You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан Жакынкы Чыгыштан экстремисттерге кошулган жарандардын балдарын мекенине кайтарат
Бүгүн Жакынкы Чыгыштан өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко кошулган жарандардын балдарынын Бишкекке кайтып келүүсү күтүлүүдө. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы ырастады.
Так канча бала, каяктан келери белгисиз. Ошондой эле балдардын Кыргызстанга жеткенден кийинки тагдыры, аларга сунушталган жардам тууралуу дагы маалымат так эмес.
Буга чейин Кыргыз бийлиги Сириядагы жарандарын мекенине кайтарылат деп билдирген. Бул тууралуу парламент жыйынында юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов айткан жана аймакка атайын учак жөнөтүлөт деп кошумчалаган.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобу талкалангандан кийин жихадчылардын аялдары жана балдары Сирия менен Ирактын лагерлеринде кармалып турат. Мындай лагерлердин эң эле белгилүүсү - Сириянын түндүк-чыгышындагы Ал-Хол лагери.
Ал-Хол лагери башында 11 миң кишиге ылайыкталган, азыркы учурда 70 миңдей киши бар. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймакка Кыргызстандан 800дөн ашуун киши чыгып кеткени айтылып жүрөт. Алардын 140 чамалуусу күйөөсүн ээрчип чыгып кеткен же ар кандай азгырык менен барып калган кыз-келиндер. "Элет көйгөйү" аталган коомдук уюмунун эсебинде, Сириядагы чет жердиктер кармалган Рож жана Ал-Хол лагеринде 137 кыргызстандык аял жана 400гө чукул бала бар. Бирок маалыматты расмийлер ырастай элек.
Биз Ал-Холдо кармалып турган кыргызстандык кыздардын биринин апасы менен байланыштык.
Гульмира Н: Күндө эле кызыбыз менен телефондон сүйлөшөбүз. Алып кетсе жакшы болот эле деп зарыгып күтүп жатышат. Кызым 17 жашынан эле дин жолуна түшкөн. Андан соң бир жылдан кийин турмушка чыгып кетти эле. Эми ал келгенден кийин күнөөкөр болуп, жолугуңду чеч, көйнөгүңдү чеч деп айтпайм. Бирок, кызыл, жашыл, көк, ак дегендей түстүү көйнөктөрдү камдап койдум. Кадимкидей кийинет. Кара кийбейт. Мен кызым менен кадимкидей эле сүйлөшөм. Кошуналарым менен, достору менен дагы сүйлөшөт.
Би-Би-Си: Кызыңыздын ал жакта канча баласы бар?
Гульмира Н: Бир уул, бир кызы бар. Уулу беш жашта, кызы үч жашта. Алар кыргызча эле сүйлөшөт.
Би-Би-Си: Сиз буга чейин сүйлөшкөндө кызыңыз лагерде абдан кыйналып жашап жатканын айткан элеңиз. Алар кантип күн көрүп жатыптыр, силерге айтабы ошол тууралуу?
Гульмира Н: Эптеп эле оокат кылып жатышат да. Нан менен олтуруп калышат. Кээде кесме, картошка болуп калат дейт. Кээ бирлерине бул жактан ата-энелери жөнөтсө керек. Ошол жактан оокат кылгандар коктейль сатышат, "секонд-хенд" товар деп коёбу? Ошондой товар алып сатышат. Анысы өтпөйт, кээде өтүп калат. Ошентип эптеп оокат кылып калышат.
Би-Би-Си: Сиз сыяктуу ата-энелер балдарыбызды алып келип бергиле, алар абдан кыйналды, жаңылгандарын моюндарына алышты деп жатасыздар. Бирок билесиз да, коомдо кооптонгон көз караш да жок эмес.
Гульмира Н: Президенттин аппаратына киргенде ошону айттым. Балдар жаңылды, жаңылбаган ким бар? Келгенде силер дагы туура түшүнүү менен кабыл алгыла деп. Камакка албаган жагын карагыла дедим. Эми өздөрү жанагындай кыйынчылыкта келсе, стресс болуп келишсе. Арасында нервинен жабыркап калгандар бар. Араңдан зорго келишсе кайра алып барып туруп камап койгон туура эмес го. Ого бетер нервдери бузулуп калышы мүмкүн. Мен ал жактагылар менен сүйлөшсөм баары эле түшүндүк, биз коркунучтуу эмес экенибизге кантип ишендиребиз деп жатышат.