You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзүнүн бир тууган инисин бычак сайып өлтүргөн өспүрүм
Бишкекте "Мурас-Ордо" жаңы конушундагы баланы өлтүрүү кылмышына шектүү адам кармалды. Он алты жаштагы өспүрүм өзүнүн 12 жашар оорулуу иниси менен уруша кетип, аны бычактап салганын айтып көрсөтмө берүүдө.
Жаңы конуштагы баланын бычакталган жансыз денеси табылганы жөнүндө кабар бүтүн Бишкекти селт эттирди. Милиция кылмыш болгон жерге барып, кылмышка шектүү катары анын бир тууган агасын кармаганын билдирүүдө.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Кубатова Айзада берген маалыматка караганда, өлтүрүлгөн баланын жансыз денесин эртең менен келген энеси биринчи көрүп, милиция чакырган. Инисин карап калган улуу баласы үйдө жок болуп чыккан.
Милиция дароо эле аны шектүү катары издөөгө алып, ошол аймакты бүт иттер менен тинтип отуруп, камыштардын арасынан жашынып качып жүргөн өспүрүмдү кармашты.
Ал кармалгандан кийин үйгө барып, кылмышты кандай кылганын көрсөтүп бериптир. Көрсө, бир туугандар уруша кеткен экен, агасы инисин моюнга бычак менен сайып жарадар кылган. Алган жаракатынан иниси жан берген.
"Киши өлтүрүп ойнойбуз"
Балдардын арасында таш боорлук, кылмыштуулук, мыкаачылык азыр өзүнчө бир күчөгөн социалдык көйгөй болуп калды. Бул жөнүндө кабатыр ойлор бүгүн Бишкекте балдардын тарбиясына арналган чоң жыйында дагы айтылбай калган жок.
Балдардын тарбиясындагы өксүктөр өзгөчө социалдык илдет чырмаган үй-бүлөлөрдө көп кездешет деген пикир кеңири тараган. Биринчи кезекте ата-энеси мигрант болуп сыртка кетип, башка туугандарынын колунда калып, каралбай калган балдар жөнүндө изилдөөлөр көп. Бирок ошол эле учурда ата-энеси жакшынакай эле, кем-карчы-жок жетиштүү үй-бүлөлөрдө дагы билинбей жүрүп бир күнү дүң эткен трагедиялар болууда.
Бул балдарга чоңдордун кайдыгер мамилесинин эле кесепети, дейт "Манас" университетинин профессору Акматалы Алымбеков:
"Балдар эмне дүйнө менен жашап атат, аны чоңдор тааныбай жатат. Баягы ички сыры, кызыкчылыктары эмне, ошону такыр тааныбай атышат. Балдардын виртуалдык, натуралдык чөйрөсүнө жакындары, мугалимдери кызыкпай калды. Балда жардам күткөн, өзүн түшүнгөн адамды таппай калууда".
Ошол эле учурда ар кандай боевик кинолор, компьютердик оюндар балдардын аң-сезимине абдан катуу таасир берген өзүнчө бир көйгөй болуп жатканын педагогдор айтып эле келатат. Профессор Советбек Байгазиев бул теманы өзүнчө изилдеп да көргөн.
"Жанагы боевик фильмдер таасирин тийгизет экен. Анын ичинде түрмө турмушун көрсөткөн боевиктер. Бир бала айткан эле, компьютердик клубдарга барган эң жакшы, анткени ал жакта киши өлтүрүп ойнойбуз деп".
2019-жылы балдарга жасалган эки жарым миңдей кылмыш катталган, анын ичинен 184 оор, 36 өтө оор кылмыш болгон. Ал эми балдар арасындагы кылмыштуулук мурдакы жылга караганда он эки пайызга азайган. 2020-жылдын маалыматы жарыя боло элек, анда кылмыштуулук көрсөткүчү өскөн болушу да мүмкүн. Кылмыш кылгандар көбүнчө он алты-он сегиз жаштагы балдар экени расмий отчеттордо айтылган. (КС)