You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкек-Ош: Төө-Ашуунун ак кар, көк музу. Фото
Кыргызстандын төрт облусун Бишкек менен байланыштырган унаа жолу Кыргызстандагы негизги кан жолдордун бири жана эң эле татаал тоолуу аймактарды аралап өтөт. Кан жолдун эң оор бөлүгү - Төө-Ашуу.
Айгерим Акылбекова тарткан сүрөттөр.
Төө-Ашуу Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө. Деңиз деңгелинен 3586 метр бийиктикте. Унаа жолу тоону боорлоп олтуруп, бир нече чукул бурулуштар менен өйдө чыгат.
Бишкек-Ош унаа жолун куруу иштери өткөн кылымдын 40-жылдарында башталган. Алгачкы бөлүгү 1941-жылы курулуп, Сосновкага чейин жеткен. 60-жылдардын башынан тарта Кара-Көлдүн аймагындагы жолдун эң татаал участкалары курулуп баштаган. 1965-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун 678 чакырымы курулуп бүткөн.
Өлкөнүн түштүк облустарын борбор менен байланыштырган мындан башка унаа жолу жок эле. Кыргызстан соңку жылдары Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары жаңы жол куруп жатат. Бул долбоор 2014-жылы башталган.
*