Чек арадагы жаңжалда эки тараптан тең оор жаракат алгандар бар

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесиндеги 8-майда болгон жаңжалда ок тийген кыргызстандык аскер кызматкеринин биринин абалы оор экени айтылды.
Жаңжалдан төрт киши ооруканага түшкөн, анын үчөө аскер кызматкери. Баары октон жабыр тарткан. Эки жоокердин абалы жакшы деп кабарланды. Ал эми жергиликтүү тургунга биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилди.
"1994-жылы туулган аскер кызматкери кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан улам жаракат алган. Курсак жана жамбаш сөөгүндө да ок атуудан алган жаракаты бар. Операция жасалды, абалы өтө оор деп бааланууда. 1995-жылы туулган аскер кызматкери болсо көкүрөк тушуна октон улам жаракат алган. Операция жасалды, абалы орточо оор, туруктуу. 1996-жылы туулган аскердин көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатына баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу", - деп кабарлады Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткенге жөнөп кеткенин өкмөт билдирди.
"Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматкерлери дарыланып жаткан ооруканага барат. Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонгон окуяга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрөт",- деп айтылды расмий маалыматта.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тажик тарап Чоркунун Куммазар айылынын эки тургуну оор абалда экенин айтууда. Бул тууралуу Sputnik Тажикистан сайтына Исфара шаар бийлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Икбол Тешаев маалымат берген.
Тажик тарап жаңжалды кыргызстандык тургундар баштап, алар жүгөрү эгилген 4 гектар жердин 60 сотыхын ээлеп алууга аракет кылган деп айтууда.
"Куммазар тургундары буга нааразы болуп, Кыргызстандын жарандарына каршылык көрсөткөн",- деп айтып берген Тешаев. Анын айтымында, тараптар жаңжалдашып жатканда Кыргызстандын чек арачылары тажик жарандарын көздөй ок чыгарып, буга жооп кылып тажикстандык чек арачылар дагы жаңжалга аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районунун Чек деген жеринде кыргыз-тажик жарандары 50 сотых жер талашып, чатакташа кеткенин билдирген эле. Талаштуу тилке такталбаган аймакта саналганы менен аны кыргыз тарап пайдаланып келген, деп айтылат расмий маалыматта. Тажик тарап бул боюнча маалымат бере элек.
"Эки тараптан 30-40 киши чогулуп, бири-бирине таш ыргытып, аңчылык куралдан ок атылган. Кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бир нече убакытка кырдаал тынчый түшүп, чек арадагы конуштарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган. Бирок күтүүсүз жерден Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларын көздөй минометтон ок чыгарган",- деп айтылды Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Акыркы беш жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында мамилелер оор сыноого түштү. Бул жолу дагы эки тарап бирин-бири айыптап жатат. Жаңжалдан кийин кайрадан расмийлердин сүйлөшүүлөрү жүрүүдө.
2019-жылы мамлекеттик чек ара тилкесинде ар кандай мүнөздөгү 16 чыр-чатак катталган. Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара чатагы катталып, каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Тараптар ар бир жаңжал сайын жолугушууларды өткөрүп, чек ара чатагын алдын алуу боюнча убада бергени менен, чыр-чатак токтогон жок.
Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов буга чейинки интервьюсунда тараптар бири-бирине кыр көрсөткөн абалга өтүп алды деген эле.
"Менимче, сүйлөшүүлөр башка нукка өтүп кетти. Дипломатиялык эмес, бири-бирине кыр көрсөтүүгө өтүп алды. Өткөн жылдарда эл алдына чыгып алып, "биз тажиктерге бир метр дагы жер бербейбиз" деп жиберишти. Ошол эле күнү тажиктерден дагы ушундай нуктагы сөз айтылды. Бул өзү сүйлөшүүлөрдүн эрежесине жат нерсе. Себеби "беребиз, бербейбиз" деген сөз чек араны тактагандан кийин чыгыш керек. Тактала элек жер болсо, эки тарап тең биздин жер деп турса, аны бербейм деп айтууга болбойт. Сүйлөшүү жүрбөй эле күч сынашууга өтүп калып жатпайбы. Эки тарап биргелешип "дагы тактала элек канча жерибиз калды" деп, аныктоо иштери жүрбөй калды да. Аныкталбагандан кийин сүйлөшүүнүн өзү да майнапсыз болот",- деген эле Би-Би-Сиге Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов.
2019-жылдын декабрь айында эки киши октон жараат алып, бул чырдан кийин кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесине жергиликтүү тургундарды аралаштырбай, тиешелүү органдардын гана иш алып баруусу тууралуу сүйлөшкөн. Бирок кайрадан эле чек ара чыры жергиликтүү тургундар ортосунда чыкты. (AbA)












