Ош: Мектеп окуучуларын бычактаган шектүү кармалды

милиция

Сүрөттүн булагы, Ош ШИИБ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илюстрациялык сүрөт

Ош шаардык милициясы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү катары 17 жаштагы боз улан кармалганын кабарлады. Эске сала кетсек, бүгүн Ош шаарында эки бала бычакталып, бири ооруканада каза тапканы белгилүү болгон.

"Ош шаарында бүгүн катталган өспүрүм баланы өлтүрүүгө шектүү катары 2004-жылы туулган К. уулу А. кармалды. Кармалган учурда жанында кастет болгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну, Алай районунда туулган. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен сөз айтыша кеткендиктен баргандыгын айтып берди. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген. Аны менен кошо кылмыш болгон учурда жанында турган эки шериги да кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жаны жагдайлар болсо, кошумча маалымат беребиз",- деп айтылат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бүгүн түштөн кийин Ош шаарында бычакталган эки боз уландын ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат тарап, алардын бири алган жаракатынан ооруканада каза тапканын милиция тастыктаган.

"Тилекке каршы алардын бирөө 2004- жылы туулган К. Б. ооруканада көз жумган. Экинчиси, 2004-жылы туулган Н. С. оор абалда. Операция жасалууда. Жабырлануучулар Нариманов орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Окуя мектептен сырткары, мурдагы "Ареопаг" дүкөнүнүн арткы тарабында болгон",-деп маалымат тараткан милиция.

Окуучулар арасындагы мындай окуялар Кыргызстанда көп катталып келүүдө. Өткөн жылы Аксы районунда мектеп окуучусун классташтары аёосуз сабаганы тартылган видео тасма тарап, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Бул окуя мектептеги ээнбаштык маселесин козгоп, коомчулукта мугалим, ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу талкууларга жем таштаган эле.

Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан тарта окуучулар аралыктан окутууга өтүп, жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштаган. Кийин баш калаадан сырткары аймактарда мектепти ачууга уруксат берилди. Январдан ортосунан тарта Бишкекте 1-5-9-11-класстар үчүн мектеп ачылган.