Дарыгер: Эмдөөнүн алдында ичимдиктен, чылымдан алыс болгула

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында кыргызстандыктар үч түрдүү вакцинанын каалаганын тандап, бекер алса болоорун айтты.

COVAX программасы менен алдыда AstraZeneca вакцинасынан 2 миллион 600 миң доза келет деп күтүлүүдө. Марттын соңунан бери Кытайдын Sinopharm вакцинасы сайыла баштаган. Андан сырткары өткөн апталарда орусиялык "Спутник V" вакцинасы келди. Жапырт эмдөө өнөктүгү вирус кайрадан күчөп, ар кандай имиштер тарап, уу коргошундун чуусу көтөрүлгөн учурларга туш келди. Би-Би-Си Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев менен ушул темада маек курду.

А. Кыргызбаев: 21-апрелдеги эсеп боюнча 11 миңден ашуун кишини эмдедик. Биринчи этапта медициналык кызматкерлер эмделет дегенбиз. Алардын болжолдуу саны 45 миңдин айланасында. Биздеги 150 миң вакцина кайталап сайганда 75 миң адамга жетет. Биз эмдөөдө санына карап шашкан жокпуз, сапат үчүн иштеп жатабыз. Эмдөөгө келген кишинин абалын, анамнезин кылдат текшеребиз.

Би-Би-Си: Эмдөөдөн өтөт элем деген киши эмнелерге көңүл буруп, кантип даярданышы керек?

А. Кыргызбаев: Адам биринчиден психологиялык жактан даярдануусу керек. Азыр көбү эле "Кытайдан келген вакцина экен" деп кооптонуу менен барып жатат. Мындай абалдын өзү эле терс таасирин берет. Мисалы, кан басымы жогорулап же реакция болуп кетиши ыктымал. Ошонун алдын алып, "мага бул вакцина зарыл, зыяны жок" деп оюн калыптандыруусу абзел. Анан эмдөөгө барганда жашырбай баарын айтып бериши керек. Мурда кандай оорулар менен ооруган, келээрден мурун дене табын түшүрүүчү дарыларды ичкенби же жокпу, гормондорго таасир этчү дары ичти беле? Жүрөгү ооруду беле? Ушунун баарын баяндап бергени туура болот. Азыр "менин чаңга аллергиям бар" деп далай киши эмдөөдөн оолактап жатат. Мисалы, чаңга менин да аллергиям бар. Теректер бүрдөп, гүлдөр өсө баштагандан тарта аллергия болом. Бирок, дары-дармекке аллергиям жок. Ошондуктан бул экөө эки башка деп мен өзүм да вируска каршы эмдөөдөн өттүм. Негизи эле турмушта ичкилик ичпеген, чылым чекпеген оң. Колдон келсе такыр эле мындан алыс болсок. Эмдөөгө келе турган болгон соң ичпей, толук бойдон таза келсин. Керек болсо ошол күнү чылым чекпей туруп келсе дейм. Себеби, эмдөөгө чейин тамеки чексе ал кан басымды өзгөртөт. Анан эмдөөнүн алдында ченегенде чыныгы көрсөткүч так чыкпай калышы толук ыктымал.

Би-Би-Си: Эмдөөнүн оң жактары тууралуу айттыңыз. Бирок, эл ичинде ишенбөөчүлүк бар. Анын таасири байкалып жатабы?

А. Кыргызбаев: Ооба, мисалы өткөндө вакцинадан көз жумду деп такталбаган маалымат тарап кеткени кадимкидей таасирин берди. Ошол күндөрү эмдөөгө келгендердин саны дагы азыраак болду. Жакшы жагы маалымат такталып, имиш жокко чыкканы оң болду. Азыр буюрса жаман эмес, республика боюнча алсак күнүнө орто эсеп менен бир жарым миңдей киши вакцина алып жатат. Бишкек боюнча күнүнө 400дөй адам эмделет. Ошто да көрсөткүч жакшы. Биз дарыгерлерден сырткары башкаларга да уруксат бердик. Мисалы, окууга, ишке же иш сапары менен чет өлкөгө барам деп алып жатат. Себеби, бир топ өлкөлөрдө эмдөөсү болушу керек деген талап бар экен. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул эмдөө акысыз.

Би-Би-Си: 11 миңден ашуун киши эмделген экен. Арасында вакцина алгандан кийин кыйналды, кесепети тийди деп канча киши катталды?

А. Кыргызбаев: Буюрса баары жайында. Абалы кескин начарлап кетти, кыйналып калды деп чукул кайрылгандар болгон жок. Кээ бирөө эч нерсени сезбей, кадимкисиндей эле жүрөт. Вакцина саярда күтүлгөн бир көрүнүштөр бар. Алар кайсылар? Эмдөөдөн өткөн киши сасык тумоого кабылгансып дене табы бир аз жогорулап, салмактанып же дагы бир ыңгайсыздыктарды сезиши толук мүмкүн. Себеби, организм дал ошондой реакция кылат да. Бул боло турган нерсе. Кээ бирлер эч өзгөрүүнү сезбей, кандай болсо ошондой эле жүрө берет. Бир аз кыйналдым дегендер деле 2-3 күндө эле оңой калыбына келип жатат. Бул күтүлгөн жана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан бир канча ай мурун вакцина чыкса болот эле деп көпчүлүк тилеп келди. Көп өтпөй бир эле учурда бир канча вакцина даяр болуп, эми кайсы вакцина жакшы экен деген тандоо пайда болду.

Би-Би-Си: Кош бойлууларга болбойт деп баса белгилеп келе жатышат. Бала эмизгендерге болобу деп сураган энелер да арбын

А. Кыргызбаев:Жок, азырынча болбойт. Азырынча дегеним, вакцина даярдалып, сыноодон өтүп жаткан учурда кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана жаш балдарга сыноо өткөрүлгөн жок да. Ошондон улам вакцина кандай таасир этет, эмне өзгөрүү болот же кандай кесепетин тийгизет деген суроолорго азырынча жооп жок. Буга жакынкы келечекте жооп табылса керек. Ошондуктан ага чейин боло берет деп тобокелге салууга болбойт.