You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Б.Бөрүбашев: Жаңы Конституциянын кемчиликтерин кийин көрдүм
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынды. Ага ылайык, мындан ары толук кандуу президенттик башкаруу киргизилет. Конституция кайрадан жазылат дегенден тарта талаш-талкуулар тынымсыз жүрүп келди.
Би-Би-Си жаңы Конституциянын долбоорун даярдаган мурдагы Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев менен маектешти.
Б. Бөрүбашев: Бир нече айдан бери талкууда турду. Бул жерде өкмөт деген сөз жок, Министрлер кабинети деген бар. Бизде эми өкмөт түзүлбөйт, өкмөттүн бир милдетин министрлер кабинети аткарат. Министрлер кабинети аткаруу бийлигинин негизги бир структурасы болуп калат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат. Эми өкмөт жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгышыбыз керек. Министрлер кабинетинин башында төрагасы болот. Ал президент тарабынан дайындалат. Ошол дайындалып жатканда Жогорку Кеңеш ага макулдугун берет. Бербей койсо дагы болот. Бүт бийлик президентке өтүп кетиптир, Жогорку Кеңешке калбай калыптыр деген туура эмес. 89-берене боюнча биз ушундай кылып жазганбыз. Министрлер кабинетинин жетекчиси бир эле убакта президенттин администрациясынын башчысы болсун дегенбиз. Буга эмне себеп болгон? Биринчиден, биз президенттик башкарууга өттүк. Ошол себептен президенттин негизги функциясын ишке ашырганга негизги түз жардамды бере турган, бул президенттин аппараты. Экинчиден, отуз жылдан бери бизде президенттик институт, президенттик аппарат, президенттик администрация бар. Андан сырткары өкмөт бар. Эч кимге жашыруун эмес, алардын баары президентке таянып алып, көшөгө артында кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, баарын өкмөткө шылтап олтура берет. Өкмөт күнөөлүү деп четте карап туруп алат. Биз ошондой болбосун дедик. Эми мындан ары эгер министрлер кабинети начар иштей турган болсо, бул президенттин аппаратынын ишинин жыйынтыгы деп айтсак болот.
Би-Би-Си: Жаңы Конституция боюнча министрлерди кызматка ким дайындап, ким кызматтан ала алат?
Б. Бөрүбашев: Министрлерди кызматка президент дайындайт. Бирок дайындап жатканда парламент макулдугун бериши керек. Министрлер кабинетин дайындап жатканда президент өзү каалагандай эле чечип коёт экен деген болушу мүмкүн эмес. Парламенттин макулдугусуз болбойт.
Би-Би-Си: Жаңы Конституция кабыл алынды. Эми башка мыйзам, кодекстердин бардыгы өзгөртүлүшү керек да. Алар качан өзгөртүлүп, жаңыланып бүтөт деп ойлойсуз?
Б. Бөрүбашев: 8-беренеде так жазып койгонбуз - бардык мыйзамдарды алты айдын ичинде Баш мыйзамга ылайык келтирүү керек. Жарым жыл жетиштүү болот. Ушундай мөөнөт койгонбуз. Аны Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп алуу керек. Буга ушундай убакыт берилген. Мыйзамдын ичинде бар.
Би-Би-Си: Жаңы Конституциянын артыкчылыктары деп айтып жатасыз. Эми кайсы жеринде кемчилик бар деп ойлойсуз?
Б. Бөрүбашев: Кемчилиги - бийликтин жоопкерчилигин биз дагы эле жеткиликтүү жазган жокпуз. Кийин ойлоп, карап көрдүм. Мисалы, айрыкча сот бийлигинин жоопкерчилиги. Укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги. Мына ушуларды биз жеткире жаза алган жокпуз. Адам катары ачык эле айтайын, мен ушул жагынан кемчилигин сезип эле турам. Анткени укук коргоо органдары бизде абдан күчтүү. Сот, прокуратура, милиция дегендин баары кирет. Булар өздөрүн-өздөрү билип, өтүгүн төргө илип, элди каалагандай калчап жатат. Биз ушуларды жакшылап жазсак болмок. Экинчиси, социалдык маселелерди биз колдон келишинче жаздык. Бул пенсия, пособие, айлык акы дегендерди. Жашоо минимуму азыр бир кишиге 5600 сом экен. Ошондон төмөн болбосун деп жаздык. Эки эсе болгудай кылып жазсак болмок. Бирок азыркы реалдуулукту эске алып, популист болуп кетпейли, элди алдабайлы деп ортолоп жазып койдук.
Би-Би-Си: Ушул Конституция менен жөнөкөй жарандын турмушунда жакынкы беш жылда эмне өзгөрөт?
Б. Бөрүбашев: Турмуш өзгөрүү үчүн мамлекеттик бийлик жоопкерчиликтүү болушу керек. Экономика өнүкпөсө, экономика үчүн эч ким жооп бербесе, адилеттик үчүн эч ким жооп бербесе анда ал кандай бийлик?
Демилгечилер, Конституциялык кеңеш жаңы Баш мыйзам өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтө зарыл десе, бир топ саясатчылар, юристтер буга башынан каршы чыгып келишти. Алар Кыргызстан артка кетти деген жүйөнү карманууда.
Баш мыйзамдын долбоору менен таанышкан соң Венеция комиссиясы дагы атайын анализин жарыяланган. Ал документ 41 барактан турат. Анда жаңы сунушталып жаткан Конституцияда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу кантип сакталат деген суроого көңүл бурган.