Коронавирус: Кыргызстан эки районго өзгөчө кырдаал абалын киргизди
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, эрте мененки саат тогузга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы үч жаӊы учур катталган. Жаӊы очоктор Ош облусунун Ноокат районунда аныкталган.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны алты кишиге жетти. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда, деди расмийлер.
"Кооптонууга негиз жок, карантинди сактап, көп эл чогулган жайларга жана иш-чараларга барбай, эгерде кандайдыр бир оору белгилери байкалса, үйдөн чыкпастан тез жардам кызматына байланышып, медиктердин сунуштамаларын так аткаруу кажет", - деп билдирди министр.
Учурда обсервацияда 410 киши бар. Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 2290 орундук даярдалган. Кичи ажылыктан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Ноокатка өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Айрым айылдарга кирип-чыгууга чектөөлөр кирип, жолго тосмолор коюлуп жатат.
"2020-жылдын 20-март күнү Ноокат районунунун аймагына өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан райондун аймагындагы Жаӊы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган посттор менен бирге жалпы 35 жерге блок посттор коюлду. Мындан ары бул жерлерде 24 саат боюу тынымсыз түшүндүрүү иштери улантылат. Бул иш чаранын негизги максаты - элибиздин ден соолугуна кам көрүп , коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу болуп саналат. Ошондуктан, урматтуу Ноокат районунун тургандары жана коноктору! Коронавирусту жоюу аракеттерине сый урмат менен карап, блок посттордогу өз милдеттерин аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарды суранабыз. Убактылуу ыӊгайсыздыктарды жараткандык үчүн кечирим сурайбыз",-деп билдирүү жасады Ош облустук милициясы.

Сүрөттүн булагы, Official
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:
- коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объекттерди коргоо күчөтүлсүн;
- эл көп чогулган объекттердин ишмердүүлүгү токтотулсун;
- райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.
Covid-19: биринчи учур
Эки күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус катталган. Расмийлер коронавирус Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганын ырастаган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, алар 12-мартта учуп келип, үй көзөмөлүндө турган. Сауд Арабиясына кичи ажылык зыярат үчүн барышкан экен. Алар менен чогуу учакта бирге келген 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды деген саламаттыкты сактоо министри.
"Сакина групп" туристтик фирмасы 26-февралда 46 кишини Сауд Арабияга умрага жөнөтүп, 12-мартта келишкенин Би-Би-Сиге билдирген эле.
Бул фирманын кардарларынын баары ушу тапта карантинде.
"Алар келгенде аба майданда текшерип, байланыштарын адрестерин жазып калышкан. 18-мартка караган түнү кардарлардын баарын таап, карантинге жаткырууга көмөктөштүк",- деди фирманын өкүлү Максат Чалов.
Максатбек Чаловдун айтымында, ошол күнү эки каттам келген. Анда болжол менен жалпы 290 киши учуп келген.
Коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон тургундар Сузак районунан экени аныкталып, бир катар айылдарга өзгөчө кырдаал киргизилген. (AbA)












