Садыр Жапаров: "Мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн диктатурасын орнотобуз"

Кыргызстанда 28-январда жаңы шайланган президенттин ант берүү, кызматка киришүү салтанаты болот. Ушул окуянын алдында Садыр Жапаров Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек куруп, суроолорго жооп берди. Маек өлкөнүн ички жана тышкы саясаттагы эң орчундуу маселелери жөнүндө болду.

Би-Би-Си: Кыргызстан жакпаган бийликти улам алмаштыра берген, экономикасын карабаган, туруксуз мамлекет катары таанылып калгандай. Өлкөнүн эл аралык аброюн, салмагын көтөрүү үчүн кандай кадамдарга барасыз?

С. Жапаров: Кыргызстандагы туруксуздук бийлик башындагылардын жасаган иштеринен келип чыкты. Адилетсиз болуп, мыйзамдарды сыйлабай, тебелеп-тепсеп, өзүм билемдик кылып, диктатордук иштерге баргандыктан үчүнчү революцияны кылдык. Экономикага көңүл бурулбайт дегени, бийлик башына келген ошол адамдар жана алардын айлана-тегереги акча каражат чыккан бардык булактарды, кыргызча айтканда, майлуу жерлерди басып алып, өзүлөрү байып, карапайым калкты унутуп койгонунан келип чыкты. Ошондон келип эл үчүнчү революцияны жасап койду. Ал эми эл аралык деңгээлде жылуу жана тыгыз мамиле жасалбай келди бүгүнкү күнгө чейин. Эми, кудай буюрса, мындан ары андай болбойт. Эл үчүн иштейбиз, айлана тегерегибизди көзөмөлдөгөнгө кудуретибиз, эркибиз жетет. Мурункулардын катасын кайталап, баягы эле эски тырмоокту баса бербейбиз. Мындан алыс болобуз. Ал эми эл аралык деңгээлде бардык мамлекеттер менен, кошуна өлкөлөр менен, Орусия, АКШ, Евробиримдик, Кытай жана башка баары менен тең ата, эки жактуу кызыкчылыкты көздөгөн мамиле жасап, ошону улантып кете беребиз.

Би-Би-Си: Кыргызстанда мына саясий башкаруу формасы алмашып жатат. Сиз президенттик бийлигиңиз авторитардык башкарууга айланып кетпейт деп кепилдик бере аласызбы?

С.Жапаров: Бул ар бир адамдын өзүнө жараша болот. Мен авторитардык бийликти орнотоюн деген эч кандай ниетим жок. Андай болбойт, андай кылбашка күчүбүз да, эркибиз да жетет. Убакыт да далилдейт, көрөсүздөр. Биз мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн диктатурасын орнотобуз, кудай буюрса. Бир мисал айта кетейин. Кошуна эле Өзбекстанды алалы. Каримовдун убагында укмуштуудай диктатура болчу. Муну бүт дүйнө жүзү билет, биз билебиз, коңшу өлкөлөр билет. Шафкат Миромонович Мирзиеёв келди дагы диктатураны алып салды да, бардык дүйнө жүзүнө эшигин ачты. Азыр кандай өнүгүүлөр болуп жатат. Ал өзү дагы И.Каримов менен чогуу иштешип, башкарышып келген. Ошол диктатураны улантып кете берсе болмок. Бирок уланткан жок. Азыр эми экономикалык өсүш болуп, инвестиция тартылып, элди турмушунда дагы жаңылануу болуп жатканын көрүп жатабыз. Адамдын өзүнөн деп айтканым ошол. Мыйзамдар кандай жазылбасын, Баш мыйзам кандай жазылбасын андан көз каранды болбой эле диктатура орнотом деген киши орното берет. Менде андай ниет жок. Түбөлүк эч ким жана эч нерсе болбойт. Биздин дагы убакыт бүтүп, башка заман келет. Адам баласынын жашоосунда заман улам өзгөрүп турат эмеспи. Ошондуктан биз эртеңки күнүбүздү ойлошубуз керек.

Би-Би-Си: Демократиялык өнүгүүнүн негиздеринин бири сөз эркиндиги. Сөз эркиндигин кантип коргойсуз?

С.Жапаров: Сөз эркиндигин, адам укугун коргоо бул биздин негизги, эң башкы милдетибиз! Кыргызстанда сөз эркиндигине тыюу салуу, диктатура орнотуу деген жомок сыяктуу. Андай болушу мүмкүн, бирок үч же беш жылга созулушу мүмкүн. Сөзсүз түрдө эл өз баасын берип, өзүнүн жыйынтыгын чыгарып коёт. Мына, А.Акаев мезгилинде эл мындайга он беш жыл чыдады. Акырында сөз эркиндиги чектелип, коррупция күчөп, үй-бүлөлүк башкаруу болгондо эл чыдабай кетти. К.Бакиевдин башкаруусу беш жылдан кийин эле кулады. А.Атамбаевге эптеп чыдап, мөөнөтү бүтөөр дешти. С.Жээнбековдун бийлиги болсо үч жыл жашады. Эгерде мен дагы алардын катасын кайталап, өзүм билемдик кылып, мыйзамдарды тебелесем, анда мени деле үч жылда кубалашы мүмкүн. Анткени кыргыз эли андайга чыдабайт.

Садыр Жапаров менен маек курган Би-Би-Синин проюдсери Акчолпон Койчиева. Маектин толук бөлүгүн интернеттеги "Фейсбук" баракчабыздан жана "Ютуб" каналыбыздан көрө аласыздар.