Шайлоо-2020: Мыйзам бузууга кандай чаралар көрүлөт?

Сүрөттүн булагы, AFP CONTRIBUTOR
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда добуш сатып алуу жана аттандаштарынын үгүт материалдарын жок кылуу - шайлоолордо болуп келген негизги мыйзам бузуулар. Эми аларга жаңы кодекстер аркылуу чара көрүлөт. Одоно мыйзам бузууларга өзүнчө кылмыш жоопкерчилиги дагы каралган.
БШК бүгүн ИИМ кызматкерлерин шайлоодо мыйзам бузууларга чара көрүүгө окутту. Добуш берүү күнү ар бир шайлоо участкасына экиден милиция бекитилет.
" Милиция тартипти шайлоо күнү көзөмөлдөйт. Шайлоочулар тизмеси жана добуш берүү шаймандары жеткизилгенден тарта эле кайтарууда болот. Шайлоо участкаларынын ичинде болуп жаткан эреже бузууларды БШК көзөмөлдөсө, милиция сырттагы тартипти көзөмөлдөйт", -деди Би-Би-Сиге ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Исмаилов.

Шайлоо күнү мыйзам бузулса, ал фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынат.
Шайлоо эрежелерин бузгандарга негизги үч документ менен чара көрүлөт.
Үгүт эрежелерин бузуп (баннер айрып, өрттөп), атаандаштарын каралап, жалган маалымат тараткандарга жаза Бузуулар кодексинде каралат. Ага ылайык, 7 миң сомдон 35 миң сомго чейин айып пул салса болот. Эгер каралоо ММК аркылуу жүрсө, жазасы 55 миң сом болот.
"Бир саамалык кирип атат, Бузуулар кодексиндеги жети берене боюнча арыздарды мындан ары БШК өзү карайт, мурда аны ИИМ карачу, мыйзам бузууга барган жаран кызмат адамы болсо, прокуратура жооп кылчу", -деди эксперт Бегалы Пирманов.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Башка бирөөнүн атынан добуш берем дегендерге Жоруктар тууралуу кодексте 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып каралат.
Добуш сатып алуу аракетине чаралар катаал: Кылмыш кодекси менен беш жылга чейин эркинен ажыратылып же 260 миң сомго чейин акча төлөп калышы мүмкүн. Ким кимге добуш бергени тууралуу сыр ачыкталса, 2,6 жылга кесилип, же айыбына жараша 220 миң сомго чейин айып пул салынат. Шайлоо фондунда көрсөткөн акчадан тыш каражат жумшоо да олуттуу кылмыштарга кирди, жазасы - 5 жыл же 100 миң сомго барат.
"Саясий партиялардын шайлоо фонду Ош менен Бишкекте 15 миллион сомдон ашпашы керек. Калган шаарларда 5 миллион сомдук чек каралган", -деп тактады БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Ал жергиликтүү кеңештерге карата үгүт жараяны 12-мартта башталарын билдирди. Ага чейин үгүт учурунда жана шайлоо күнү ИИМ, прокуратура жана БШК өкүлдөрүнөн турган координациялык ыкчам топ катталган мыйзам бузууларга чара көрүп турат.








