You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өкмөт Төө-Ашууга акы төлөнүүчү кошумча өтмөк кургусу келет
Биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда акы төлөнүүчү өтмөк куруу боюнча инвестициялык демилгени талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек-Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамдын бузулушун алдын ала турган альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды", - деген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.
Бардык эл аралык стандарттарга жооп берген жана коопсуз жаңы инфраструктуралык объектти куруу менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болору айтылды.
"Пандемиядан кийинки кризисти эске алып, бул долбоорду ишке ашыруу менен экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет жана товарлардын көлөмүнүн көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Бул жааттагы долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуш кылабыз. Инвестициялык келишимди түзүүдө өлкө жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги кирешелердин үлүшүн аныктоо менен максималдуу пайда табуусун эске алуу керек", - деп белгиледи Алмазбек Баатырбеков.
Кыргызстандын төрт облусун Бишкек менен байланыштырган унаа жолу Кыргызстандагы негизги кан жолдордун бири жана эң эле татаал тоолуу аймактарды аралап өтөт. Кан жолдун эң оор бөлүгү - Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө. Деңиз деңгелинен 3586 метр бийиктикте. Унаа жолу тоону боорлоп олтуруп, бир нече чукул бурулуштар менен өйдө чыгат.
Бишкек-Ош унаа жолун куруу иштери өткөн кылымдын 40-жылдарында башталган. Алгачкы бөлүгү 1941-жылы курулуп, Сосновкага чейин жеткен. 60-жылдардын башынан тарта Кара-Көлдүн аймагындагы жолдун эң татаал участкалары курулуп баштаган. 1965-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун 678 чакырымы курулуп бүткөн.
Өлкөнүн түштүк облустарын борбор менен байланыштырган мындан башка унаа жолу жок эле. Кыргызстан соңку жылдары Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары жаңы жол куруп жатат. Бул долбоор 2014-жылы башталган. (AbA)