You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Токтогулда суу аз, өкмөт кандай чарага барат?
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Токтогул ГЭСин камсыздаган суу сактагычта 8 миллиард 569 миллион куб метр суу бар экени айтылды. Бул өткөн жылдагыдан кыйла эле аз. Адистер муну алдын албаса, суу мындан дагы төмөнкү чекке жетерин айтууда.
2008-2009-жылдары ушундай маселе жаралып, өлкө аймактарында маал-маалы менен свет өчүрүлүп баштаган. Азыркы чаралар кандай болот? Би-Би-Си Электр станциялары ишканасынын гидротехникалык кызматынын жетекчи орун басары Жолдошбек Байызбеков менен маек курду.
Ж. Байызбеков: Биз такай сууну өлчөп турабыз. 13-апрель күнү Токтогул суу сактагычындагы суу 8 млрд 569 млн кубга түштү. Өткөн жылдын ушул күнү 11 млрд 458 млн куб болгон. Демек, быйыл былтыркыга салыштырганда суунун көлөмү 2 млрд 900 млн кубга аз.
Би-Би-Си: ГЭС курулуп ишке берилгенден бери суунун минималдуу чеги канчага чейин түшкөн?
Ж. Байызбеков: 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылдын апрелинде 6 млрд 400гө чейин түшкөн учур болду. Апрель айында эле күн дароо жылып, агып келген суунун деңгээли тез көтөрүлүп кетпейт. Ошондон улам ошол жылдары 6 млрд 200млн кубга чейин азайган.
Би-Би-Си: Ошондо абалдан кантип чыккансыздар?
Ж. Байызбеков: Электр энергиясын сырттан сатып алган. Андан сырткары маал-маалы менен свет өчүрүлгөн. Муну менен өлкөнүн ички керектөөсү кыскарган. Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугун көтөргөн. Айла жоктон быйыл деле ошондой чаралар көрүлүүдө. Буга чейин (2008-2009-2014) суу аз болгон дебедикпи, бирок ошол маалда өлкөнүн электр энергиясына болгон талабы, керектөөсү дагы азыркыдан кыйла аз болчу.
Мисалы, 2010-жылдары керектөөнүн көлөмү 11 млрд килловат сааттын айланасында эле. Ал эми былтыркы керектөөбүз 15 млрд килловат сааттан ашып кетти. Демек, ошол жылдарга салыштырганда былтыр 4-4.5 млрд куб суу кошумча талап кылынды дегенди билдирет. Калктын саны, шаар калкы жылдан жылга өсүүдө. Азыр курулуштан баштап кондиционерге чейин баары электрге байланып калды. Талап аябай тез өскөнү менен ошону толуктай турган эч нерсе курулган жок да. Мисалы, мурда Токтогул суу сактагычына сууну бир толтуруп алып, аны 5-6 жылга чейин пайдалана турган болсок азыр андай эмес. Ашып эле кетсе 2,5 жылдан бир аз өтөт.
Би-Би-Си: Суу аз, электр энергиясына талап күн санап өсүп жатат дедиңиз. Эл арасында буга байланыштуу электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүп баштайбы деген кабатырлануу бар.
Ж. Байызбеков: Ошонун алдын алуу иштери колдон келишинче жүрүп жатат. Коңшулар менен сүйлөшүп, электр энергиясын импортто чечилип жатат. Бишкек ЖЭБди да колдон келишинче кубатын көтөрүү, кыш мезгилинде чоң мекемелерди жылытуунун башка жолдорун табуу жактары да сунушталып, каралып жатат. Гидрометтин маалыматы боюнча жааган кар, жаан-чачындын эсебин алганда дагы быйыл суу дагы деле аз болот. Бул эми так ушундай деген маалымат эмес, бул болжолдуу эсеп. Чындыгында кандай болоорун убакыт көргөзөт. Соңку ирет суу сактагычка 2017-жылы суу толгон. Бизде максималдуу чеги 19 млрд 500млн куб десек болот. Ошол жылы суу ошондой деңгээлге жетти эле.
Би-Би-Си: Суу сактагычтагы сууну сатып жиберишет экен деген имиштер дагы айтылып келет. Сиз деле далай уксаңыз керек?
Ж. Байызбеков: Мындайлар болду, бир жылдары ушундай сөздөр аябай тараган. Ишенбей, депутаттык комиссия түзгөн учурлар дагы болду. Алар 5-6 телекомпаниянын журналисттери менен кошо келип, кайра-кайра карап анан ынанышты. Канча көзөмөл бар, ошонун баарын каратып туруп суу сатып жиберет деген куру сөз.
Би-Би-Си: Электр энергиясына суроо талап абдан жогору, жетишпейт, суу аз деп жатабыз. Ошол эле учурда калк электр энергиясын үнөмдүү пайдаланганды үйрөндүбү?
Ж. Байызбеков: Адис катары эмес, жөнөкөй жаран катары айтып берейинчи. Сарамжалсыз колдонуу тилекке каршы жок эмес. Кээ бирөө такыр эле түшүнбөйт.
Жөн эле күйүп турган лампочка канча канча энергияны сарптайт, ал энергия үчүн канча суу короп, канча эмгек кетип жатканын билбейт. Эгер ал жөн эле коротпосо сууга дагы ошончо үнөм болот да. Ары карап, бери карап аябай ойлоном, айла кеткенде светтин баасы аябай кымбат болсо ушул лампочкалар жөн эле күйүп, кайсы бир каражаттар жөн эле иштеп турбайт эле, анда баары акчасына карап, аябай үнөмдөп калышмак дейм. Бул айла кеткендеги ой да. Чаламандын чак түшүндө же керексиз эле учурда лампокалар күйүп турса аябай зээним кейийт. Барып өчүрүп салгым келет. Ысырап кылбаса дейм. Ал ошол кишинин өзүнө пайда, электр коробойт, тыйын болсо дагы акчасы өз чөнтөгүндө калат, суу коробойт, лампочкадан баштап зымына чейин кемибей-кетилбей узакка кызмат кылат.