You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Конституциялык реформа: Венеция комиссиясынын корутундусу
Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы долбоору боюнча өз корутундусун берди.
Жаңы документте көрсөтүлгөн президент, Жогорку Кеңеш жана сот системасынын компетенциясы жана ошондой эле адам укуктары жана эркиндиги тууралуу жоболор эл аралык стандарттарга жооп бербей деп айтылат корутундуда.
Венеция комиссиясы Конституциянын соңку долбоору президенттин башка бийлик бутактарына үстөмдүгүнө жол ачып, ал эми Жогорку Кеңештин ролун алсыздантат деген бүтүмүн берди. Ошондой эле соттордун көз карандылыгына да доо кетириши мүмкүн экендиги эскертилди. Азырынча кыргыз бийлиги абройлуу уюмдардын мындай корутундусуна ырасмий жооп кыла элек.
Бирок бул жарандык коомдун дагы бир ирет Баш мыйзамдын жаңы долбоорун чакыртып алуу талабына түрткү берди.
"Венеция комиссиясы дагы өзүнүн ыкчам корутундусунда Жогорку Кеңеш өзүнүн мөөнөтүн узартып алган учурда Конституциялык реформа өңдүү олутуу маселеде өз ыйгарым укуктарын колдоно албай тургандыгын тастыктады. 114-берене боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү-толуктоо гана киргизүү мүмкүн. Ал эми азыр Конституция толугу менен алмашылганы жатат",- дейт юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева.
Венеция комиссиясы менен ЕККУ тараткан билдирүүдө ошондой Баш мыйзамды демилгелөө укугун алган Конституциялык Кеңешменин легитимдүүлүк маселеси көтөрүлдү.
"Конституциялык кеңешме бул жолу президенттин милдетин убактылуу аткаруучунун жарлыгы менен бекиген. Андыктан ал толугу менен мыйзамдуу орган. 2010-жылы Конституциялык кеңешме Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн. Ал кезде президент, парламент, өкмөт да болгон эмес. Ал кеңешмеге Текебаев төрага, мен мүчө болгом. Конституция долбоорун иштеп чыгып анда Венеция комиссиясына жибергенде аны "жакшы, эл аралык стандартка жооп берет" деп айткан. Эмнеге 2010-жылдагы Баш мыйзамды жакшы дейт да, азыркынын кемчилигин айтат. Бул кош стандарт эмеспи?", -дейт аталган кеңешменин активдүү өкүлү Турсунбек Акун.
Былтыр октябрдагы парламенттик шайлоонун чуусунан чыккан тополоң өлкөнү саясий кризиске кептеди. Жаңы күчтөр бийликке келери менен президенттик башкарууну сунуштап, Конституциялык реформаны демилгеледи.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясы биринчи жолу 17-ноябрда коомчулукка жарыяланып, бирок "Ханституция" атыгып, жарандык коомдун сынына кабылган. Аны демилгеледи деген 80 депутаттын айрымдары жаңы редакциядан кабары жок экени да шакаба болгон.
Кийин ал кездеги убактылуу президент Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, ага 80ден ашык адам өкүл болуп, жаңы долбоордун үстүндө иштешти. Быйыл 9-февралда Баш мыйзамдын соңку долбоору коомдук талкууга коюлуп, 3-мартта Жогорку Кеңеш аны референдумга алып чыгууну бекитип берди.
Баш мыйзамды ким жазды жана ага ким жоопкер деген суроо жарандык коом тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде бул тууралуу:
"Эң биринчи, негизги жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде, анан Жогорку Кеңеште болот. Албетте, элдин өзүндө да болот. Эгер эл каалабаса бул Конституцияны кабыл албай да койсо болот. Каршы берсе да болот. Бирок элдин баары каршы добушун бербейт деп ойлойм",-деген президент.
Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өткөнү жатат. Жаңы Баш мыйзамга каршы үгүт жүргүзүп келген жаштардын "Баштан башта" уюму өткөн жекшембиде да кезектеги жөө жүрүшкө чыгышты.
"Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшүндө "Ханституцияга каршы" борборунун камактагы мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулунун бошотулушун талап кылышты. Баш мыйзам реформасына жана Жер үй алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан активист бийликти күч менен басып алуу чакырыгы жана массалык баш-аламан уюштуруу үчүн шектелип, 15-апрелге чейин камакка алынды.