Шайлоодогу пассивдүүлүк: шайлоочулардын 25,89% келген шаарлар

Кыргызстанда жекшембиде өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго элдин келиши өтө пассивдүү болду. БШК шаардык кеңештерге жалпы шайлоочулардын 25,89% (303 176 шайлоочу) гана келип добуш бергенин кабарлады.

Айылдык кеңештерге 31,81% (721 715) шайлоочу келип катышты.

Ал эми референдумдун баштапкы жыйынтыгы тууралуу БШК маалматына таянсак, президенттик башкаруу системасына ылайыкталган Конституциянын жаңы долбоорун тандоого кыргызстандык шайлоочулардын 37,4% гана добуш берди.

1 026 917 (79,31%) шайлоочу "макул" деп добуш берген. Ал эми 176 701 адам же 13,65% "каршы" добуш берди.

Референдумга баш калаа Бишкектеги 420 миңден ашуун шайлоочунун 31,31 пайызы гана катышты. Башка аймактагы көрсөткүчтөр деле ушундай эле. Эң активдүү катышуу Талас облусунда болуп, жалпы шайлоочулардын 43.52 пайызы добуш берди. Бирок Таласта шайлоочулардын жалпы саны аз болгондуктан бул 69 429 гана киши.

730 057 шайлоочу катталган Ош облусунда 39.63 пайыз шайлоочу катышты. Жалпы 596 832 шайлоочу деп көрсөтүлгөн Чүйдөгү добуш бергендер 32.77 пайызды түздү.

Мыйзамга ылайык, референдумга жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы катышса, ал өттү деп эсептелет. Ал эми "макул" болуп добуш бергендер 50 пайыздан ашуун болсо, кабыл алынды деп саналат. Жекшембиде өткөн референдумда Конституциянын долбоорун шайлоочулардын 79 пайыздан ашууну колдоду.

Чоң шаарлардагы саналуу добуштар

БШКнын алды ала маалыматы боюнча өлкөнүн экинчи ири калаасы Ошто шайлоочулардын 48 пайызы шаардык кеңештин шайлоосуна катышты. Катталган 151 960 шайлоочунун 72 миң ашууну гана добуш берди.

Эң көп добушту "Ата-Журт Кыргызстан" алды - 48,8%, экинчи орунда "Улуттар Биримдиги" - 18,0%, үчүнчү "Ыйман Нуру" 8,1% - "Ынтымак" 7.5% добуш алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсебине караганда, Бишкек шаардык кеңешине эң көп добушту "Эмгек" (13.81%) алды. "Ак Бата" - 12,55%, НДПК - 10,52%, "Ата-Журт Кыргызстан" - 10,19%, "Биздин Эл" - 7,87%, "Ынтымак" - 7,46% добушка ээ болду.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына таянсак, шаардык кеңешке баш калаа шайлоочуларынын 24,7% (103,7 киши) катышты.