You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоонун босого чеги: саясий элитаны жаңыртуу аракети
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоодо партиялар үчүн босого чекти беш пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун четке какты.
Бир жума мурда эле башка депутаттык топтун сунушу боюнча босого чекти жети пайыз кылып бекитүү жөнүндө өзүнчө мыйзам долбоору биринчи окууда өткөн эле. Кезектеги шайлоо жакындаган сайын партиялар үчүн коюлган босого чектин айланасында талаш-талкуу күчөдү.
"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү тармактык комитеттин эки гана мүчөсү колдоп, калгандары каршы чыгышты.
Жети пайыздык босого чекти колдоп жаткан депутаттардын бири, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баяндамачы депутат Исхак Масалиевге кайрылып, мыйзам долбоорун чакыртып алуусун сунуштады.
"Босого чекти жети же беш пайызга түшүрөлү деп көптөн бери бери талаш болуп келе жатат. Бирок ошол эле тогуз пайыздык босого чекти ушул чакырылыш чогуу кабыл алганбыз. Эми азыр жетиге түшүрөлү деген долбоор биринчи окуудан өткөн. Бешке түшсө деле жакшы болот эле. Бирок, тилекке каршы, жети пайыз өтө тургандай болуп турат. Көзүм жетип атат, реалдуулук ошондой. Өтпөшүн өзүңүз деле билип турасыз. Жөн эле кыйналабыз",-деди Алтынбек Сулайманов .
Шайлоодогу босого чекти беш пайызга түшүрүү тууралуу сунуш былтыр декабрда эле берилген. Исхак Масалиев документ төрагада бир айдай, андан кийин өкмөттүн кароосунда көпкө кармалып калганын айтты.
Бул убакыт аралыгында андан кийинки жети пайыз жөнүндө сунуш тийиштүү процедуралык эрежелерден өтүп, пленардык жыйындагы талкууга да үлгүрдү.
"Депутаттар жалпы жыйында чечим кабыл алалы, жети болсун же тогуз болсун. Бирок менин пикиримде, беш пайыз болсо жүз миңге жакын добуш болот. Биз үч пайыздык босого чек сунуштаган жокпуз. Такыр алып салалы дегенибиз жок. Мен деле түшүнүп турам, президентибиз өз пикирин айткандан кийин, жалпы депутаттардын пикири ошого окшоп кетип баратат да. Таптакыр эле баш тарта албайм",- деди Исхак Масалиев.
Быйыл февралда президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодогу босого чек боюнча үн катып, жети пайызга көбүрөөк ыктарын ачыктаган.
Өлкө башчысы тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш пайыздык чекти саясатчылар өз кызыкчылыгына колдонуп кетерин белгилеген эле. Ошону менен кийинки шайлоого байланыштуу көп талкууланган темага чекит коюлгандай болгон.
"Өкүнүчтүүсү, эмнегедир беш менен жети пайыздык босого чек тууралуу мыйзам долбоорлоруна тең шарт түзүлбөй, бири эрте, бири кеч талкууга коюлуп, бүдөмүк маселелер болуп жатат. Жаңы саясий күчтөрдүн, жаңы партиялардын парламентке келип, шайлоочулардын кызыкчылыгын ишке ашырууга, үнүн чыгарууга мүмкүнчүлүк үчүн жети пайыз деле абдан аз. Беш пайыздык босого чек жаңы саясий элитанын калыптанышына жакшы мүмкүнчүлүк түзөт эле", -деди саясат талдоочу Перизат Суранова.
Соңку президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 60% жакыны катышкан эле.
Эгер 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо да активдүүлүк ушундай болсо, анда эки миллион кишинин добушунун тогуз пайызы - 182 миң, жети - 142 миң, ал эми беш пайызы -101 миң шайлоочу болушу керек.
Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин бүгүнкү чечими менен шайлоого коюлчу күрөө акыны беш миллион сомдон бир миллион сомго төмөндөтүү сунушу да өтпөй калды.
"Шайлоого аттанам деген жаңы партияларга 140-170 миңдей адамдын добушун топтоо өтө эле кыйын болуп калат. Күрөөсү да кымбат. Башка мамлекеттерде деле андай жогору күрөө коюлбайт. Түркияда эле жогору, демократиялык нук менен өнүгүп бараткан өлкөлөрдө күрөө деле жок. Тоталитардык өлкө болсо дагы , партиялык система өнүксүн деп Орусияда күрөөнү жоюп салышкан. Бизде жөн эле бут тосуулар болуп жатат, бул - саясат. Демек, бул шайлоодо дагы деле бийликке, акчасына таянган партиялар келет", -деди "Улуттар биримдиги" саясий партиясынын өкүлү Клара Сооронкулова.
Көбүнчө байлар менен базарчылар ээлеп, "олигарх парламент" атка конгон депутаттык корпустагы саясий күчтөр күздө болчу шайлоонун камын көрүп, ар кимиси өз кызыкчылыгын кууп жатат.
Жогору босого чек жана кымбат күрөө акы шайлоо байлардын гана оюнуна айландыбы деген суроону кырынан коюуда.