А. Касымалиева менен мектеп директорунун жүйөсү: шайлоо чырыбы же жеке мамилеби?

Р.Камбардинова жана А. Касымалиева
    • Author, Айбек Абдылдаев & Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен мектеп директорунун ортосундагы келишпестиктин ачыкка чыгып кетиши коомчулукта шайлоо өнөктүгүндөгү административдик ресурс маселесин козгоду. БШК "мектеп директорго басым жасалды" деген маалымат текшерүүгө алынарын айткан. Бирок азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми Касымалиева талапкер катары бара жаткан партия болсо, окуя талапкер каттала элек учурда болгонун жана партияны аралаштырууга болбой турганын билдирген. Биз эки тараптын тең жүйөсүн уктук.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директоруна Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан басым болгону тууралуу билдирүү болгон. Биз алгач аталган мектептин директору Рахат Камбардиновага кайрылып, коомчулукта катуу талкууга түшкөн маселе эмнеден чыкканы тууралуу сурадык.

Р.Камбардинова: Бул жерде мындай деңгээлге жете турган нерсе жок болчу. 2015-жылы Аида Касымалиева үчүн чуркап, чындыкты сүйгөн, ишине тың, жаш, интеллектуалдык деңгээли жогору деп, депутаттыкка сүрөгөнбүз. Эже-сиңди катары, бири-бирибизди колдоп, мамилебиз жакшы болгон. Эмнегедир акыркы жылдары башкача көз караштары пайда боло баштады. Менде бирөөгө жагынуу сыяктуу сапат жок. Балким, ушул сапатым экөөбүздүн мамилебиздин үзгүлтүккө учурашына себеп болуп калды окшойт. Кезектеги шайлоо өнөктүгү келе жатканда Аида Касымалиеванын жардамчысы Сүйөрбек деген жигит чалып, "бизге компьютерлерден жардам бербейсизби" деди. Макул болуп беш компьютерди бердим. Анан ошол жерде жардамчысына "Аида бул жолу тегерегине туура эмес адамдарды топтоп алды, бул ага минус болуп калат" деген сыяктуу аманат сөздөрүмдү айттым. Анан саат 17:54 өткөндө эле катар-катар SMS келди. Окуя ушунтип башталды.

Би-Би-Си: Ошол компьютерлерди кармата салганда жоопкерчилиги кандай болот? Ал мектептин мүлкү беле?

Р.Камбардинова: Компьютер жөнүндө айта турган болсок, Ботобеков атындагы мектеп райондо электрондук жалгыз мектеп. 2018-жылы Билим берүү министрлиги тарабынан 60 мектеп электрондук китепкана долбооруна кирген. Райондон жалгыз ошол долбоорго илинип калып, 20 компьютер, төрт ноутбук, төрт проектор, жалпысы 1 млн 350 миң сомдук компьютер жабдыктары мектепке келген. Бул эми район боюнча мугалимдерге кошумча электрондук маалыматтарды алуу үчүн пайдаланууга берилет. Буга байланышкан нерсеси, 2018-жылы 1-октябрда биз электрондук китепкананы ачтык. Ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева келип, сертификат тапшырган. Андан сырткары өзү бир ноутбук алып келип тапшырган. Айыл өкмөтүнөн түстүү принтер берилген. Ошолорго биздин тиешебиз бар дегендей болду да. Бийликке көз каранды болгон үчүн беришке туура келди. Эгерде, бере албайм, бергенге болбойт деген сөздү айтсам, маселе ырбап кетмек. Ошондон сактанып калуу максатында берип, жардамчысына кайра "ордундай алып келип кой, бул элдики" деп айттым. Ошол сертификат алып келип тапшырганы үчүн булардын салымы бар деген нерсе болуп калды. Бул негизи долбоор менен болгон, ачыгын айтканда, Ысмайыл Дүйшеев деген агайбыз аркылуу ишке ашкан эле. Мына азыр маек берип жаткан учурда мага байланышып, кайра ошол беш компьютерди алып келишкенин кабарлашты (ред. - СМС билдирүүнү көрсөттү).

Рахат Камбардинова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директору Рахат Камбардинова

Би-Би-Си: Сизге басым болду деген жолдошуңуздун кайрылуусунан кийин бийлик тарабынан кандай реакция болду?

Р.Камбардинова: БШК тараптан иликтөө башталды дегенди окуп таң калдым. Себеби, мага эч ким деле байланышкан жок. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан профсоюз уюмунун төрагасы телефон чалып, окуянын чоо-жайын сурады. Кийин мектепке келип кабар алды. Ал киши деле өзүнүн туура эле сөздөрүн айтып кетти. Ушул окуядан кийин өзүм да ооруп калган элем. Жүрөккө жакын кабыл алат экенбиз бардык нерсени. Ошондуктан ал киши дагы мени туура түшүндү. Башка эч жактан реакция болгон жок.

Би-Би-Си: Кыргызстан эгемендүүлүк алганына мына бир жылы кем отуз жыл болду. Ушул жылдар ичинде өткөн шайлоодо мугалимдердин эркин тандоого укугун бийлик уурдап алган деген көп сындар айтылып жүрөт. Мурдакы шайлоолордо сиздер мажбурлоо жолу менен кайсыл бир бийликчил партияны сүрөгөн мисалдар болду беле?

Р.Камбардинова: Чынында 29 жылдан бери бийлик тарабынын сөзсүз болот да, жетекчилерге тапшырмалар берилет. "Бийликтин нанын жеп жаткан кийин" деген сөздөр болуп жүргөн. Муну бюджеттик кызматта иштеген кызматкерлердин баары билет.

Би-Би-Си: Мугалимдер эч бир саясий топтун жана бийликтин кол жоолугуна айланбай өз тандоосунда калышы жана саясаттан сырткары болушуна азыр шарт барбы? Мына, сиз тууралуу дагы башка бир партияга иштейм дегенден маселе чыкты деген жоромолдор айтылып жатат.

Р.Камбардинова: Бул боюнча айта турган болсом, ушу биздин Кароол айылында туулуп өскөн жигит дагы "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин коюп жаткан экен. Бир ай мурун келип, өзүнүн ниетин айтканда, биз жакшы сөздөрүбүздү айтып, бирок ошондо эле ачык эле "биз билим берүү тармагында иштеген үчүн бийликтин партиясын колдойбуз, билесиң" деп айттык. "Мен сенден суранам, мугалимдерге тийбе" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, "сен туугандарың менен иште" деп кетиргем. Партия менен иштеп жатат дегендерине дагы бир окуя себеп болуп калды. Мен өзүм коңшулаш Шерали деген айылда тургандыктан, ал жигит штаб кылганга имарат жокпу деп сурап калды. Мен ошол жердеги бош жаткан имарат бар экенин айтып, сүйлөшүп бергем. Болгону ушул. Ошондон баштап эле мага тескери көз караштар пайда болду десем болот.

мектеп биректору Камбардмнова жана депутат Касымалиева

Сүрөттүн булагы, Social media

Би-Би-Си: Мугалимдер канткенде саясаттан сырткары болот, балдарды окутуу менен алектенет? Сиздин пикир кандай?

Р.Камбардинова: Чындыгында бул нерседен чыгыш үчүн ар бир мектеп директору, ар бир мугалим, ар бир жаран өзүнүн позициясын айта билиши керек. Мен позициямды айтып жатканым менен азыр жалгызмын. Көбү жумуштан айрылуудан, кызматтан кетүүдөн коркот. Корко тургандай мектеп директорунун кызматы майлуу-сүттүү орун эмес, мектеп пайда таба тургандай мекеме же уюм эмес. Бүгүнкү күндө айылдык мектептерде "Чолпонбайлар" гана иштеп жатат. Мектептин директору эки баланын мушташып кеткенине, мугалимдердин сапатсыз берген сабагына, чарбалык иштерге дагы көкүрөгүн тосуп, иштеп келүүдө. Ар бир жаран көз карашын айта билиш керек. Мугалимдер өтө эле "послушный" болуп калыптырбыз. Менин байкаганым, жамаатымда 47 мугалим бар, өлкө боюнча өздөрүнүн мектебинин директору талкууга айланып жатса дагы унчукпай турушат. Анткени Камбардинованы бошотуп койсо, башка бирөө келип көргүлүктү көрсөтөт деген коркуу бар. Силердин таламыңарды талашып, укугуңарды коргоп өзүмдү курмандыкка чалып жатам деген таарынычымды да айттым. Байкуштарым ачык айта албай, жеке СМС билдирүү аркылуу колдогон сөздөрүн жазып жатышат.

А. Касымалиева: Актангым да келген жок, этиканы да бузган жокмун

депутат А.Касымалиева

Сүрөттүн булагы, Social media

Би-Би-Си: Сиз менен мектеп директорунун ортосундагы талаш дале талкуудан түшө элек. Ал киши бул окуяны такыр башка өңүтүнөн баяндап жатат. Сиз өзүңүз ушул талаштын чоо-жайын кандай деп чечмелейсиз?

А. Касымалиева: Кароол айыл өкмөтү менин айыл өкмөтүмө кирет. Биз Рахат Камбардинова эже менен 2015-жылдан бери таанышып, депутат болгондон бери ошол мектептин маселесин чечип келебиз. 2019-жылы мен кат жазып жатып ушул мектептин капиталдык ремонтун араң бюджетке киргизип, анан тендер өтүп акча келип, келип-келбей ошол маселелерди көп талкуулачубуз. Чечип бергенге дайыма аракет кылчумун. Буга чейин дагы Рахат Камбардинова боюнча эки жолу арыз түшкөн. Мен аны "кой андай болбойт, мектептин директору" деп, көңүл бурбай койгом, териштирген да эмесмин. Ал катта "Мертвые души" деп айтылат. Сүйлөшкөнүбуздө "Сиз боюнча дагы арыздар келди, сизди калкалап келе жатам" деп айттым. Чатта жазылып турат ал. Майрамдарга, даталуу күндөргө биз мугалимдерге ыраазычылык кат жолдоп жүрөбүз. Ошол ыраазычылык катка мугалимдердин тизмесин сурагам. Жогоруда сөз болгон кемчилигин айтсам эле ал киши өзү албуутанып кетти.

А. Касымалиева менен мектеп директору ортосундагы кат алышуунун скриншоту

Сүрөттүн булагы, kaktus media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Касымалиева менен мектеп директору ортосундагы кат алышуунун скриншоту делген сүрөт

Би-Би-Си: "Ал директорду калкалап келгем, үстүнөн арызданганда дагы арыздарга көңүл бурган эмесмин" деп калдыңыз. Ушул окуядан кийин дагы ал директорду "калкалай" бересизби, же мамилеңиздерде өзгөрүү болобу?

А. Касымалиева: Дагы бир сөз болду ал жерде мектеп директору башка партияга иштеп, паспорторун алып жүрөт деген маалымат чыкты. Буга чейин дагы, азыр дагы мисал үчүн мамилемди бузбайм да. Мектеп директорлоруна, мугалимдерге өтө аяр мамиле жасайм. Анан партияга, башка партияга паспорт топтоо бул мектеп директоруна мүмкүн эмес деп мен эскертүү бергендей болдум. Ошондо эле ал киши мага аябай каршы чыгып, аябай жаман сөздөр менен уруша баштады. Чагым болуп жатканын мен ошондо түшүндүм. Дагы бир чагымга барат деп мен өзүмдүн SMS билдирүүлөрүмдү өчүрүп койдум. Башка сүйлөшкөн жокмун. Ал жерде коркутуу болгон жок. Мен мисалы үчүн, скриншотторду бербейм. Андай пастыкка түшпөйм. Эгерде мындай беттешип, же сотко бара турган болсок, ал скриншоттор сакталуу турат. Мамилебизде такыр өзгөрүү болбойт. Себеби дегенде, кокус ишинен бир нерсе чыгып, же болбосо жанагы арыздарынан, же болбосо, шайлоодо бир нерсе чыкса, кокустан анда менден көрөт. Биз эже-сиңди катары абдан жакшы мамиледебиз. Кароол айыл өкмөтүндө ооруканага жаткан деген. Мен ал кишини көчөдөн көрүп калдым. Беттешип, учурашып, эч кандай менин жаман эмоциям жок. Себеп дегенде мектепти оңдоп түзөө аягына чыгышы керек. Мисал үчүн ошол мектепке райондогу жалгыз китепкана курганбыз. Ошону дагы аракеттенип жүрүп, компьютерлерди алып келип, санариптештирүү иштери дегендей. Эми козутуп жаткан үчүнчү күчтөр бар. Шайлоонун шайтан оюндары деп коёт.

Би-Би-Си: Мектептин директору кайсы бир партияга чуркап, паспортторду топтоп жүрүптүр, мен ошого чек койгум келди деп калдыңыз. Сизге жеткен ошол маалымат канчалык ынанымдуу эле?

А. Касымалиева: Маалымат 100% ынанымдуу деп айта алам. Эгерде, журналисттер ошол жерге барып, Камбардинова кайсы партияга чуркап, паспорт алып жатат дегенди элден сураса эле, эл өзү айтып берет. Мектеп директорлорунун, айыл өкмөттүн, мамлекеттик кызматкерлердин кайсы бир партияга чуркашы бул туура эмес. Албетте, эми биринчи догурунган адамдын чындыгы чыгып кетет. Мен ушуга чейин дагы жооп берген жокмун эч. Жооп бербейм да чечтим. Себеп дегенде чындык бары бир чыгат. Мен өзүм дагы мындай кырдаалды билем да, чынында кандай болгонун. Бирок токтобой эле ар кандай каралоо болгондуктан маалыматтарды кандай болгонун айтып койдум. Ким кайсы партияга чуркап жатканын ошол айылга барганда эле, ошол айыл өкмттөн баардыгы жапа тырмак айтып берет.

Би-Би-Си: Сиз жогоруда административдик ресурс жөнүндө сөз кылдыңыз. Демек, администрадивдик ресурс жөнүндө сөз болгон соң бул жерде бийликтин партиясы жөнүндө кеп болуп жатабы?

А. Касымалиева: Жок, административдик ресурс азыр такыр башкача болуп кеткен. Бийликтин партиясы деген дагы түшүнүк жок, менин пикиримде. Мен Рахат Камбардинова менен сүйлөшкөндө депутат катары сүйлөшүп, жумушумду аткардым. Анда талапкер катары каттала да элек болчумун. Административдик ресурс дегенди биз кандай түшүнсөк болот? Азыр мисалы үчүн, мектеп директору же болбосо айыл өкмөт бийликтин партиясына эмес, башка эле, башка бир партиянын кадрдык дайындоосу болот дагы ошол партияга бүт ресурсту жумшайт. Ал туура эмес. Илгеркидей бийликтин партиясы бүт административдик ресурсту колдонот деген азыр жок. Эгерде анализдеп көрсөңүздөр кайсы партияга кандай талапкер кетти, мисал үчүн бир Ысык-Көлдө райондун акими кетти. Бийликтин партиясына деп айта албайбыз. Андай түшүнүк да жок. Андан сырткары мен эскертип коюшум керек, өзүм жазган мыйзам катаал. Мисалы, добушту саткан дагы, сатып алган адамга дагы жоопкерчилик абдан катаал каралган. Ошону эскертип койгум келет.

Би-Би-Си: Сиз бир нече шайлоону журналист катары, талапкер катары дагы башыңыздан өткөргөнсүз. Мугалимдерди, дарыгерлерди административдик рессурстун эң эле негизги бутасы деп келебиз. Мына ушул терс көрүнүштөн ошол эле мугалим, врачтарды кантип коргоп калууга болот? Канткенде алар эркин, басым, кысымы жок, өзү каалагандай добуш берүүгө жетишет деп ойлойсуз?

А. Касымалиева: Негизинен жалпы система өзгөрүш керек. Кадрдык дайындоолор мисалы үчүн ар бир адам өз кызмат ордунан коркуп ошондой кадамдарга барышы мүмкүн. Пандемиядан кийин элдин психологиясында абдан өзгөрүү болот деп күткөн элем. Тилекке каршы, мурдагыдай эле калыптанган ойлор. Ким добушту канчага сатат экен? Мага канча акча берет экен деген сөздөр дагы эле сакталган. Анын ичинде ошол кандайдыр бир жетекчисинини алдында добуш берген коллективдер сакталып келе жатат да. Мен айтып жатпаймынбы системалуу дегенде мисалы үчүн, анда бүт өлкө мындай ушуга бөгөт коюш керек да. Жанагы мыйзамга менин ишенимим бар. Себеби дегенде факт болсо, подкуп дегенди киргиздик. Добуш сатуу же сатып алууга чара көрүлсө сабак болобу дейм. Соңку окуя боюнча эч кандай актангым да келген жок, этикалык жактан да эч нерсени бузган жокмун. Мисал үчүн мен да чыгарсам болот. Ал эжеке жазган перепискаларды, скриншотторду мен дагы жарыяласам болот эле. Бирок мен этикалык жактан, вице-спикер болуп жаткандан кийин, унчуккан жокмун. Бирок мени кейиткени ким биринчи каралап, калпты айтса эл ошого көбүрөөк ишенет экен.