"Президенттин диктатурасы": Конституциянын жаңы редакциясы талкууда

Жогорку Кеңештеги демилгечи депутаттар Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоорун парламенттин расмий сайтына жарыялап, коомдук талкууга койду. Жаңы долбоордо президент менен парламентке тийиштүү бөлүмдөрү олуттуу өзгөртүлүп, ошондой эле Элдик курултай институтун киргизүү каралган.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө Конституциянын «Мамлекеттик бийликтин органдары» деген III бөлүмү "элдик массалардын талаптарын эске алуу менен олуттуу кайра каралууга дуушар болду" деп айтылат.

«Президент» деген I главасындагы Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн президенттин институту өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ал мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес. Өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттик жана өкмөттүк институтту кайра түзүү Президент Өкмөттүн башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындоосун карайт. Бул дайындоолор Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт".

Мамлекет башчысынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт деп айтылат.

Жогорку Кеңешке тиешелүү жоболоруна өзүнчө жаңы өзгөртүүлөр сунушталды. Аларга ылайык 5 жылга шайлануучу 90 депутатты шайлоо каралган. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо -мажоритардык же пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) болот деп көрсөтүлгөн.

Долбоордо Элдик Курултай (Конституциянын 7-беренеси) формасында элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органын орнотуу сунушталат.

"Элдик Курултайга өзүнүн ыйгарым укуктарынын арасында Элдик Курултайдын Төрагасынын, Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет",-деп көрсөтүлөт.

Жаңы долбоорго демилгечи болуп жаткан 80 депутаттын тизмеси жазылган. Бирок алардын ичинен кээ бири бул документке авторлош экенин социалдык медиадан билип жатканын айтууда.

"Ушул долбоорго автор болуп калганымды мен кечинде социалдык тармактан окудум. Мурдагы күнү Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар Конституцияны өзгөртүү демилгеси менен кол топтоп жатышканын билдиришти. Мен парламентаризмди жактоочу катары ушул процесске катышуу ниетимде кол коюп бергемин. Бирок кечээ мага даяр долбоорду көрсөтүштү. Мен дароо эле макул эместигимди айттым. Бул сөзүмдү ошол жерде турган депутаттар дагы тастыктайт",-деп билдирди депутат Эмил Токтошев.

"Архаизация - артка кайтуу"

Жалпысынан алганда жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда азыркы парламенттик-президенттик башкаруунун ордуна президенттик башкарууну киргизүү сунушталып жатат. Бул сунуштар өлкөдө саясий күчтөрдүн ортосунда курч талаш-тартыштарды пайда кылары турган иш. Анткени, экс-президент Роза Отунбаева, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы референдумда кабыл алынган баш мыйзамдагы парламенттик башкаруу жолунан кайтуу чоң катачылык болот деп жатат.

ЖК депутаты Садык Шернияз так ушул парламенттик башкаруу жолун сактап калыш үчүн президенттикке талапкер болуп аттанганын билдирген.

"Депутаттар эмнеге кол койгонун өздөрү билбей калдыбы деген ой калтырды. Конституциянын долбоорун бербей эле кол кой деген сураныч түшүп жатат деген сөзгө эми ишендим. Бул Конституция Кыргызстанды кайта 20-30 жыл артка алпарып таштай турган Конституция. Анткени, бул Конституцияда президенттин диктатурасы, бири-бирине жолтоо боло турган структуралар жазылыптыр... Бул деген толук президенттик диктатура",-деди Садык Шер-Шернияз "Фейсбуктагы" маегинде.

"Конституциянын жаңы редакциясы бул өлкөнүн демократиялык жолдон кайтышы!",-деп жазды коомдук ишмер Алмаз Тажибай.

«Глобализация шартында демократиялаштыруу эле эмес, архаизация - артка кайтуу, өткөн доордун наркына кайтуу процесси дагы болуп жатат. Кыргызстанда элдин бир бөлүгү, шаардыктары тез демократиялашты, а башка бөлүгү архаизация болууда. Мына ушул жерде конфликт. Бирөөлөрү өткөндөн, башкалары келечектен жол издеп жатышат», -деп жазды ЖКнын мурдакы төрагасы Зайнидин Курманов "24.kg." агенттигине.

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов өз кезегинде бийликтин узурпациясы жөнүндө жазды. "Президент мамлекет башчысы эле эмес, ошондой эле аткаруу бийлигинин да башчысы болот. Ошол эле учурда эч кандай ыйгарым укугу жок өкмөт башчысы жөнүндө өзүнчө бап бар. Эч кандай! Президент бийликтин бардык бутактарын жана мамлекеттик органдардын баарынын дайындалышына таасир этет. Парламент бир мандаттуу 90 депутаттан турат, алар бардык дайындоолорго макулдук берет. Ошол эле учурда депутаттардан өкмөткө жана анын мүчөлөрүнө ишеним жоктугун билдирүү укугун алып коюшту...бул Конституцияны кабыл албайлы, шылдың болобуз. Жетинчи чакырылыштагы депутаттарга калтыралы бул ишти".

Жаңы долбоорго демилгечи депутаттар 10-январдагы президенттик шайлоо күнү кошо референдум өткөрүп, жаңы Конституцияны кабыл алууга жетишүү максатын билдирди. Демек, алдыда өлкөдө бир эле президенттик шайлоо эмес, эки башка саясий система менен идеологияны жактаган күчтөрдүн ортосунда күрөш жүргөн жатат. (КС)