You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
К.Сайназаров: Аралыктан окутууда окуучулардын үчтөн бири тартылбай калды
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстандын Билим берүү министрлиги билдирүү таратып, жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала турганын билдирди. Мунун алдында эле өкмөт эгер кырдаал жакшырса, экинчи чейректен мектеп толук кандуу иштеши мүмкүн экенин айткан. Бул чечим коомчулукта талкууга түштү. Билим берүү тармагынын адистери бүткүл өлкө боюнча бирдей чечим кабыл алынганын сынга алууда.
Биз бул маселени билим берүү тармагындагы адис Кеңешбек Сайназаров менен талкууладык.
Би-Би-Си: Covid-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча баардык окуучулардын 60 пайызынын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Бирок көп өлкөлөр окуучулардын коопсуздугун камсыздоого шарт түзүп, кайра мектепке кайтарууда. Маселен, Түштүк Кореяда окуучулар отурган парталар бири-биринен бир метр аралыкта тизилген. Окуучуларды желим тоскучтар сактайт. Кыргызстанда ушундай кылууга мүмкүнчүлүктөр кандай эле?
К.Сайназаров: Сиз айтып жаткан мисалдар бул билим берүүнү уюштуруудагы алгылыктуу практикалардан. Кыргызстан деле колунан келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонсо болот. Ага азыр деле убакыт бар. Июлдун башында министрлик билим берүү тармагын жакшы билген эксперттерди чогултуп, Кеңешме топ түздү. Биз ар кайсыл өлкөлөрдүн практикасын изилдеп чыгып, алардын кайсынысын Кыргызстанга колдонсо болот деген сунуш бергенбиз. Бирок алар эске алынбай калганы бизди өкүндүрүп жатат. Кыргызстанда деле ошондой коопсуз шартта окууларды уюштура турган окуу жайлар бар. Экинчи жагынан, пандемия азыраак таасир эткен "жашыл зоналар" бар. Ошолор эске алынышы керек эле. 1-класска эле уруксат берип, калгандарына уруксат бербей койгон бул - тайкы чечим болуп калды деп так кесе айта алам.
Би-Би-Си: Сиздер конкреттүү эмне сунуштарды бердиңер эле?
К.Сайназаров: Бизди Билим берүү министрлиги чогултту. Тармакты жакшы билген 30дай киши чогулдук эле, топ-топко бөлүнүп сунуштарды иштеп чыкканбыз. Жаңы окуу жылында 1-2-класстан сөзсүз мектепке кайтып барып окууну улантышы керек деп сунуштаганбыз. Өзүңөр билгендей, окуу жылынын соңунда бир чейрек аралыктан окуп калып, 1-класстарга кыйын эле болду. Эми булар 2-класска көчүп жатпайбы. Ошон үчүн 1-2-класстын окуусун мектепте улантуу зарыл, коопсуз шартты жаратып бериш керек деп сунуштаган элек. Экинчиси, 5-класс башталгыч билим берүүнү бүтүрүп, кийинки жогорку баскычка өткөн өткөөл мезгил. Мурда бир эле мугалим окутуп, ошого көнгөн. Эми 5-класска көчкөндө ондон ашуун мугалим сабак берет. Балдардын адаптация болушу дагы өтө маанилүү. Балдардын психологиялык абалы чоң мааниге ээ эмеспи. Андан кийинки 9-11-бүтүрүүчү класстар. Санитардык коопсуздук нормаларын сактап, буларды дагы мектепте окуусун улантсын деген сунуштарды бергенбиз. Бирок эске алынган жок.
Би-Би-Си: Баланын саламаттыгы баарынан жогору турат эмеспи, аралыктан окутуу бул аргасыздык болуп жатса керек. Вирусту жуктурбоо үчүн өкмөт толук шарт жаратып бере алат беле?
К.Сайназаров: Албетте, баланын эле эмес, үй-бүлөнүн, коомдун саламаттыгы биринчи орунда. Бирок ошол эле мезгилде окуу жараянын толук санитардык эпидемиологиялык коопсуздукту сактап уюштурууга мүмкүнчүлүктөр бар эле. Ал үчүн төмөнкү үч жагдайды эске алса болот. Биринчиси, "кызыл зона", "жашыл зона" деп бөлүнүп жатпайбы. Коронавирус жайылбаган аймактар бар. Ошол жерлердеги окуу жай, мектептин жетекчилигинин жоопкерчилиги менен уюштурса эмнеге болбосун. "Кызыл зонаны" азырынча байкоого алынганы туура. Экинчиси, айыл жерлериндеги айрым мектептердин окуучусу аз, имараттары чоң. Мына ушундай жагдайларды эске алуу керек эле да. Үчүнчүсү, жеке менчик мектептер бүт коопсуздук жагын камсыздап бергенге даяр экенин айтып жатат. Карантин мезгилинде баарыбыз үйдө камалып, балдарыбыз менен болуп жаттык. Ата-энелер окуусуна жардам берип жатты. Бирок биздин изилдөөбүз боюнча, баары бир окуучулардын үчтөн бири окууга тартылбай калды. Эгер мындан кийин дагы аралыктан окутуу уланса, билим берүүнүн сапаты андан ары дагы түшөт. Азыр чоңдор бүт ишке кетет. Баарынын эле балдарга телефон алып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ата-энеси телефонун алып кетсе, бала кантип видео сабакка катышат же аралык аркылуу тапшырма аткарып, мугалим менен кантип байланышта болот? Тилекке каршы марттан бери окутууга балдардын аралашуусу жокко эсе болуп калды. Беш ай үзгүлтүккө учураган окуу жараяны азыр дагы онлайн десек, кедергиси чоң болот. Биздин өлкөдө билим алуу негизги укуктардын бири. Ошон үчүн мүмкүнчүлүк түзүп, уюштуруу керек.
Би-Би-Си: Демек, өкмөт жергиликтүү эксперттердин пикири менен макул болгон эмес экен. Алардын да өзүнүн жүйөөсү болсо керек. Мына, жакында эле БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясы билим берүүнү үзгүлтүккө учуратканы планета калкынын бүтүндөй бир мууну үчүн катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин эскертти. Окуучуларды мектепке кайтаруу үчүн коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштар ар бир өлкөнүн өкмөтүнө жолдонгонун айткан эле.
К.Сайназаров: Өкмөттүн чечимин карап эле эч кандай сунуштар эске алынбаган го деп ойлоп жатам. Жогоруда айткан Кеңешме топтун деле сунуштарынын бирөө гана эске алынган. Калган сунуштар эске алынбаганы, албетте, бизди өкүндүрөт.