Борбор Азия: Ташкент-Бишкек мамилеси кандай өнүгөт?

Президент С.Жапаров 11-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Ташкентке барды. Жолугушуулардын соңунда президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алды.

"Тараптар конструктивдүү саясий диалогду өркүндөтүү жана кыргыз-өзбек мамилелерин прогрессивдүү кеңейтүү максатында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланышты колдоо тууралуу макулдашты",-деп айтылат расмий маалыматта.

С.Жапаров президент болгондон кийинки биринчи сапарын Орусияга жасады. Андан кийин Астанага барган. Өткөн жылдын октябрындагы Кыргызстанда болгон толкундоолор менен бийлик алмашканы региондогу лидерлердин көз жаздымында калган жок. Биринчилерден болуп Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдиргени бар. Ал бул маселени региондогу башка лидерлер менен дагы талкуулап, биргелешкен билдирүү жасашкан эле.

Соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамилелер кыйла эле жакшырганына карабастан чек ара маселесинде бир топ көйгөй бар. Айталы, Өзбекстандын Сох анклавындагылар карым-катнаш татаал болуп жатканын даттанып келишет. Ушундай маселеден улам Кыргызстандын Барак эксклавындагылар көчүп чыгууга аргасыз болгон. Чек ара тактоодо дагы эки тарапты тең ынандыра ала турган чечим кабыл алуу оңой болбой жатат. Бирок бул жагдайларга Өзбекстан чоң деле маани бербегенге аракет кылууда.

"Шавкат Мирзиёевдин администрациясы Кыргызстан менен жашыруун жана ачык тирешүүдөн алыс болуп, ишеним чөйрөсүн жаратууга жана аны бекемдөөгө аракет кылып жатат. Бул Өзбекстандын регионалдык дипломатиясынын эң маанилүү шарттары",-дейт Францияда жашаган саясат таануучу Камолиддин Раббимов.

"Президент Мирзиёев маркум Ислам Каримовдон региондогу өтө татаал мамилелерди мурастап калган эле. Анын буга чейинки аракеттеринин баары ошол бузулган мамилелерди жөнгө салууга жумшалды. Каримовдун "Өзбекстан региондогу эң маанилүү өлкө жана башкалар аны менен эсептешүүсү керек" деген теңсинбеген позициясын жокко чыгарды. Анын ордун "Өзбекстан региондун так борборунда жайгашкан өлкө жана ал баарына ийкемдүү болуп, бой көтөрүү эмес, жумшак дипломатия аркылуу баарын бириктириш керек". Акыркы жылдары өзбек-кыргыз мамилесинде чыңалуу жаратууга себеп боло турган бир топ окуялар болду. Анын ичинде Сохтун өзүндөгү жергиликтүүлөрдүн нааразылык митингдери. Бирок Мирзиёевдин администрациясы бул маселелерде эки тараптуу кызматташтык жана региондогу дипломатиялык теңсалмактуулукка басым жасап, этият мамиле жасады",-дейт эксперт.

"Азыркы маалда дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле пандемия Борбор Азияда дагы социалдык, экономикалык курч жагдайды пайда кылды. Өткөн жылга салыштырганда бардык өлкөлөрдө социалдык жана саясий чыңалуу курчуду. Кыргызстанда элдик толкундоолор арты менен бийлик алмашкан сайын региондогу башка төрт мамлекеттин бийлиги катуу тынчсызданат. Региондогу башка өлкөлөр үчүн Кыргызстандагы бийликти дароо алмаштырууга чейин жеткен коомчулуктун саясий активдүүлүгү өтө кооптуу үлгү катары кабыл алынат. Каримовдун башкаруусунан кийин Өзбекстанда сезилерлик өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, коомчулуктун саясий активдүүлүгүнө этият мамиле сакталып турат. Ошондуктан Кыргызстандагы стабилдүүлүк чоң мааниге ээ",-дейт Камолиддин Раббимов.

Өзбекстан өткөн жылы коронавирус пандемиясы курч болуп турганда Тажикстан, Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөн. Ошондой эле Баткенге 200 орундуу оорукана салып бермек болду. Ушундай эле оорукананы Тажикстанга дагы салып берүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапар учурунда суу-энергетика, коргонуу, аткезчиликке каршы күрөшүү сыяктуу тармактарда кызматташуу боюнча 22 документке кол коюлду.

"Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгында маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле биз бизнес өкүлдөрү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү жолу менен өз ара сооданы көбөйтүүгө макулдаштык. Кыргыз тарап соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосундагы бизнес форумдун жүрүшүндө соода жаатында кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында келишимдер түзүлгөнүн белгилей кетүү керек",-деди С.Жапаров.

Акыркы төрт жылда эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катыш жакшырды. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, соода жүгүртүү 2016-жылы 192 млн. доллар деп эсептелсе, өткөн жылы пандемиядан улам чек аралар жабылганына карабай 341 млн. долларга жеткен. Бирок Кыргызстан экономикасы салыштырмалуу кубаттуу болгон коңшусуна чоң көлөмдөгү деле экспорту жок. Кыргызстан көмүрдү, цементти, баалуу сары ташты, балды, эт-сүт азыктарын, минералдык сууларды, картошка, сабиз сыяктуу азыктарды экспорттоп келет. Экспорттун көлөмү 152 млн. доллардын тереги. Ал эми Өзбекстандан айыл-чарба азыктары, жер семирткичтер, пахтадан жасалган кездемелер, мөмө-жемиштер кирет. Алардын экспорт көлөмү жылдан жылга өсүп жатканы айтылат. Азыр 200 млн. доллардан ашуун.

Президенттер "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу боюнча дагы сүйлөшкөн. Бул жол эки мамлекеттин тең кызыкчылыгына туура келет деп айтылды. Бирок бул темир жолду куруу идеясы көп жылдан бери ордунан жылбай келүүдө.

Өткөн айда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов региондогу бардык өлкөлөргө иш сапары менен барды. Ооганстан, Индияга чейин барып келди. Ал регионалдык транспорттук-транзиттик долбоорлорду талкуулап, аталган өлкөлөрдүн башчыларына президент Мирзиёевдин атынан регионалдык кызматташтык боюнча Ташкентте боло турган эл аралык конференцияга чакыруу тапшырган эле. Эксперттер расмий Ташкент үчүн мындагы башкы максат дүйнөлүк океанга чыгуунун кыска жолдорун табууда жана 200 миллион калкы бар Пакистандын рыногуна кирүүдө деп белгилеген.

Камилов Кыргызстанга да келип кетти. Апрелде Өзбекстан "Борбордук Азия жана Түштүк Азия: регионалдык байланыштар: сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр" деген темадагы конференция өктөрүүдө. Аны өткөрүү демилгесин Мирзиёев өткөн жылы ноябрда ШКУнун видеоконференция форматында болгон саммитинде жарыялаган.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Өзбекстан Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. (AbA)