You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Силердин кулуңар кайтып келди": Мырзакматов Ошто
Бозгундагы саясатчы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келди. Аны тарапташтары түн ортосуна чейин күтүп, аянттан кетпей турушту.
Ал тарапташтары алдында чыгып сүйлөп, өлкөдө оор кырдаал түзүлүп турганына токтолду.
"Бүгүн мамлекет мыйзам талаасынан чыгып кетти. Баарыбыз аракет кылып, мыйзам талаасына чыгышыбыз керек. 2010-жылы дагы ушундай болуп, кызмат талашышкан. Азыр да ошондой болуп жатыптыр. Кээ бир бузуку топтордун идеологиясын көрүп турам",-деди Мырзакматов.
Ал ошондой эле аймактык жиктелүүгө жол бербөөгө чакырды.
Мелис Мырзакматов Кыргызстандын саясий айдыңында таанымал саясатчы. Убагында Ош шаарын өнүктүргөн чарбакер жетекчи, ошону менен бирге кылдат саясатчы катарында таанылган. Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы улуттук кагылышууларда ал улутчул саясатчы катары эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келген.
2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр М.Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, анын жүрүшүндө мамлекетке ири суммада 29 млн сом зыян келген деп тапкан. Ал Кыргызстандан чыгып кетип, ага расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды саясий негизде деп, четке кагып келүүдө.