Жылдын беймаза суроосу: энергетикалык каатчылыкта эмне кылабыз?

Кыргызстанда быйыл электр кубаты кеминде бир жарым, эки миллиард киловат саат көлөмүндө тартыш болору айтылууда. Кеп электр кубатын керектөөнүн көлөмү жыл сайын өсүп жаткан шартта, быйыл аны иштеп чыгуунун көлөмү суунун тартыштыгына байланыштуу жылдагыдан кыйла аз болгон жатат. Электр энергиясынын тартыштыгын быйыл мамлекет кантип толуктайт деген беймаза суроо жоопсуз турат.

Кыргызстандын башкы энергетикалык байлыгы Токтогул суу сактагычында быйыл суу аз, электр кубатын иштеп чыгууда тартыштык болору жыл башынан бери эле айтылууда. Айрым жерлерде азыртан эле өчүрүүлөр болуп баштады.

Бирок энергетика тармагынын башына жаңы келген министр Доскул Бекмурзаев өткөн аптада журналисттерди Токтогул суу сактагычына чакырып барып, сезондук оңдоп түзөө иштери болуп жатканын көрсөтүп, энергетикадагы азыркы кырдаалды кризис деп аташ туура эмес эскертти. Ошону менен катар энергетикадагы кыйроого жол бербеш үчүн жаңы тарифтерди сунуш кылып жатканын айтты.

Ошол эле маалда бул тармакты жакшы түшүнгөн адистер быйыл энергетикадагы каатчылык болорун байма-бай айтып жатышат. Маселе, өлкөдө электр кубатын керектөөнүн көлөмү жыл сайын 300-400 миллион киловатт өсүп жатканында. Ал эми Улуттук электр тармактар ишканасы керектөө бир жылдын ичинде эле дээрлик 12% жакын өстү деп жатат.

Ошол эле убакта соңку отуз жылда өлкөдө бир дагы жаңы энергетикалык объект, бир дагы ГЭС салынган жок, электр кубатын иштеп чыгуунун көлөмү көбөйгөн жок. Какаганга муштаган болуп, быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз, демек иштелип чыккан электр кубаты да аз болот.

Марат Мүсүралиев, энергетикалык кырдаалга мониторинг жасап келаткан адис:

"Кыргызстанда жыл сайын орточо алганда 400 миллиондон баштап 550 миллион киловатка чейин керектөө көлөмү өсүп атат. Биз эмненин эсебинен жашадык. Биринчи, советтер союзу тарагандан кийин өнөр жайды жок кылдык да, завод-фабрикаларды. Анан ошол запасты отуз жылда жедик, бир да ГЭС салган жокпуз. Мына эми энергиянын дефицитине келдик. Эми ушул дефицитти жабыш үчүн жыл сайын жүз мегаваттык жаңы генерация кылган кубаттуулуктар ишке кириши керек. Бирок жүз мегават кеминде жүз миллион доллар. Мындай каражат Кыргызстанда жок".

Бул эксперттин айтымында, Кыргызстанда керектөөнүн өсүшү криптовалюта менен алектенген майнерлердин кыргыз рыногуна келиши менен да байланыштуу. Анткени, Кыргызстанда электр кубатынын наркы бүтүндөй регион боюнча эң арзан. Кыргызстандын коңшуларында эки эсе кымбат. Майнерлер расмий статистика боюнча электур кубатынын сегиз пайызын алып коюуда.

"15-16 миллиарддын бир жарым миллиардын ушулар майнерлер жеп атат. Майнерлер экономиканын өндүрүш тармагына кирбейт, бирок электр энергиянын кадимкидей эле керектейт. Алар акча төлөйт, бирок алардын эч ким пайда көрбөйт. Биз алар үчүн тарифти беш сомго чейин көтөрсөк болот деп ойлойм",-деди Марат Мүсүралиев.

Электр кубатын керектөөнүн өсүшүнө элдин да саны, турак жай базасы өсүп жатканы да алып келүүдө. Айрыкча, элеттеги эл шаарга качып, Бишкек менен Ошто соңку жылдары жаңы конуштар көбөйдү, жаңы көп кабаттуу үйлөр салынды. Алардын ичинде борбордук жылытуу системасына кошулбай, жалаң электр кубатына байланган да үйлөр бар. Эгер быйыл электр кубат тартыш болсо, алар биринчи кезекте үшүп кыйнала турганы анык.

Ал эми жетпеген электр кубатын мамлекет быйыл каяктан алат деген өзүнчө суроо. Аналитиктердин айтканына караганда, коңшулардын арасынан запас Казакстанда гана болушу мүмкүн, Өзбекстандын өзүнүн калкы, экономикасы өсүп жатат, жетпейт. Тажикстан менен чек арадагы жаңжалдан кийин мамиле сууп турат. (КС)