Президенттин сайты Жээнбековдун куттуктоосун жарыялады

Сүрөттүн булагы, President.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия Федерациясынын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаганын president.kg сайты жарыялады.
"Кыргыз Республикасында кыргыз-орусия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат",- деп айтылат куттуктоо катта.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле кызмат ордунда. Бирок анын колунда мурдагы бийлиги жок. Шайлоодон кийинки нааразылык акциялары курчуп кетип, демонстранттар Ак үйдү, өкмөттүк мекмелерди ээлеп алышкан. Президент азыр кайда экени белгисиз. Кечээ анын Бишкекте эле экени айтылган болчу. Ал ортодо Бишкекте жаштар президиденттин импичменттин талап кылган митинг өтөрүүдө.
Президент Жээнбековдун Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү.
"Алардын максаты шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын болуп турат. Баарыбыз көрүп жатабыз, эрте менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем",-деди президент Жээнбеков.










