Коронавирус: Европа кайра карантинде, коркунуч жараткан норкалар

Англия, Дания, Греция жана Италия кайрадан локдаунда. Кипр коменданттык саат киргизсе, буга чейин кырдаал жакшы болуп келген Норвегия кырдаал оорлошуп жатканына тынчсызданууда. Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланышкан кырдаал тууралуу айтып беребиз.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавируска кабылган кишилер саны 48,2 млн, каза тапкан бейтаптар 1,2 млн. жетти.

Англияда бейшембиден тарта экинчи локдаун башталды. Кеминде 2-декабарга чейин уланышы мүмкүн. Азы-түлүк дүкөндөрүнөн башка соода жайларынын баары жабылды. Андан сырткары барлар, ресторан, спортзалдар жана башка көңүл ачуу, оюн-зоок мекемелери ишин токтотту. Транспорт азырынча штаттык режимде иштеп жатат. Тургундарга зарылчылык болбосо, үйдөн чыкпоо катуу эскертилди. Бирок биринчи локдаундан айрмаланып, британ бийлиги мектеп менен окуу жайларды жапкан жок. Өткөн суткада Британиядагы коронавируска кабылгандар дагы 24 миң кишиге көбөйдү. Бир суткада 378 бейтап каза тапты.

Бейшембиден тарта каржы министрлиги кырдаалдан улам мөөнөтсүз эмгек өргүүсүнө чыгып кетүүгө аргасыз болгон жарандарды каржылоо программасын марттын соңуна чейин узартты. Англия банкы британ экономикасын кармап туруу үчүн кошумча 150 млрд фунтов стерлинг бөлдү.

Даниянын бийлиги норкаларга коронавирус мутацияланып, кишиге жугуу коркунучу жаралгандыктан бир катар аймактарга карантин киргизди. Бул өлкө норканын терисинен жасалган мехтердин эң ири өндүрүүчүсү. Окумуштуулар мутацияланган вирус коронавируска каршы иштелип жаткан кандай гана вакцина болбосун натыйжалуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун программалык директорунун милдетин аткаруучу Майкл Райан бул боюнча кеңири илктөө жүргүзүүгө чакырды.

Данияда мындай фермаларда норкаларды жок кылуу чечими кабыл алынган. Испания менен Нидерланддар дагы ушундай эле макулуктар багылган фермаларында текшерүүнү күчөттү.

Кыргызстандагы абал

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо расмийлери оорунун тароо көрсөткүчү ноябрдын орто ченинде жогорку жекке жетерин болжоп турат. Өткөн суткада төрт киши COVID-19 илдетинен каза тапканы айтылды. Вирус жукканы жаңы аныкталган учурлар 500дүн тегерегинде болуп жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 61 309 кишиден вирус аныкталган. Илдеттен жалпысы болуп 1167 бейтап кайтыш болгон.

Кыргызстанда октябрдын башынан тарта вирустун жаңы аныкталган учурлары көбөйө баштады. Адистер буга кишилердин санитардык эрежелерди сактабай жатканы себеп болуп жатканын айтууда.

Көпчүлүк өлкөлөрдө күчөтүлгөн этияттык чараларынан кийин салыштырмалуу июль-август айларында кырдаал жайгарыла түшкөн эле. Сентябрдын орто ченинен тарта коронавирус инфекциясы кайрадан күчөп, кооптуу абал түзүлдү. Жазындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдөн да ашып түшкөн учурлар катталды.

Адистердин пикиринде бүт дүйнө жүзү боюнча пандемиянын биринчи соккусу негизинен ири мегаполистерге урулса, эми инфекция элет жерине, чакан шаарларга, айылдарга жетүүдө. Илдет ири транспорт борборунан алыскы аймактарга тарады. Алар үчүн "экинчи толкун" иш жүзүндө "биринчи" жолу болуп жатат. Анткени өткөндө айылдарга оору көп тараган эмес эле.

Пандемия тууралуу интернеттен гана кабардар болуп жаткан элет аймагы эми илдет менен бетме-бет келүүдө.

Кыргызстандын айыл-аймактары буга даярбы? Буга чейинки Би-Би-Сиге маегингде Саламаттык сактоо министрлигине жаңы келген жетекчи Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун жаңы толкунуна жер-жерлерде стационарлар, дарыгерлер жана дары-дармектер жагынан толук даярдык бар деп ишендирген.

"Ар бир райондогу ооруканаларда, мисалы июнь-июль айларында 130 оорулуу түшкөн болсо, бир эле участокту Кеминди алалы, азыр 150 койка даярдадык. Мен өзүм бир сыйра кыдырып көрүп чыктым. Баарын карап сүйлөшүп, жетиштүү санда койкаларды даярдап койдук, адистерди, дары-дармегин даярдап койдук. Жекече коргонуу каражаттары мурда жетишпей келген, анын баарын даярдап койдук, бүт баары даяр",-деген жаңы министр.

Ошондой болсо дагы өлкө бийлиги бул маселеге олуттуу карабай жатат деген сын-пикирлер айтылып жатат. Маселен, апта башында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушууга Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда стадионго көп сандагы эл жыйналды.

"Массалык иш чараларды өткөрбөш керек, кээде айтканга туура келип жатат. Бул эрежелер бузулганда жаңы учурлар пайда болууда, саясий окуялар оорунун жугуп жайылышына алып келди, дагы эле жайылууда. Биздин каада-салттагы иштер ага кошул-ташыл болуп жатат, үйлөнүү-үлпөттөрүнө, аш-тойлорго эл көп чогулууда",-деген эки күн мурун басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Коронавирус басаңдабай жатканда ага кошул-ташыл болуп сасык тумоонун сезону башталганы дагы кырдаалды оорлоштурууда дейт дарыгерлер.