Райымбек Матраимов боюнча сот өкүмү чыкты

Бишкектин 1-Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовду 260 миң сом айып пулга жыкты.

Сот чечиминде "бөгөт чарасы жокко чыгарылып, Бишкектеги жана Оштогу батирлери, коттеджи, автоунаасы", ошондой эле "Матраимовдун атындагы жана анын жакындарына таандык банк эсептери дагы камактан чыгарыла" турган болду.

Сотто анын тергөө менен кызматташканы, мамлекетке келтирилген 2 млрд сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун төлөп бергени айтылды. Анын адвокаттарынын айтымында зыяндын 1 млрд 398 млн сомун накталай жана калганын кыймылсыз мүлктөрүн берүү менен төлөгөн. Өткөн жыл соңунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдиргендей, 10 кыймылсыз мүлктүн бирөө Бишкектеги "Эльдорадо" соода борбору, тогузу батир.

Сот чечими интернеттин кыргыз сегментинде кызуу талкуу жаратып, аны сынга алгандар көп болууда.

Өткөн жылдын октябрь соңунда Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын маалымдаган. Көп өтпөй Р.Матраимов кармалып, бирок эки миллиард сом мамлекеттик казынага төлөп берүүгө милдеттендирилип кайра бошотулган.

Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Садыр Жапаров жеке өзү саясий чечим кабыл алганын айткан эле.

"Райымды азыр алып барып беш секундда камап койсок болот. Ал төрт дубалда жата берет. Бир тыйын келбейт, анткени ал камалган соң эсептеринин баары жабылат. Ал өзү болмоюн акчалары которулуп келбейт. Мындайча айтканда кустура албайбыз. Сот иши жылдап уланат. Мына азыр конфискация кылабыз, камап жатып алып ишин тергейбиз десек анда макул бир үйүн, машинесин алат экенбиз, дагы бир имараттын алат экенбиз. Ал 24 миллион эмес, эки миллионго да чыкпаган мүлк болот да. Бир эле Райымбек эмес, башка коррупционердин баарын кустурабыз. Антпейби анда камайбыз. Мына ал камалганда эле дароо 80 миллион сом төктү, эми тергөө менен кызматташып, ноябрдын аягына чейин 2 миллиард сөм төгүп берет. Бул башталышы эле",-деген С.Жапаров.

"Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов бажы кызматында көп жыл иштеген. Ал 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Анын ысымы коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Бирок ал бул дооматтарды четке кагып келүүдө. Аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен Бишкекте митингдер өткөн эле.

Декабрда АКШ Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы "кара тизмесине" киргизди. "Магнитский акты" боюнча кара тизмени АКШнын Каржы министрлиги түзөт. Матраимовдун жубайы дагы бул тизмеге киргенин мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.

Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова тууралуу буга чейин Factcheck.kg сайты иликтөөсүн жарыялап, коомдук сайттарда жарыяланаган сүрөттөр аркылуу өтө кымбат жана асемдүү буюмдарын, мүлктөрүн эсептеп чыкканы бар. Маселен, иликтөөдө кол саатынын баасы эле 2,6 млн. сомго бааланганы айтылган. Иликтөөчүлөр сүрөттөр аркылуу талдоого алынган буюмдардын жалпы баасын 24 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деп белгилешкен. Бирок Матраимовдун жакындары коррупция боюнча айтылган айыптоолордун баарын кескин четке кагып келүүдө.