Умрадан келгендер үй карантинине алынган эмес

"Манас" аба майданы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба майданы
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан учурда Сауд Арабиясына умрага барып келгендерди жана вирусту жуктурган үч киши менен байланышта болгон жарандарды тактап жатат.

Сауд Арабиясынан 12-мартта "Эйр Абария" авиакомпаниясынын учагы Бишкекке келген. Өкмөттүн маалыматына ылайык, анда 135 киши бар болчу. Өкмөт өкүлдөрү 18-март түштөн кийин алардын баары табылып, текшерүүгө алынганын билдирди. Ага чейин аталган учактагы 90 киши карантинге алынып, 45 киши изделип жатканын билдирген эле.

12-мартта умрадан келип, карантинге алынган жарандардын бири Бишкектеги "Ак кеме" мейманкасында жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

"Биз канча киши жатканыбызды деле билбейм, бир бөлмөдө экиден адам бар. Бизге 17-март күнү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан келишип, абалыбызды сурап тез жардам менен алып келишти. Коронавирустун белгилери жок. Бирок азыр жаз мезгилинде сасык тумоо да жүрүп жаткандыктан кичине жөтөлүп калабыз, кайра жакшы болуп калабыз", - деген Би-Би-Синин маектеши 18-мартта саат 15:00гө чейин алардан анализ алына электигин айтты.

"Ак-Кеме" мейманкасындагы бөлмө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ак-Кеме" мейманкасындагы бөлмө

Аталган жаран өзү менен кошо Сауд Арабиясына энесин жана эки тууганын алып барган.

"Биз келгенде аба майданынан текшеришти, оозубуздан мазок алышты. Бирок үйдө карантинде болгула дешкен жок. Биз бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынан укуктук. 12-марттан бери менин анализимдин жыйынтыгы жөнүндө билдиришкен жок. Эгер бизде вирус болгон болсо, андан бери көп адам менен учураштык, сыртка чыктык", - деди аталган жаран.

Карантинге алынган кыргызстандык 23-февралда Сауд Арабиясына баратканда вирус Жакынкы Чыгышка, Европага тарай элек болчу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия деп жарыялабагандыктан кеткенбиз дейт.

"Ак-Кеме" мейманканасындагы бөлмө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ак-Кеме" мейманканасындагы бөлмө

"Ал учурда вирус Кытайда гана жайылып жаткан. Сауд Арабияга Ирандан келиптир. Биз ал жакка баргандан кийин карантин башталды. Ошондуктан 10-мартта уча албай, 12-мартта учуп келдик. Сауд Арабиянын айтымында, биз учкан "Эйр Арабия" компаниясы Иранга каттагандыктан биздин кайтышыбызга токсоолдук жаралды. Ал эми Иранга каттабаган "Флай Дубай" сыяктуу компаниялардын каттамдары жүрүп жатты", - деди Би-Би-Сиге атын жашыруун калтырууну өтүнгөн жаран.

Ал кошумчалагандай, Меккеден жалалабаддык жана сузактык бир нече жаран менен чогуу келишкен.

Бишкектеги "Сакина групп" туристтик фирмасы 26-февралда 46 кишини Сауд Арабияга умрага жөнөтүп, 12-мартта келишкенин Би-Би-Сиге билдирди.

Бул фирманын кардарларынын баары ушу тапта карантинде.

"Алар келгенде аба майданда текшерип, байланыштарын, адрестерин жазып калышкан. 18-мартка караган түнү кардарлардын баарын таап, карантинге жаткырууга көмөктөштүк",- деди фирманын өкүлү Максатбек Чалов.

"Манас" аба майданындагы атайын бөлмө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба майданындагы атайын бөлмө

Чаловдун айтымында, ошол күнү эки каттам келген. Анда болжол менен жалпы 290 киши болгон.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков 135 кишинин баарынан анализ алынганын 18-мартта саат төрт чамасында билдирди.

"Баарын таптык, анализдер алынып, обсервацияда жатышат. Умрадан акырында келгендерди, алардын тегерегиндегилерди, учурашып байланышта болгондордун баарын издеп жатабыз. Алар аныкталууда", - деди Исаков.

Сауд Арабия кичи ажылык сапарына 27-февралда тыюу салды. Сөз болуп жаткан кыргызстандыктар умрага барып келген акыркы жарандар. Башкы санитардык дарыгердин айтымында, Кыргызстан боюнча жалпы миң чамалуу киши Сауд Арабиясына барып келген.

Мурдагы аскердик базанын имаратында эл карантинге алынган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы аскердик базанын имаратында эл карантинге алынган

Кыргызстанда Ковид-19 вирусуна үч жарандын кабылганы тастыкталды. Алардын баары бир үй-бүлөдөн. Өкмөттүн маалыматына ылайык, алар 2000 чамалуу киши менен байланышка барган болушу мүмкүн.

Учурда Жалал-Абад шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатышат. Соңку маалыматтарга ылайык, Сузак районунун Орто Азия , Благовещенко жана Бостон айылдары тосулуп, карантинге алынды. Райондо өзгөчө кырдаалдар абалы жарыяланды. Бирөөлөрдүн кирип же чыгуусу чектелди.

Кыргызстанга да чет жердик жарандар эми кире албайт. Массалык иш-чараларга милдеттүү түрдө тыюу салынды.