You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Парламенттик же президенттик? Үгүтчүлөр каттоодон өтүүдө
Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымат таратып, 10-январга дайындалган өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда "макул" же "каршы" үгүт жүргүзө турган топтордун саны онго жеткенин билдирди.
БШК маалыматына таянсак, президенттик республикага "макул" деп 5 үгүт тобу каттодон өттү. Парламенттик республикага "макул" - 2 үгүт тобу, президенттик республикага "каршы" - 1 үгүт тобу, бардык варианттарга каршы - 2 үгүт тобу.
Бул топтор мыйзам чегинде референдумга чейин эл арасында үгүт иштерин жүргүзөт.
10-январга президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум белгиленген. Мындан он жыл мурун парламенттик башкаруу жолун тандаган Кыргызстан кайрадан бул жолдун тууралыгынан шектенип, президенттик башкаруу жолуна кайтып барууну референдумда элдин элегине койгону жатат.
Кыргызстан 2010-жылы кан төгүлүп, бийлик алмашканда парламенттик башкаруу жолун тандаган эле. Он жыл өткөндөн кийин шайлоодон чыккан чырдан бийлик алмашып, кайсыл жол туура деген суроо кайрадан талкууга түштү.
Референдум боюнча жарандык активисттердин каршылык акциялары уланууда. Өткөн жекшембиде дагы Бишкекте мыйзамдуулукту колдоо боюнча жарандык жүрүш болду. Референдум мыйзамы одоно укук бузуулар менен кабыл алынды деп, Конституциялык саясат институту Конституциялык сотко кайрылганы маалым.
Учурда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталган. Бирок жалпы 18 талапкердин ичинен үч-төрт талапкер гана активдүү жүргүзүүдө.