You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ч.Сааданбек: Мектептердин 86 пайызында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Маалымат технологиялары боюнча эксперт Чоробек Сааданбек менен онлайн окутуунун оң жана терс жактарын талкуулайбыз.
Би-Би-Си: Коронавирус пандемиясынан улам бул жаңы окуу жылында дагы Кыргызстанда окуучулар аралыктан билим ала турган болду. Мектептер 1-класстар үчүн гана эшигин ачты. Бирок коомдо карама-каршы пикирлер, онлайн окутууга терс көз караштар көп экени байкалат. Карама-каршылык эмнеде?
Ч.Сааданбек: Бизде 2000-жылдары "интернет балдардын китеп окуусуна тоскоол болот", "зомби" болуп калат экен деген түшүнүктөр пайда болду. Менимче, окуу жараяны менен интернетти карама-каршы койгондун себептеринин бири ошондо жатат. Бул жолу өкмөттүн чечими туура болду. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү социалдык көндүмдөрдү сактоо, беткап, социалдык аралык, санитардык коопсуздук маселесин сактоо аркылуу мектептерди ачууда. Бизде болсо мындай эрежеге балдар эмес, чоңдорду көндүрө албадык. Мисалы, Германияда бир классты бир нече топко бөлүп окутмай болууда. Бишкек менен Ош шаарларында 800 окуучуга ылайыкталган мектептерде үч миң бала окуп жатат. Шаардагы мыкты мектептерде 25 окуучулук класста 50дөн ашуун бала олтурат. Анан каяктагы социалдык аралыкты сактоо! Германиядагыдай бир классты бөлөлү, болуптур үчкө эмес, 30 баланы 15тен кылып экиге эле бөлсөк, мугалим эки эсе көп сабак өтүш керек же дагы бир мугалим керек. Ошол шартты сактай алабызбы? Ошого ылайык акча каралдыбы? Менимче, жок! Кыргызстандагы учурдагы норматив ченемдер боюнча класстарга бөлүп окутуу үчүн дагы 2 миң мектеп керек. Ошондуктан социалдык аралыкты сактай албайбыз. 2016-жылы мектептин гигиенасын камсыздоого бир балага 7 сом бөлүнчү экен. Мындан жаңы маалымат таба алган жокмун. Менимче, андан кийин абал көп деле өзгөргөн жок. Ар бир балага 280 сом керек экен. Мектептеги санитардык эрежелерди сактоо үчүн балдарга ушул каражатты бөлүп жатабызбы? Балдар колун жууп турууга дагы мүмкүнчүлүк жок. Быйылкы жылдын башындагы изилдөөгө ылайык, мектептердин 86 пайызында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок. Изилдөө жүргүзүлгөн 1100 мектептин 740ынын дааратканаларынын абалы эң начар деген баа алды. Кадимкидей окууну улантабыз десек ушул маселени чечүүбүз керек. Дагы көз жумуп калтырып койсок болот. Бирок эми мындан ары ар кандай пандемия, эпидемиялар турмуш чындыгына айланат деген божомолдор айтылып келүүдө.
Би-Би-Си: Өкмөт сиз айткандай жагдайларды эске алды дейли. Бирок аралыктан окутканда технологиялык мүмкүнчүлүк кандай?
Ч.Сааданбек: Билим берүү минстрлигинин мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого программасы иштелип чыккан. Быйыл 100 пайыз кошулат деген, 99 пайыз мектеп кошулду деп айтышты. Жогорку ылдамдыктагы интернет менен мектептерди камсыздоо үчүн 50 млн сом бөлүнгөн. Үйүндө ылдам интернети жок мугалимдер мектепке келип, ошол жерден онлайн окутууга даряданып, мектепте туруп алып аралыктан сабак өтсө болору айтылган. Мектептерге демөөрчүлөр алып берген компьютерлер кампада туруп эле калып кетти. Пандемия окуу жараянын санариптештирүү керектигин, жогорку технологияларды өздөштүрүү зарыл дегенди ачыкка чыгарды. Балдарга Грузиядагыдай ноутбук сатып берүү мүмкүнчүлүгү биздин өкмөттө жок. Ошон үчүн ар бир ата-эне баласы заманбап мүмкүнчүлүктөр менен билим алуусун камсыздоого аракет кылыш керек. Бул жолу кадимки мектепке кетчү чыгымдар болгон жок. Мисалы, сумкесин, формасын, жана башка керектөөлөрүнөн үнөмдөлгөн каражатка мобилдик телефон алып берсе болот. Абалга онлайн окутуу күнөлүү деген пикирлер көп айтылып жатат. Тактап койсок, кырдаал пандемиядан улам кирген карантинден жаралды. Онлайн окутуу - кризстен чыгаруучу кошумча курал болду. Окуу таптакыр токтоп калбай, улантып кетүүгө мүмкүндүк берди. Балдардын үчтөн бири окуу жараянына тартылбай калды деген туура. Балким, андан дагы көп болушу мүмкүн. Менин айтайын дегеним, үч-төрт жыл мурун окуу куралдарынын жетишсиздиги расмий 40 пайыздан ашуун болчу. Бейрасмий маалыматтарда андан эки эсе көп айтылып жүргөн. Демек, ошондо дагы ушунча бала окуу жараянына толук тартылбай калды деп айтса болобу? Менимче, болот. Мектепке баргандын баары эле окуу жараянына толук тартылып, жигердүү окуп жүрөт деп айта албайбыз.
Би-Би-Си: Ата-энелердин позициясы тууралуу эмне айта аласыз?
Ч.Сааданбек: Каалайбызбы же каалабайбызбы окуу жараяны, билим берүү санариптешүүдө. Биздин балдар дагы аны өздөштүрүшү керек. Дүйнөлүк окуу жайлардын курстарына жазылып, онлайн окуса болот. Биз ошондон коркуп азыр үйрөтпөсөк, балдар артта калып кетет. Санариптик технологиялардан бир жыл артта калган - жөнөкөй жашоодон он жыл артка калганга тете. Кадимки окууга керек болгон доске, бор сыяктуу эле ар бир класста интернет, компьютер болушу керек. Ошондой эле окуу куралы катары санашыбыз керек. Бала онлайн аркылуу билим алганды, тапшырмаларды аткарганды, ар кандай курстардан окуганды билиши керек. Ошону өздөштүрүп, сабаттуу болуш керек. Билим берүү жакынкы беш жылда мындан дагы ылдам өзгөрөт. Азыр өкмөттүн, коомдун назары ушуга түшүп, керек экен деп жатканда пайдаланыш керек.
Би-Би-Си: Карантин маалында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөп, өспүрүмдөр арасында суицид көбөйгөнүнө дагы кабатырлануулар айтылды эле.
Ч.Сааданбек: Элестетип көргүлө, азыр да ошондой карантин болуп, үйдө олтуруп калсак, интернет да жок болсо, аралыктан байланыша албай калсак, абал кандай болот эле? Итернеттин бар болгону, балдар мектеп, достору менен байланышта болгону абалды жеңилдетти. Биз карантин жараткан маселени талкуулап келип, акырын онлайн окутууга жүктөп коюп жатабыз. Маселе онлайн окуудан эмес, пандемиядан, андан келип чыккан карантинден болду. Онлайн окутуу ошол абалды жеңилдетүүгө жардам берди.