Карабахтагы биринчи апта: Азербайжандын чечкиндүүлүгү жана Түркиянын таасири

27-сентябрдын таңында башталган Карабахтагы кагылышуулардын биринчи аптасы согушка айланды. Убактылуу ок атышуу эмес, кадимки согуштук аракеттер жүргөнүн көрдүк. Бул согушта Азербайжан тарап мурда болуп көрбөгөндөй чечкиндүү жана катаал аракеттерге барууда. Карабах жаңжалы тутанган 30 жыл ичинде мындай болгон эмес эле.

Түркия Бакуну ачык эле колдоп чыкты. Башка дүйнөлүк державалар ок атышууну токтотуп, сүйлөшүү аркылуу маселе чечүүгө чакырууда.

Түркиялык лидерлер, президент Режеп Тайип Эрдогандан баштап, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бул жолу "Карабахтагы армяндык оккупация" токтотулгандан кийин гана тынчтык сүйлөшүүлөрү болушу керек деген позицияда. Башкача айтканда, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Азербайжан аймагынан Армения аскер күчтөрүн толук чыгарып кетиши керек.

Түркия саясий колдоодон тышкары Азербайжанды аскер техникалары менен жабдыган. Тагыраагы, дрондорду бергени айтылды.

Армения дагы бул жаңжалда чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жатат. 1991-1994-жылдардагы согуш маалындагы кыргын жана зомбулук эки өлкөнүн элине тең терең кайгы, психологиялык сокку алып келген.

"Алардын максаты - армяндар. Алардын максаты - армян геноциди боюнча саясатты улантуу",-деди апта соңундагы элге кайрылуусунда премьер-министр Никол Пашинян.

Карабахтагы согуштук аракеттердин масштабы буга чейинки жаңжалдардын баарын басып өтөт. Тараптар кармашка жүздөгөн аскер техникаларын жана реактивдүү артиллерияны салды. Азербайжан тараптан сокку берүүчү жана чалгын дрондору колдонулууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги күн сайын дрон аркылуу урулган соккулардын видеосун жарыялап жатат. Адистер мындан улам армяндык аскерлер катуу соккуга кабылууда деген божомолун айтууда.

Жоготуулар тууралуу так маалыматтарды эки тарап тең ачык жарыялаган жок. Башка ачык булактардан маалымат алуу мүмкүн эмес.

Армения каза тапкан аскерлердин аты-жөнүн жарыялаган. Ага ылайык, жекшембиге карата 207 аскери набыт болду.

Азербайжан болсо аскердик жоготуулар тууралуу эч кандай маалымат чыгарган жок. Жалаң гана жайкын тургундар арасындагы жоготууларды (24 киши) айтып чыкты.

3-октябрда Азербайжан президенти Ильхам Алиев алты кыштакты көзөмөлгө алышканын кабарлаган. Кагылышуулардын биринчи эле күнүндө азербайжандык аскерлер Мардакертти курчоого алганын билдирген эле. Кийин бул тууралуу бир да жолу эскерилген жок.

Жекшембиде армян аскерлери Азербайжандагы экинчи ири шаар Гянжды бутага алды. Шаар фронт тилкесинен 30 чакырым аралыкта. Түштүктөгү аты аталган айыл-кыштактар спутниктен алынган сүрөттөргө караганда дээрлик аңгырап бош жана урандыга айланган. Анткени 1990-жылдардын башында азербайжан айылдары бош калган, элдер коркуп качып кетишкен эле.

4-октябрда Ильхам Алиев "Твиттер" баракчасына район борбору болгон Жебраилди ээлешкенин жазды. Бул аймак Иран менен чек арага жакын.

Армян тарап болсо муну четке какты. Бирок Жебраил кимдин көзөмөлүндө турганын анык билүү мүмкүн болбой турат.

Эки өлкө ортосундагы конфликтин чордонунда Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон.

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат. (AbA)