Талибан Тажикстан үчүн да абдан кооптуу

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

АКШ ушул жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан аскер күчтөрүн толук чыгарып кетүүгө камынууда. Эми ал өлкдөгү абал кандай болот, Талибан кыймылы менен ооган өкмөтү тил табыша алабы же абал дагы оорлойбу деген суроолор кабыргасынан турат. Соңку кабарларга караганда, аталган кыймыл Кундуз провинциясынын борборунан 50 чакырымдай аралыктагы Шерхан Бандар шаарчасын ээлеп алышкан.

Би-Би-Си Ооганстандагы соңку жагдай тууралуу эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгулду кепке тартты.

Чынара Эсенгул: Талибан жөн эле райондордун же областтардын борборун басып алып эмес, стратегиялык жүрүштөрдү жасап жатат. Кабул менен туташтырчу транспорттук коридорлорун дагы басууда. Бул дегени ошол өлкөнүн расмий бийлиги олтурган Кабул менен аймактардын байланышын начарлатат, алсыздантат. Ушунун баары ал жакта жарандык согуш кайрадан башталды дегенден кабар берет.

Би-Би-Си: Бул окуялар АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан аскер күчтөрүн чыгарып кетет деп жаткан учурга туш келгени кызуу талкуу жаратып жатат. Кээ бири ошол күчтөр өздөрү атайылап ушундай кырдаалды түзүп койду десе, дагы бири АКШ аскерлери чыгып кетсе абал мындан дагы оорлошот деп жатат. Кайсы пикир жүйөлүү?

Чынара Эсенгул: Маселени кайсы "кырынан" карасак ошого жараша жыйынтыкка келебиз. Оогандыктардын көзү менен карасак 20 жылдан бери АКШ, НАТОнун күчтөрү ошол жакта жайгашкандыгынан тажагандай көрүнүп турат. Эки тарабы тең. Эки тарап деп мен Талибан менен ооган бийлигин айтып жатам. Анткени, АКШ, НАТО 20 жыл ичинде жардам берип, бийликти талиптерден кубаттуу кылып кетебиз деген менен андай жыйынтыкка жете алышкан жок. Дохадагы былтыркы келишим боюнча биз чечтик, кетишибиз керек деп америкалыктар кетип жатат. Ооган бийлиги буга даяр эмес болчу. Ооган эли ичинен кудуңдап жатат десем жаңылышпайм. "Кетсе жакшы болот эле, эптеп-септеп ич ара тил табышып алабыз го" дегендей ойлор дагы бар.

Ушул эле маселеге Борбор Азиянын кызыкчылыгынан карасак анда бул кооптуу жагдай. АКШ тарап барын көрүп, билип туруп эле кетип жатат. Талибан алар толук чыгып кете электе эле ушундай кадамга барганы кризис абдан курчуп кетеби, таасири тиеби деп кооптондуруп жатат.

Талибан кыймылы алсырады деп айтууга али эрте...

Би-Би-Си: Ооганстан тараптан келчү коркунучка Борбор Азия өлкөлөрү биригип каршы тура алабы?

Чынара Эсенгул: Жок, биригип каршы тура алышпайт. Андай шарт түзө турган келишимдери дагы жок. Ал тургай ЖККУ, Шанхай кызматташтык уюму дагы бул абалда "сенек" абалда турат. Башкача айтканда, Кытай деле, Орусия деле коопсуздук боюнча келишим инстутутарын колдоно алгыдай абалда турган жок. Балким, Өзбекстан башкача позицияда турушу мүмкүн. Бирок, жалгыз эмне кыла алат?

Би-Би-Си: Ооганстан менен түздөн түз чектешкен өлкөлөрдүн бири Тажикстан. Ал жактагы азыркы абал Тажикстан үчүн канчалык кооптуу?

Чынара Эсенгул: Бир топ эле кооптуу. Ар кандай божомолдор айтылып жатат. Тажик бийлиги региондорун толук көзөмөлгө ала албайт деген дагы ойлор айтылып келет. Мисалы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда деле расмий Дүйшөмбү мүмкүн согушкерлерди көзөмөлдөй албай калды же аралашып кетти, расмий бийлик да колдоп тигилер дагы деген көз караш бар да. Башкача айтканда өз аймактарын көзөмөлдөө расмий Душанбеге абдан эле кыйын болот. Анткени, Ооганстандын түндүк тарабында өзбек, тажик тектүү ооган жарандары абдан көп. Алар көп жылдардан бери жашап, согушкерлер менен талиптерди колдогондор, ар кандай топтор дагы абдан көп. Курал жарак, баңгизат аткезчилиги этникалык диаспоралар аркылуу жасалат. Башкача айтканда, коррупция Тажикстанда дагы абдан күч алган. Баары билип турат. Ошол схемалар дагы күч алып кетсе расмий Дүйшөмбү көзөмөлдү мындан да көбүрөөк жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан кооптуу эле.