You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоо-2020: босого чек боордон баспасын
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Шайлоо-2020 жакындаган сайын саясий партиялар тогуз пайыздык босого чекти төмөндөтүү талабын коюп жатышат. Бурмаланган шайлоолор Кыргызстанда эки ыңкылаптын башкы себепчиси болгону белгилүү. Эми өтө эле жогору коюулуп жаткан босого чек үчүнчү ыңкылапка алып келиши мүмкүн экени эскертилип жатат.
Босого чек деген эмне жана башка өлкөлөрдө анын кандай тажрыйбасы бар?
"Жол бергиле"
"Партиялык тизме менен өткөн соңку шайлоолор терс жыйынтыгын берип жатканын көрүп жатабыз. Парламентти оңдоонун бир эле жолу бар. 100% партиялык тизме менен шайлоону жокко чыгаруу керек. Шайлоого карата күрөө акы жана босого чекти да атайын өздөрүнө ыңгайлашкан. Башка партияларга жол бербей атышат", -деди бүгүн өткөн басма сөз жыйынында "Эрк" партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу.
2010 жана 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоолордо мандаттар сатылып, жыйынтыгында олигархтык парламент түптөлдү, деген саясатчы, эми кайра эле ошол курам кийинки шайлоодо жеңип чыгабы деп чочулап турат.
Маселенин чечүүнүн жолун Турсунбай Бакир уулу Башмыйзамды өзгөртүүдөн көрөт.
Кыргызстанда босого чек 2017-жылы жети пайыздан тогузга чейин көтөрүлгөн. Ага ылайык, парламенттик шайлоолордо жеңишке жетиш үчүн партиялар эми мурункудан да көп добуш топтошу керек болуп калды.
Алалы, аракеттеги Жогорку Кеңештеги партиялар босого чек тогуз пайыз болгон шайлоого катышса, жеңишке алты партиянын үчөөсү гана жетмек.
Буга чейин босого чек маселесин "Жаратман эл" жаштар партиясы да көтөрүп чыккан эле.
"Алыңа жараша ышкыр"
Тогуз пайыздык босого чек Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдө эле эмес, пропорционалдык шайлоо системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн биринде дагы жок.
Алалы, Арменияда - 3%, Грузияда - 5% (бирок 2020-жылдан тарта босого чек Грузияда такыр эле жоюлат), Латвияда - 5%, Литвада - 5%, Молдовада - 5%, Орусияда - 5%, Казакстанда - 7%; Украинада - 5%, Эстонияда - 5%, Тажикстанда - 5% босого чек каралган. Украинада жаңы президент Зеленский быйыл июнда шайлоодогу босого чекти үч пайызга түшүрүүнү сунуштап, бирок Рада аны колдогон жок.
"Мурдагы союздук республикалардын биринде дагы мындай жок. Биз жалгыз ушундай жогорку чек кабыл алдык. Соңку парламенттик шайлоо жети пайыз менен өткөн, партиялар араңдап акчасын чачып, админ ресурс колдонуп өтүшкөн. Эми эки же үч партия өтөр, бийликтин монополизациясы болуп калат, ал жакшыга алып келбейт", -деди активист Динара Ошурахунова.
Кыргызстан алака-катышка барган өлкөлөрдөн Түркияда гана 10% жогору босого чек бар.
Талдоочулар Түркиянын тажрыйбасын мисал келтирип, жогору коюлган босого чек авторитардык режимди орнотууга шарт түзөрүн да белгилеп келишет.
Оптималдуу босого чек
Парламенттик шайлоого дагы бир жыл бар, бирок партиялар ага карата камылгасын эмитен эле баштап жаткан чагы.
Босого чек маселесинде учурда парламентте отурган депутаттардын өздөрү да тынчсыздана башташты. Депутат Жанар Акаев жана Өнүгүү-Прогресс өкүлү Исхак Масалиев профилдик комитетке босого чекти беш пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жолдошту.
Босого чекти жети пайыздан тогуз пайызга көтөрүү демилгеси "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевге тийиштүү.
Эгер босого чек мурунку тогуз пайыздык чек менен кала турган болсо, кийинки жылы өтө турган шайлоодо бир партия 180 миңден кем эмес добуш алышы керек болот.