Министр С.Абдикаримов: вирусту үчүнчү баскычка жайылтпашыбыз керек

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдкаримов эпидемия учурунда дайындалды

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдкаримов эпидемия учурунда дайындалды
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жасалма эпидемия жаратылды деген коомдук тармактардагы жалган маалымат менен элди жайбаракат жүрүүгө түртүү туура эмес. Ар бир жаран өзү жана башкалар үчүн сак болуш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Би-Би-Сиге билдирди. Министр негизги максат вирусту үчүнчү баскычтагы адамдарга жайылтпоо деди.

Би-Би-Си министр менен маек куруп, адегенде тест реагенттердин саны боюнча сурады.

С.Абдикаримов: Беларустан тест системанын 10 реагенти келди. Ар бир томтом 220 лабораториялык изилдөөгө жетет. Ошондо 2200 чамалуу изилдөө жүргүзгөнгө болот.

Би-Би-Си: Сиз 3-марттагы брифингде 17 миң 900дөн ашык кишинин 9000ден көбүнүн, башкача айтканда болжолдуу жарымынын анализи жасалып, калганы тест жетишпегендиктен турат дедиңиз. Ал адамдар азыр кайда?

С.Абдикаримов: Жаңы маалыматка ылайык айтайын. 6-апрелге 19783 үлгү алынган, анын ичинен 11856 изилдөө жүргүзүлдү. Калганы сакталып турат, эки-үч күндүн ичинде аягына чейин чыгабыз.

Бейтапкана

Сүрөттүн булагы, Official

Булар үйүндө, ооруканада жаткандар менен байланышта болгон кишилер. Биз үйдөгү жарандардыкын экспресс-тест менен жасайбыз.

Медицина кызматкерлеринин коопсуздугу баарынан маанилүү

Би-Би-Си: Вирусту жуктурган медицина кызматкерлеринин абалы кандай?

С.Абдикаримов: Баарынын абалы жакшы. Кээ бирлеринде оорунун белгиси такыр жок, бир-экөөсүнүн гана дене табы көтөрүлүп жатат. Алар вируска каршы дарыларды алууда жана клиникалык белгилерине жараша дарыланууда.

Би-Би-Си: Медицина кызматкерлеринин коопсуздугу орчундуу маселе болуп турат. Коопсуздук чаралары канчалык ишенимдүү көрүлүп жатат?

С.Абдикаримов: Өздүк гигиенаны сактаганга, өздөрүн коргогонго окутулуп жатат. Беткап, колкап кийип, эч ким менен байланышта болбой, кийимдерин үйүнө жибербей жана үйүнөн тамак-аш алдырбай турушат. Бир жолу колдонулчу идиш-аяктан ооруканадан тамактанышат.

Бейтапкана

Сүрөттүн булагы, official

Би-Би-Си: Коргонуучу каражаттары жетиштүүбү?

С.Абдикаримов: Баары жетиштүү. Келген гуманитардык жардамды да биринчи ирет жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү медициналык кызматкерлерге, экинчи болуп үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, бактериологдорго, инфекционисттерге, вирусологдорго, кыскасы ким очокто болсо ошолорго таратып жатабыз.

Медицина кызматкерлери ыраазы кылындыбы?

Би-Би-Си: Аларга каражат бөлүнгөнү айтылган. Кошумча айлык ар бирине канча сомдон берилди жана колдоруна тийдиби?

С.Абдикаримов: Биринчи баскычта берилген каражат колдоруна тийди. Жугуштуу бөлүмүндө иштегендерге 22 миң сомдон төлөндү. Эпидемиянын очогунда иштеп жаткан санэпидем борборлордун дарыгерлерине беш миң сомдон аванс бергенбиз.

Бүгүн эсепте 34 млн сом каражат бар. Азыр жалпы канча киши иштеп жатканын, тизмесин тактадык. Эки-үч күндүн ичинде баарына кошумча айлыкты жеткирип беребиз.

Би-Би-Си: Ошондо орточо 20 миң сомдон алышабы?

С.Абдикаримов: Ошондой болот, жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендерге 40 миң сомго чейин жеткиребиз.

Бейтапкана

Сүрөттүн булагы, official

Би-Би-Си: 6-апрелге карата вирусту жаңы жуктургандардын саны 69 киши болду. Дарыгерлердин саны жетиштүүбү?

С.Абдикаримов: Баарын эсептеп койгонбуз. Азыр дарыгерлер жетиштүү. Эгер жетишпей турган болсо, билим берүү мекемелериндеги жогорку билимдүү адистерди тартабыз. Анчалык эле жетпей баратса, медициналык окуу жайдагы жогору курстун студенттерин чакырабыз. Андан сырткары жеке бейтапканалардын адистери да бар, аларды да кошобуз.

Мигранттарга чама жетеби?

Би-Би-Си: Чет жерде миңдеген кыргызстандыктар, анын ичинде Орусияда расмий эсеп боюнча 600 миңден ашык, башка эсептерге ылайык бир миллиондой жаран бар. Алар келсе караганга ресурс жетеби?

С.Абдикаримов: Жетет. Кайсы өлкөдөн келбесин "Манас" аба майданында адамдарды териштирип, бөлөбүз. Ошол жерде 1000 орундуу обсервация даярдап жатабыз. Вирус аныкталчу болсо 140 орундуу бейтапкана камдалууда. Андан сырткары шаарда үч-төрт мейманкана бар, ошол жерлерге жаткырып, баарын обсервациядан өткөрөбүз. Оорунун кичинекей эле белгиси болсо же экспресс-тесттен билинсе ПЦР анализ жасайбыз. Андан кийин обсервациясы бүткөндө үйүнө чыгарабыз.

Covid-19 канчалык кооптуу?

Би-Би-Си: Covid-19 вирусу тууралуу жергиликтүү эл арасында түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Бул илдет канчалык коркунучтуу?

Медицина кызматкери

Сүрөттүн булагы, official

С.Абдикаримов: Коркунучтуу оору экени көрүнүп жатпайбы. Дүйнө жүзүндө чалдыккандардын саны бир миллиондон ашты, 70 миңден ашыгы набыт болду, 200 чамалуу өлкөгө таркап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия деп эсептеди. "Оорулардын эл аралык классификациясы 10" деген бар, коркунучтуу илдет катары ага да кирди. Аба аркылуу тез жайылчу оору болгондуктан абдан кооптуу.

Би-Би-Си: Коомдук тармактарда бул "жасалма эпидемия, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгында апыртылып жатат" деген пикирди кармангандар аз эмес экенин көрүп жатабыз.

С.Абдикаримов: Андай эмес. Бул бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө чыгып жатат. Италиядагы, Ирандагы, Америкадагы абалды көрүп жатпайбызбы. Абдан өнүккөн Жапонияга жетип, Кытайда пайда болду, канча кишилер набыт болуп кетти. Бизге келгенден бери төрт киши каза болду. Ушул белги эмеспи?

Ар бир киши буга маани бериш керек. Жалган сөздөргө ишенбеш керек. Мындай жалган сөздөрдү айтып, элдерди жайбаракат жүрүүгө түрткөнгө болбойт.

Ар бир киши өзүнүн жоопкеричилигин сезиш керек. Өзүнүн ден соолугу жана башкалар үчүн камкордук көрүш керек. Маселеге аң-сезимдүү мамиле жасап туруп тыянак чыгарыш керек.

Коронавирустун кылычы качан сынат?

Би-Би-Си: Вирустун жайылышы качан басаңдайт деген суроо азыр көпчүлүктүн оюнда турат.

С.Абдикаримов: Бул учурда токтотом деп эч ким айта албайт, ал үчүн олуя болуш керек. Биринчи жумуш - сырттан жугузуп келгендер жана алар менен байланышта болгон биринчи категориядагыларды такташ керек, бул үй-бүлөсүндөгү адамдар. Негизги максат - үчүнчү баскычка өткөрбөш керек. Ошондуктан биз бардык шарттарды экинчи баскычтагыларга багыттайбыз.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдкаримов Кытайдын жардамын алып жаткан учур

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдкаримов Кытайдын жардамын алып жаткан учур

Би-Би-Си: Азыр үчүнчү баскычтагылар табылган жокпу?

С.Абдикаримов: Табылганы эми табылып жатат. Бирок алар азыр саналуу гана.

"Ачык иштейм"

Би-Би-Си: Сиз кызматка жаңы киришкенден бери коомдук тармактын колдонуучулары дарегиңизге сындарды айтып жатышат. Аларды жалпылай турган болсок, ачык айкындык болобу деген шектенүүлөр бар. Буга кандай жооп берет элеңиз?

С.Абдикаримов: Шектенүүгө негиз жок. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген кыргызда макал бар. Ушул принциптемин. Болбосо бүгүн 69 учур катталды деп айтмак белем? Маалымат ачык-айкын, аны ойлонбой эле коюшсун. Биз кандай болсо ошондой беребиз. Маалыматтар облустардан келет. Кечки саат бештен кийинки күнкү бешке чейин маалыматты топтоп туруп бир беребиз.

Бизге азыр баардык нерсенин ар бир мүнөтү баалуу. Канча киши жуктурса ошону убагында таап, тез арада обочолонтуш керек. Оорунун булагын табуу маанилүү. Жумушубуздун негизги багыты ушул.