматтагы чиновниктерине жаңы санкцияларды саларын жарыялады.АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Батыш Россиянын аннекцясын эч качан тааныбайт деп кайрадан билдирип, Кремлди "кошумча ыкчам жана олуттуу каржылык аракеттер" болорун эскертти.

Украинага шейшембиде иш сапар менен барган Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна добуш берүүнү «маскарад» деп атады.Россиянын салттуу союздашы Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү өз кезегинде "бардык өлкөлөрдүн суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн колдоо зарыл" деген билдирүү жасады.

Президент Путин референдумдарды коргоп сүйлөп, алардын Украина тараптан орустарды жана орус тилдүү калкты куугунтукталышын токтотуу максатында болуп жатканын билдирди.«Бул референдум өтүп жаткан бардык аймактардагы элди куткаруу биздин бүткүл коомубуз менен өлкөбүздүн көңүл борборунда", - деп билдирди орус лидери телекайрылуусунда. (КС)