You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чаташ мыйзамдар жана "бөрк ал десе, баш алмай"
Жекшембидеги референдумда Конституциянын жаңы долбоору колдоо тапкандан кийин Кыргызстан бардык мыйзамдарды электен өткөрүп, баш мыйзамга тууралап чыккан жатат. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан отуз жылдан бери карама-каршылыктуу мыйзамдар менен жашап келгенин айтууда. Биринчи кезекте кылмышты иликтөө жана жазалоо мыйзамдарындагы коллизиялар катуу сынга алынып жаткан кез.
Референдум болуп жаткан күнү сүйлөгөн сөзүндө президент Кыргызстанда алдыда системалык өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын, биринчи кезекте маанилүү иш мыйзамдардын баарын кайра карап чыгуу экенин билдирди:
"Бизде бүгүнкү күндө бири-бирине каршы келген мыйзамдар абдан көп. Айрыкча Кылмыш-жаза кодексинде, Бизде бүгүнкү күндө бири-бирине каршы келген мыйзамдар абдан көп. Айрыкча Кылмыш-жаза кодексинде, Кылмыш-процессуалдык кодексинде жана башкаларында арбын. Отуз жылдан бери биз ошол карама-каршылыктар менен жашап келдик».
"Гумандаштыруу" көйгөйү
Атамбаев президент болуп турганда мыйзамдарды гумандаштыруу деген ураан алдында Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруучулук, Жарандык-процесстик, Административдик-процесстик кодекстерди, жоруктар жана бузуулар жөнүндө жаңы кодекстер ишке киргизилген. 2019-жылдан баштап кылмыштарды иликтөө, бетин ачуу, жазалоо иштери жаңы кодекстер менен жүргүзүлө баштаган. Бирок жаңы кодекстер кылмыштуулук менен күрөшүүнү жеңилдетмек тургай, кайра толтура кыйынчылык алып келгенин сынга алышууда.
"Кабыл алынган чечимдердин баардыгы Кыргызстандын кыртышында өнүп кете турган дарак сыяктуу болуш керек, биздин менталитетти, өзгөчөлүгүн, географиялык шартын эске алыш керек да. Европалык стандартка ылайыктаганда көп нерсе кагазда калып, туура иштебей жатпайбы. Мына кылмыш-жаза жоопкерчилигин гумандаштырабыз деп коюп, азыркы күндө өзүнчө чоң көйгөйдү жараткан маселе болуп атат",-дейт юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев.
Жарандык иштер кылмышка айланганда
Президент Садыр Жапаров март айында чыгарган жарлыктарынын биринде укук коргоо органдарына жарандык-административдик тартипте чечиле турган жана жарандык, экономикалык иштер боюнча соттордо каралуучу экономикалык кылмыштар боюнча жазык иштерин козгоону жана тергөөнү токтото туруу сунушталган. Бирок ошол эле убакта укук коргоо органдарында бөрк ал десе, баш алмай көрүнүштөрү кайра күчөп жатканына нааразылык чоң. Эки адамдын аласа-бересе маселеси боюнча козголгон кылмыш иштери өтө көп. Дал ушундай жарандык иштен кылмыш иш жасаган Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөөчүлөрүнүн мыйзамсыз кысымына кабылып, тергөө абагында жаткан бишкектик ишкер Эрнис Иманалиев жакында президентке, баш прокурорго калыстык сурап кайрылганын Би-Би-Сиге анын адвокаты билдирген эле.
Кыргызстанда сот-укуктук реформасы эгемендик жылдары бийлик алмашкан сайын эле жаңырып турган процесс. Коррупцияга каршы күрөш, уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу, адам укуктарын коргоо эң биринчи кезекте айтылып келген талаптар. Бирок ошончо жылдын ичинде же укук коргоо органдарынын кесипкөйлүгү өспөдү, же милицияга ишеним өспөдү, же кылмыштуулук, коррупция тыйылбады. Бир сөз менен айтканда, "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деген мажүрөө аракеттер гана көрүнөт.
1-апрелде президенттин алдында сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү. Ошондой эле Жазык Кодекси, Жоруктар кодекси, Бузуулар кодекси баштаган бир топ мыйзамдардын колдонулушуна талдоо жүргүзүү үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүү тапшырмасы коюлду. (КС)