Тоолуу Карабах эки күндүк согуштан кийин

Армения менен Азербайжан 1994-жылдагы согуштан берки эң олуттуу аскер кризисине кептелди.

Бирок аскердик аракеттердин чыныгы масштабын, ага тартылган күчтөр, соккунун багыттары жана жүрүшү тууралуу баа берүү татаал болуп турат. Анткени эки тарап тең сыр жашырып, бурмаланган маалыматтар көп тароодо.

Ошондой болсо дагы тараптар жарыялап жаткан видео жана сүрөттөрдөн жаңжалга оор аскер техникасы, артиллерия, дрондор тартылганын көрүүгө болот.

Жоготуулар тууралуу маалыматтар дагы так эмес. Тараптар каршылаштарынын жоготууларын көбөйтүп айтууда. Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде маалымат таратып, 84 аскер кызматкери набыт болгонун ырастады. Алардын 26сы кечээги кагылышта каза тапкан.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жекшембидеги ок атышуулардан карабахтык аскерлердин 550 чамалуусу набыт болду жана жаракат алды деп кабарлаган эле. Армения тарап бул маалыматты четке кагып, Азербайжандын жоготуулары жекшембиде эле 200 кишини түзгөнүн айтты.

Кагылышуулар кайсыл аймакта жүрүүдө?

Армениянын Коргоо министрлиги азербайжандык танктар чабуулга өткөн маалда тартылган видеону таратты. Анда танктардын бирөөсүнө сокку урулат. Жекшембиде эрте менен Азербайжан расмийлери "каршы чабуул операциясын" жүргүзүп жатканын билдирген. Армениянын коргоо министри дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында Тоолуу Карабах менен Азербайжан чек ара тилкесин бойлой аскердик аракеттер жүрүп жатканын ырастады.

Эки тарап тең маалымат агымын катуу көзөмөлдөп тургандыктан, расмий кабарлардан башка бир дагы көз карандысыз булак жок.

Аскер эксперти Азад Исазаде Би-Би-Сиге маегинде Азербайжанда интернет-трафик катуу чектелип жатканын айтты. Биринчи кезекте коомдук сайттар жана медианын кабарлары.

Азербайжандын расмий кабарларында Талыш айылына жакын жердеги бийиктик жана Муровдаг тоо кыркалары тууралуу сөз болууда. Андан тышкары согуштук аракеттер Мардакерт шаарынын жака-белинде жүрүп жатканын болжоого болот.

Азербайжан тарап Физулин жана Жебраил райондорундагы бир нече калктуу конуштарды көзөмөлүнө алганын билдирген. Бирок муну армян тарап тастыктай элек. Би-Би-Сиге маалымат берген Армения өкмөтүнө жакын булактар бул райондордо кармаш жүрүп жатканын гана ырасташты.

Эки күндүк согуштун жыйынтыгы

Азербайжан Физулин жана Жебраил райондорундагы жети айылды көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул аймактарды армян куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп келген. Ошондой эле Азербайжан күчтөрү Муровдаг тоосуна көзөмөлүн орнотконун кабарлады. Бул Кавказдагы эң бийик чокулардын бири. Анын бийиктиги 3340 метр.

Бийиктикти көзөмөлгө алуу менен Варденис-Мардакерт стратегиялык автоунаа жолун көзөмөлгө алууга мүмкүн. Унаа жолу аркылуу Армения Карабахка кошумча күчтөрдү жөнөтүп турат. Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын өкүлдөрү тоого көзөмөлдү кайра кайтарып алганын айтууда.

Андан сырткары Азербайжан Талыш айылы жайгашкан жердеги бир нече бийиктикти көзөмөлүнө алганы тууралуу кабар таратты. Жыйынтыгында канча аймак көзөмөлгө алынганын айтуу кыйын. Шейшемби күнү дагы согуштук аракеттер уланып жатканы белгилүү болду.

Аскер эксперттери масштабдуу операция тууралуу эч кандай кеп жок деп айтууда. Кармаштар чек ара тилкесинде жүрүүдө.

Аскер эксперти Азад Исазаденин пикиринде, Азербайжан армиясы чабуулга өтүү операциясын атайын максат кылып, даярдык көргөн эмес. Болгону Карабах аскерлеринин аракетине каршы реакция кылды.

"Азербайжан жөн эле жооп кайтарды. Жооптуу соккуну уруп, Толуу Карабахтагы өзүнүн юрисдикциясын калыбына келтирүүгө умтулду. Эгерде соккунун багытын карап көрө турган болсок, Азербайжан азыр түштүктөгү иран-азербайжан чек арасындагы көзөмөлүн калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткандай[...]. Ошондой эле армян-азербайжан чек арасына көзөмөлүн кайтаруу аракетинде".

Эксперттин болжолунда, Азербайжан мына ушул максаттарына жеткен соң, Тоолуу Карабахтын тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоону көздөп турган болушу мүмкүн.

Аба күчтөрү тартылган жок

Бул жолку аскердик кагылышта тараптар аскер авиациясын колдонгон жок. Жекшембиде карабахтык аскерлер азербайжандык тик учакты жана дронду атып түшүргөнүн айткан. Бирок Баку бир гана тик учагын жоготконун, ал дагы өз аймагына чейин учуп жеткенин айтты. Эч ким жабыр тарткан жок, деди азербайжандык аскер жетекчилери.

Азербайжандын колунда дагы жетиштуү аба күчтөрү бар. Өткөн жылы МиГ-29 үлгүсүндөгү жыйырма жана Су-25 үлгүсүндөгү он бир аскер учагын сатып алган. Андан сырткары аскердик тик учактары бар.

Тоолуу Карабахты колдоп жаткан Армениянын колунда Орусиядан алган Су-30 аскер учактары бар. Карабахта эки тарапта тең Абадан коргонуу күчтөрү жайгашкандыктан авиация колдонууга эч ким даабай турат. Тоо шарты болгондуктан аба күчтөрүн колдонуу татаал.

Бул жолку курчуп кеткен согуш аракеттерине танктар тартылып жаткандай. Эки тарап тең каршылашынын танктарын жок кылганы тууралуу видеолорду жарыялашты. (AbA)