You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Башка жол жок": Бийлик бир колго топтолгон башкаруунун убактысы келди
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргыз президенти Садыр Жапаров 5-Май Конституция күнүндө баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол коюп, калкка кайрылуу сөз менен чыгат деп күтүлүүдө. 11-апрелде болгон референдумда кабыл алынган жаңы долбоор боюнча өлкөдө президенттик башкаруу орнойт, бардык жоопкерчилик дагы анын өзүнө жүктөлөт. Мамлекеттик башкаруунун эки тизгин бир чылбырын президент өз колуна алып жатканы пандемия жакадан алып, экономикалык кризис курчуп, түштүктөгү чек арасын чыр-чатак чырмаган убакта бирден бир туура жол катары каралууда.
Жаңы Конституцияга кол коюу аземине бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү, ЖК депутттары, сот корпусунун, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер чакырылган. Пандемиянын үчүнчү толкуну күчөп турган убак болгондуктан, вирустан анализа таза чыккан адамдар гана катыша алат. Ошондой эле салтанаттуу жыйын коомдук теле жана радио каналдан түз алып берилет.
Бул салтанаттуу күндүн алдында эле Кыргызстан эки күн аза күттү. Өлкөнүн түштүк чек арасында куралдуу жаңжал болуп, чек арага чектеш айыл кыштактан 35 адам курман болду, 180 ге жакын жарадар болду. Кыргыз айылдарынан 100дөн ашык үй, эки мектеп, бала бакча, үч чек ара бекети жана башка толтура мүлк өрттөлүп, тонолуп кетти. Элүү миңден ашык адам жан соогалап коопсуз жайга көчтү. Башкы прокуратура кечээ жүзү каралык кол салуу болду деп жарыялап, тажик аскери менен бандиттерине каршы куралдуу агрессия беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
"Эмнени карап отурду?"
Ошентип, түштүк чек арасы бүлүнүп, адам жоготуулары менен коштолуп жаткан учурда бийлик каякты карады, эмнеге кан төгүүгө жол берди деп сын дооматтар күчөп чыгууда.
"Бизде аскердик чалгындоо түзүмдөрү бар. УКМКда, чек арачыларда, жада калса биздин коргоо министрлигинде дагы аскердик чалгын бар, алар эмнени карап отурду? Куралдуу күчтөр чек арага топтолуп даярданып атканда, ошого адекваттуу чаралар көрүлүш керек эле. Биздин Тышкы иштер министрлиги айтыш керек эле эмнеге аскер топтоп атасыңар деп чек арага. Эми бул окуядан кийин президент -башкы командачы кетирген каталыктардын үстүнөн иштеши керек",-деди мурунку аскер прокурору, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев.
Ансыз деле өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, пандемия жакадан алып, экономикалык кризис тереңдеп жаткан эле. Андан сырткары, электр кубатынын тарифтерин көтөрүү, кумарканаларды ачуу, уу коргошун менен коронавирусту дарылоо сыяктуу маселелердин айланасында коомдук пикир удургуп турган учур болууда.
Ошентип мындай шартта жаңы Конституция менен башкарып кетүү Садыр Жапаровго абдан эле оор болчудай. Анын үстүнө өлкөдө ондогон мыйзамдарды жаңы конституцияга тууралап оңдоп чыгуу боюнча толтура иштер турат.
"Бийликтин тегерегине биригели"
Дагы жакшы, анын колунан бийлик талашкан таасирдүү күчтөр жокко эсе, күчтүү же кайсы бир деңгээлде бириккен оппозиция деле жок. Соңку окуялардан кийин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып улуттук ынтымакты чыңдоого, сырткы коркунучка каршы биригүүгө чакырган билдирүүлөргө эл кулак салып турат.
Азамат Темиркулов саясий аналитик:
"Чынын айталы, азыр бийдин бийлигибиз өзүнүн жарандарынан көп колдоо көрбөй жатат. Көп сындар айтылып жатат. Ырас, каталар көп. Бирок биз Кыргызстандын жарандары азыркыдай шартта бийликтин тегерегине биригишибиз керек",
2010-жылы бийлик алмашканда парламенттик башкаруу жолуна бет алган Кыргызстан он жылдан кийин бул системадан көңүлү калгандай болду. Анткени, партиялык тизме менен шайланган парламентке капчыктуулар, соодагерлер, көрөңгөсү тайыздар топтолуп алып, президенттин айтканынан чыкпаган мажүрөө иштеген үчүн "нотариус парламент", "олигарх парламент" деген атка конду. Ошондуктан январдагы референдумда дагы, апрелдеги референдумда дагы добуш бергендердин 80% президенттик башкарууну колдоп добуш берди.
Жазуучу жана журналист Папан Дүйшөнбаев:
"29 жылда токсонунчу жылдардын башындагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн жарымына жете албасак, биз өзгөчө чукул абал киргизе турган деңгээлге келип калдык. Ошондуктан, супер президенттик дейбизби, президенттик дейбизби, бийликти бир колго топтоп, кыйынчылыктан тез чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүбүз керек. Башка жол жок".
Эми эки тизгин, бир чылбыр колуна тийген президенттин алдында улуттук ынтымакты бекемдөө менен катар тышкы коркунучтарга бөгөт коюу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо, коррупцияны тизгиндөө, экономиканы көтөрүү сыяктуу өтө орчундуу милдеттер турат. Мурда мамлекеттик саясаттагы оош-кыйыш каталыктарга улам өкмөттү садага чаап, алмаштырып келген ыңгайлуу учур өттү дешет, эми баарына президент өзү башы менен жооп бере турган убак келди.