You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кыргызстандык "кримтөбөл" үчүн 5 миллион доллар": АКШ Бишкектеги абалга эмнеге тынчсызданат?
- Author, Наргиза Рыскулова
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
АКШ жакында эле абактан бошотулган "кримтөбөл" атыккан Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобунун каржы схемасынын бетин ачууга жардам бере турган маалыматтар үчүн 5 млн. доллар сый акы убада кылды.
Кошмо Штаттар анын убактылуу кармоочу жайдан бошоп чыкканына тынчсыздануусун билдирген. Вашингтон К.Көлбаевди "Боордоштор жамааты" ("Братский круг") аталган уюшкан топтун лидерлеринин бири жана ири наркобарон деп эсептейт.
"Боордоштор жамааты" - бир нече евразиялык уюшкан кылмыштуу топтордун башын кошкон эл аралык кылмыш тобу. Америкалык укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, алар мыйзамсыз курал жана баңгизат соодасы менен алектенип, адам сатуу жана карактоо сыяктуу кылмыштарды жасайт.
"Көлбаевдин баңгизат соода түйүнү Борбор Азиядагы, Орусия жана Еропадагы балдарды ууландырууда",-деди Көлбаев бошотулгандан кийин билдирүү жасаган АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.
47 жаштагы "Коля кыргыз" атыккан Камчыбек Асанбекти (Көлбаев) АКШнын Каржы министрлиги 2011-жылы эле "кара тизмесине" киргизип, мурдагы СССР өлкөлөрүнөн чыккан 10 кримтөбөлдүн катарында атаган.
Көлбаев тил кат менен абактан бошотулду. Убактылуу кармоочу жайга камалгандан кийин саламаттыгына байланыштуу түзөтүү колониясынын ооруканасына жаткырышкан, андан кийин тил кат менен үйүнө чыгарышты.
Төрт ай мурун анын кармалышы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки камакка алуулардын эң чуулгандуусу болуп калган эле. Октябрдагы каршылык жүрүштөрүнөн кийин Камчыбек Ташиев УКМКнын башына келди. Ал президент Садыр Жапаровдун жакын досу жана тарапташы катары белгилүү. Ташиев өлкөнү "криминалдан тазалоону" убада кылды.
Көлбаев Кыргызстанда "мыйзамдагы ууру" атыгып, 90-жылдардан тарта эле уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан.
Андан кийин укук коргоо органдары адам уурдоо, кылмыштуу уюм түзүү, куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңгизат соодалоо, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу күнөө коюп, Интерполго чейин эл аралык издөө жарыялаган. 2011-жылы июль айында Камчыбек Көлбаев Араб эмираттарынан кармалганы жөнүндө кабарлар тараган. Бир жылдан кийин ИИМ Көлбаевди Кыргызстанга алып келген.
Ага "кылмыштуу топ түзгөн, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган, курал жана баңгизат сактаган деген айыптар тагылып, үч жылга соттолгон. Абактан 2014-жылы бошоп чыккан.
Көлбаевге 2006-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру таажысын" кийгизишкен деген маалыматтар бар. Ал Кыргызстан боюнча "жооптуу" эсептелип, КМШдагы криматалыктардын бирине айланган. Ал кезде Көлбаевге издөө жарыяланган эле.
Өткөн жылы 22-октябрда Көлбаев "Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене менен айыпталып камакка алынган эле. Абакта кармоо мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылган. Адвокаттарынын арызы менен 2-мартта сот кылмышка шектүү Көлбаевдин бөгөт чарасын карап, анын жашаган дарегинен чыкпоо тил каты менен бошоткон. Соттун чечиминин аткарылышын коопсуздук кызматы аткара турганы милдеттендирилген.
УКМК Көлбаевге карата "250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча" башка дагы бир кылмыш иши иликтенип жатканын ырастап, туугандары тарабынан мамлекетке 49,6 миллион сом төлөнгөнүн билдирди. Тергөөнүн мөөнөтү бүткөнчө, тагыраагы апрелдин соңуна чейин, мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн мамлекеттик бюджетке кайтаруу аракети көрүлөт деди атайын кызмат.
Бул каражаттарды төлөгөн соң Көлбаевди бошотобу же жокпу, ал жагы белгисиз.
Коррупция менен күрөшүү - Садыр Жапаровдун жаңы өкмөтүнүн негизги чакырыктарынын бири. Шайлоо алдындагы анын негизги күзүрү дагы "мурдагы саясий элита тарабынан уурдалып, тонолгон каражаттарды кайра кустуруу, тагыраагы, мамлекетке кайтаруу тууралуу убаладары болду. Бул үчүн экономикалык амнистия жарыяланган.
Буга чейин Жапаровду оппоненттери кылмыш дүйнөсү менен байланыштары бар деп айыпташкан. Тактап айтканда, Көлбаев менен жакын мамиледе деген сөздөр айтылды. Бирок Жапаров муну кескин четке какты.
Абактан бошотулган Садыр Жапаров күтүүсүз жерден каршылык жүрүштөрүнүн лидерине айланганда АКШ кабатырланган билдирүү таратып, Кыргызстанда кылмыш топтору саясатка кийлигишип жатат деп белидрүү тараткан эле.
"Коррупциянын символу"
Көлбаевден сырткары УКМК тарабынан өлкөдөгү таанымал кишилердин бир тобу кармалып, оор айыптар коюлганына карабастан абактан бошотулгандар бар.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан иштер дагы кыргыз коомундагы эң чуулгандуу жана көп талкуу жараткан иштердин бири.
Матраимодун ысымы коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Иликтөө авторлору Матраимов бажыдагы коррупция аркылуу кеминде 700 миллион доллар жымырган деп эсептейт.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси бул иликтөөлөрдү өлкөдөгү акыркы бир жарым жылдагы эң маанилүү окуя деп атаган. Иликтөө жарыялангандан кийин Матраимовду камакка алууну жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү талап кылган кыймылдар жанданды. Өлкө баш калаасында ар жекшемби сайын антикоррупциялык жүрүштөр өтүп турду.
Бул каршылык жүрүшү акырындап "Реакция" аталган оппозициялык жаштар кыймылына айланды. Жаңы бийлик келгенден кийин бул жаштар жекшемби сайын конституциялык реформага каршы жүрүш өткөрүүдө.
Матраимов өзүнө тагылган айыптарды жалаа катары четке кагып келет.
Буга чейин АКШ дагы Матраимовду жоопко тартууга үндөдү. Өткөн жылы декабрда АКШ Райымбек Матраимовду жана анын жубайын "кара тизмесине" киргизди. "Магнитский акты" боюнча кара тизмени АКШнын Каржы министрлиги түзөт. Матраимовдун жубайы дагы бул тизмеге киргенин мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисинин Раим Матраимов тууралуу айтканы тергөөгө басым болот деп билдирди. Министрлик бул өлкөнүн ички иши экенин айтты. Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүсүн "Твитердеги" баракчасынан жарыялады.
"АКШнын элчиси Дональд Лунун жакында жергиликтүү медиага чыккан видео кайрылуусунда ички иштерге кийлигишүү жана тергөөгө басым элементтери бар. Эл аралык мамилелердин жана улуттук мыйзамдардын бул кыйшайгыс принциптери эч кандай жакшы ниет менен да бузулбаш керек", - деп айтылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Өткөн жылдын октябрь соңунда Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын маалымдаган. Көп өтпөй Р.Матраимов кармалып, бирок эки миллиард сом мамлекеттик казынага төлөп берүүгө милдеттендирилип кайра бошотулган.
Бишкектин 1-Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовду 260 миң сом айып пулга жыкты. Сот чечиминде "бөгөт чарасы жокко чыгарылып, Бишкектеги жана Оштогу батирлери, коттеджи, автоунаасы", ошондой эле "Матраимовдун атындагы жана анын жакындарына таандык банк эсептери дагы камактан чыгарыла" турган болду.
Сотто анын тергөө менен кызматташканы, мамлекетке келтирилген 2 млрд сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун төлөп бергени айтылды. Анын адвокаттарынын айтымында зыяндын 1 млрд 398 млн сомун накталай жана калганын кыймылсыз мүлктөрүн берүү менен төлөгөн. Өткөн жыл соңунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдиргендей, 10 кыймылсыз мүлктүн бирөө Бишкектеги "Эльдорадо" соода борбору, тогузу батир.
Сот чечими интернеттин кыргыз сегментинде кызуу талкуу жаратып, аны сынга алгандар көп болгон.
Бирок төрт айдан соң кайра аны камакка алышты. Бул жолу аны кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпташты. Учурда Матраимов ден соолугуна байланыштуу жеке клиникага которулган.
Дипломатиялык мамилелердин суушу
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Матраимов боюнча биринчи жолу билдирүү жасаганда кыргыз бийлиги ага сын көз карашта карады. Кыргызстандагы кырдаалды мафия жөнүндө тасмалар менен салыштыруу орунсуз экенин эскерткен.
Бишкек менен Вашингтон ортосундагы мамиле 2007-жылдан тарта эле сууй баштаган. Дипломатиялык мамилелер болсо 2020-жылы абакта каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланыштуу бузулган. АКШ менен БУУ өмүр боюу эркинен ажыратылган Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча Кыргызстанга өтүнүч берген. Бирок көптөгөн эл аралык өтүнүчтөргө карабастан сот чечими акыр аягына чейин күчүндө сакталды.
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин Кыргызстан 2015-жылы бир тараптуу денонсациялады. Буга АКШ абакта жаткан Аскаровго сыйлык бергени себеп болгон.
Денонсациядан кийин Вашингтон каржылык жардамдарын кыскартты. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карт берүүнү токтотту. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кыргызстандыктардын АКШга киришин чектөө кыргыз паспортунун сапатына байланыштуу деген. Бул чектөөлөр Жо Байден президентикке киришкенден кийин жокко чыгарылган. (AbA)