Жогорку Кеңешпи же олигархтар ордосубу?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Кыргызстан" фракциясынын депутатынын Казакстанда кармалышы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын курамы, жүзү, кесиптик потенциалы тууралуу кезектеги талкууга жем таштады.

Соңку эки жылда парламенттин VI чакырылышынын тогуз депутатына кылмыш иши козголуп, көбүнө Кылмыш кодексинин оор беренелери боюнча айыптар коюлду. Алардын айрымдары саясий куугунтукка тушукту деген менен жалпы курам сапаты тууралуу байма-бай сындар айтылып келет.

Олигархтык парламент атка конгон бул Жогорку Кеңеш кимдерден турат? Партиялардын шайлоо алдындагы тизмелери кандай негизде түзүлгөн?

Байларжана спортчулар

Талдоочулар Кыргызстанда олигархтык парламент орногонун белгилеп, анын негизги себебин шайлоо системасынан көрүшөт. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгында куралган Жогорку Кеңеш негизинен бизнесмен, буура булчуң спортчу жана 30 пайыздык квота менен келген айымдардан турат.

Бирок ошол эле убакта парламентте илим, маданият тармагынан келген өкүлдөр бирин-серин.

"Азыр парламентте отургандардын 80 пайызы советтер союзу урагандан кийин мамлекеттин монополиясын колдонуп өзүнө мүлк тартып алып, коррупциялык жол менен өзүнө үлүш алган кишилер. Алар өздөрүнүн байлыктарын, бизнестерин коргош үчүн парламентке депутат же чиновник болуп отурушкан кишилер деп айта алам. 20 пайызы кесипкөйлөр же "карапайым элден чыкты" дегенге атайы пиар үчүн келген депутаттар. Албетте, мындай курам мамлекеттик, коомдук институттардын кыйрашына алып келет. Бул шартта уюшкан кылмыштуулук, коррупция деңгээли өсөт",- деди Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков.

Депутаты Казакстанда кармалган "Кыргызстан" фракциясын мисалында парламент курамын талдасак. Бардыгы болуп фракцияда 17 мандат бар.

Парламент спикери Дастан Жумабеков Таластын төө бурчагын экспорттоо менен алек түркиялык "Баямташ ЛТД" компаниясынын өкүлчүлүгүнүн коммерциялык директору, кийин "ЯКАД" ЖЧКУсунун гендиректору болуп иштеген ишкерлерден.

Фракция лидери Алмазбек Батырбеков - көп жылдар бою салык тармагында иш алып барган, алкоголь ичимдиктерин өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал өлкөдөгү эң бай адамдардын бири, "Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов менен классташ болгону, азыр жакшы санаалаш экени айтылат.

"Кыргызстан" фракциясынын үч мүчөсү: Таалайбек Масиров, Нурланбек Макеев, Салайдин Айдаров майлуу-сүттүү деп эсептелген бажы тармагында мурда-кийин иштегендерден.

Нурбек Алимбеков - бизнесмен, жыгач, курулуш тармагында алектенген ири ишкерлерден.

Тынчтыкбек Конушбаев - бизнесмен, эс алуу, мебель өндүрүүчү, курулуш жаатында иш алып барган көп тармактуу "Байтур" корпорациясынын президенти.

Урматбек Самаев жана Асылбек Дамирбек уулу - көк бөрүчү жана грек-рим күрөшү боюнча спортчулар.

Исланбек Сарсеитов - ишкер, ири трассаларды ремонтто боюнча "Империя Групп" ЖЧКУсун башкарат.

Айтоор, фракциянын курамы дээрлик ишкерлерден турат.

Даниэль Кадырбековдун пикиринде VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш күн карама болуп жатканынын себебин анын дээрлик ишкерлерден турганынан издеш керек.

"Парламент азыр марионеттик бир инструмент болуп калды. Авторитардык бийликте эгер сенин бизнесиң же мүлкүң болсо сен лидер болуп жаткан топко кошулушуң керек. Антпесең сенин бизнес-мүлкүңдү тартып алат",- деп баса белгиледи Даниэль Кадырбеков.

"Пайдасына караганда кесепети көп"

Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев 2016-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүү жана Кумтөр сыяктуу эң орчундуу маселелерде парламент мамлекет, керек болсо улут кызыкчылыгын коргоого жарабаганын моюнга алат.

"Парламент улуттук кызыкчылыкты коргоодо парламент боло алган жок. Элдин кызыкчылыгын коргой алган жок. Бул парламенттин пайдасына караганда кесепети көбүрөөк болуп калгандай. Мурунку чакырылышта "Ата Журт", "Ар-Намыс" фракциялары бар эле. Аларда күчтүү мамлекетчил адамдар бар эле да. Олигархия саясатка келгенде бүттү, ал жакта атаандаштык саясат чыкпайт. Ал жерде демократия фиктивдүү мүнөздө болот", -деди Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев.

Ал мындай шартта парламент жөн эле көрсөтмө пайдаланарыларын белгиледи.

Тарыхтагы эң жаш парламент

Ошентсе да депутат учурдагы парламенттик чакырылыш соңку 25 жылдагы эн жаш парламент экенин белгилейт.

"Учурдагы парламенттин орточо жашы 46 жаш. Мүмкүн бир-эки жылда саясий аң-сезим өзгөрөт. Аларда бийликтен кысым көргөндөн кийин, балким, намыс ойгонот. Бул парламентти мен таптакыр колунан эчтеке келбейт деп айта албайм. Мүмкүн саясий эрки, намысы ойгоно турган кези келет. Мурункудай партия-партия болуп бөлүнбөй пикирлештер болушат. Ал башкаруучу партиябы же оппозициябы, адилеттүүлүк үчүн адам бирдей көруш керек да. Бул парламент саясий жагынан эки колун көтөрүп кала берет деп айтпаш керек"- деди Каныбек Иманалиев.

Ал мындай шартта парламент жөн эле көрсөтмө пайдаланарыларын белгиледи.

Кылмыш иши козголгон депутаттар

2015-жылдан бери VI чакырылыштын депутаттарына карата жалпысынан тогуз кылмыш иши козголгон. Алар: КСДПдан эки (Музаффар Исаков, Нурмахамат Баяхунов ), "Республика - Ата-Журттан" бир (Өмурбек Бабанов), "Кыргызстандан" бир (Канатбек Исаев), "Бир Болдон" эки (Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаров) жана "Ата Мекенден" үч (Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов) депутатка кылмыш иштери козголду. Алардын айрымдары саясий куугунтукка тушукту деген менен жалпы курам сапаты тууралуу байма-бай сындар айтылып келет.

Анын себеби, арасында 2010-жылга чейин бийик бийлик сересинде жүргөн, спорттон же бизнестен келген, мурункусу табышмактуу адамдар арбын.

Эми Казакстанда аткезчилик үчүн шектелип кармалган "Кыргызстан" фракциясынын депутат Асылбек уулу Дамирбектин үстүнөн учурда тергөө жүрүп, ал жыйынтыкталгыча депутат эки ай камакта болмокчу.

Бул депутаттын өзбек крим төбөлдөрү делген адамдар менен буга чейинки чогуу түшкөн сүрөтү жана анын социалдык желелерде тарашы да сын сөздөргө жем таштады.

Ал арада бүгүн Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана анын кесиптештери менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен казак Мажилисине кат жолдоду.

Парламентте КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш курамын шайлоо маалында ириде эл курарын белгилеп, бирок партия жетекчилигинде да жоопкерчилик бар экендигин моюндады.

"Ар бир партия өзүнүн тизмесин тузүп жатканда кандай адамдам тизмекке кирип жатат, ал адамдар партиянын программа-идеологиясына жооп береби ошону караш керек. Мисалы, КСДПда мугалимдер, врачтар, ар кандай социалдык топтордон адамдар бар"- дейт КСДП фракция өкүлү Айнуру Алтыбаева.

Парламентти өнүктүрүү стратегиясы

2016-жылы октябрда парламент Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын кабыл алып, анда парламенттин ишинин артыкчылыктуу багыттары, планы такталган.

Парламенттин ишине көп жылдар бою мониторинг жүргүзүп, анализ жүргүзүп келген Кыргызстандагы "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова аталган стратегияга ичи чыкпаганын билдирди.

"Ал стратегия ачыбаган камырдай. Абдан сабатсыз жазылган документ. Максаттары жакшы такталган эмес. Мурунку бир бюрократ чиновниктер жазган документтей. Парламентаризмди өнүктүрүү боюнча эч нерсе жок. Бул стратегияны жакшылап караш керек. Кыргызстанда дегеле парламенттин ролу кандай? Ал беш-он жылдан кийин эмне болот?",- деди Исмаилова.

Жарандык коом өкүлү парламенттин сапатын жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти, ириде, партияларга жүктөйт.

"Эгерде саясий партиялар мүчөлөрү менен иштеп парламентке барыш кандай, талапкер депутаттын программасы кандай болуш керек, эмнелерди чечиши керектигин тактаса. Анан ошону саясий партия мүчөлөрү ортосунда бөлүштүрүп колдобосо болбой калды. Партиялык тизме деген Кыргызстанга накта саясий коррупцияны, криминал менен байланышкан олигархтык элге каршы системаны алып келет", - дейт Төлөйкан Исмаилова.

2015-жылы октябрда өткөн парламентти кшайлоо жыйынтыгында парламентке алты: КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиясы келген.