Коомдук тармактарда талкуу жараткан элчинин жубайы: Ооруканалар коомдун күзгүсү

Британиянын Кыргызстандагы элчиси жубайы дарыгерлерге тамак даярдап жатканын көрсөткөн сүрөтүн "Твиттер" баракчасына жүктөгөнү өлкөдө кызуу талкууга жем таштады.

Коомдук сайттардын колдонуучулары эмнеге президенттин же депуттардын жубайлары мындай кадамга барбайт деген сын-пикирин билдиришти. Башкача айтканда окуя абдан саясатташып кеткен эле.

Би-Би-Си элчи Чарльз Гарреттин жубайы Вероник Гарреттке байланышып, анын өлкөдөгү кайрымдуулук иши жана саясатташып кеткен окуяга көз карашын сурады.

Вероник Гарретт: Учурда Кыргызстан чоң трагедияга туш болду. Кимге гана жолукпа, алар же алардын жакындары коронавирустан жабыркады. Көзү өтүп кеткен ар бир адамдын үй-бүлөсү жеке трагедияга туш болду. Алар өмүр бою кайгылуу окуяны жүрөгүндө сактайт.

Менин аракетимде эч кандай саясат жок. Учурда жардам керек болуп жатат, менин жардам берүү мүмкүнчүлүгүм бар. Ошондуктан колумдан келгенди жасап жатам. Көптөгөн атуулдар ар түрдүү ыкмалар аркылуу колунан келген жардамды берип жатышат. Дарыгерлерге тамак даярдап берүүнү "Бирге" аттуу ыктыярчылар штабынын өкүлү Эльдар Шабданов аттуу жигит демилгеледи. Бул жигитти мен тааныбайм. Анын демилгеси Covid-19 пандемиясы учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүүгө багытталган. Аларга ыктыярчылар, айдоочулар, ашпозчулар жана башка жардам керек эле.

Мен биринчи айым же депутаттардын жубайлары кандай иш менен алек экенин билбейм. Балким, алар дагы жардам берип жатат. Биз аны билбейбиз. Бирок курч кырдаал түзүлгөндө тамак даярдайсыңбы, кайрымдуулукка акча топтойсуңбу, бир жайды тазалап бересиңби, айтор колдон келген иш көп жана ал ишти аткарууга умтулуу абдан маанилүү.

Кризис учурунда ыктыярчы болуу, көйгөйдү чечүүгө салым кошуу адептүү жана адилеттүү коомду бекемдейт. Демек, мен эчтекени саясатташтыргым келбейт, колумдан келгенди эле жасап жатам.

Би-Би-Си: Сиз көп убактыңызды Кыргызстандагы жардамга муктаждарга бөлөт экенсиз. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга англис тили боюнча сабак өтөт экенсиз. Сизди мындай кадамга барууга эмне түрттү?

Вероник Гарретт: Кудай жалгап жолдошум экөөбүз бекем үй-бүлө курдук. Жолдошум мени дайыма колдоп келет. Биздин беш балабыз бар, экинчи баламдын мүмкүнчүлүгү чектелген. Жаңы төрөлгөн кезинде кызым көп ооруду.

Анын тубаса мүмкүнчүлүгү чектелген болуп төрөлгөнү, ымыркай кезинен бери кыйналганы барыбызды таасир этти. Кызым узак убакыт бою ооруканада жатты. Мен ооруканаларды коомдун күзгүсү катары көрөм. Ал жерде эчтекени жашыра албайсың. Чыныгы татаал турмуш дал ошол жерде байкалат.

Ооруканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап жаткан ата-энелерге байкоо салып, чыныгы кайгыны жана азапты көрсө болот. Ооруканада кызым менен жатканда көп нерсени аңдадым, бирок эң негизгиси биздин үй-бүлө привилегиялуу экен. Колубузда бар болгондуктан кыйналып жаткандарга жардам берүү биздин милдет жана өзүмдүн жеке каалом экенин түшүндүм.

Бишкекке келгенде мурдагы ишимди уланта аларымды билгем. Буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жана аярлуу катмардагы балдар менен иштеп келгем. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап жаткан ата-энелерге дагы жардам берүү абдан маанилүү. Ошондуктан Токмок жана Беловодскоедеги балдар үйүндө, бейөкмөт уюмдар, Бишкектеги "Оберег" реабилитациялоо борбору менен иштеп жатам. Бул иш мага эргүү берет. Бул аркылуу чыныгы кыргыздарга кезиктим. Алардын турмушу абдан татаал.

Учурда Covid-19 вирусунан улам англис тил сабактарымды интернет аркылуу өтүп жатам. Кыргыз азиздер федерациясы менен биргеликте англис тили боюнча сабак өтүүгө материалдарды даярдадык. Кыргызстанда бул абдан оор болду. Өзгөчө карантин чаралары киргенден кийин көзү азиздерге англис тил боюнча сабак берүү абдан татаал болду. Ишим аркылуу мыкты, шайыр, чыдамкай жана сабырдуу кишилерге жолуктум. Алардын көбүнө коронавирустан улам онлайн жолуктум. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыздар жана жаш, амбициялуу жарандарга дагы кезиктим.

Ошондо мындай аракет жасоого эмне түрткү болду? Муну өтө эле жөнөкөй жол менен чечмелесе болот - мен адилеттүү, адептүү жана татыктуу коом курууну каалайм. Мындай коомдо аярлуу катмарга жардам көрсөтүлүп, ийгиликке жетүү үчүн мүмкүнчүлүк берилип, бактылуу болууга жол ачылышы керек.

Би-Би-Си: Сиз коронавирус пандемиясынан улам бүтүндөй дүйнө кыйынчылыкка туш болгонун айттыңыз, коомдун ролу тууралуу сөз кылдыңыз. Мындай курч абалда кыргыз коомчулугуна кандай кеңеш сунуштайт элеңиз?

Вероник Гарретт: Кыргызстанда жашаган башка чет өлкөлүктөрдөй эле, бул өлкөдө жашап калганыбызга сүйүнөбүз. Биздин жолубуз бар экен. Азыркы абалды көрүп кайгыга батам. Абал абдан оор. Бирок муну жеңсе болот. Оор кырдаалда маанилүү сабак алса болот. Өзгөчө ыктыярчы болуп жүргөн жаштар чоң сабак алып, турмушта эмне маанилүү экенин түшүнөт. Бир гана жаштар эмес, баарыбыз сабак алышыбыз керек. Жардамга муктаждарга кол сунуу, аярлуу катмарга көңүл буруу, сабырдуу жана түтүмдүү болуу.

Тарых кыргыздар күчтүү жана сабырдуу экенин көрсөттү. Бирок азыркы кырдаалда ошол сапаттар абдан керек болуп жатат. Мен бир гана "биз силер менен биргебиз" деп айткым келет.